Аймак

SIPRI: ОРУСИЯ КОРГОНУУГА КӨП КАРАЖАТ ЖУМШАГАН БЕШ ӨЛКӨНҮН КАТАРЫНА КИРДИ

SIPRI: ОРУСИЯ КОРГОНУУГА КӨП КАРАЖАТ ЖУМШАГАН БЕШ ӨЛКӨНҮН КАТАРЫНА КИРДИ

 866 Бардыгы /

Орусия коргонуу үчүн көп акча короткон беш өлкөнүн катарына кирди.

Москва 2019-жылы аскердик чыгымдар үчүн 65 миллиард доллар жумшаган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга көп. Бул тууралуу Стокгольмдогу Тынчтыкты иликтөө эл аралык институтунун (SIPRI) баяндамасында айтылат.

Өткөн жылдагы рейтинг боюнча Орусия алтынчы орундан төртүнчү орунга көтөрүлгөн. Буга Сауд Арабиясы аскердик чыгашаларын 16 пайызга кыскартып, төртүнчү позициядан бешинчиге түшүп калганы да себеп болгон.

Жалпысынан дүйнөдөгү аскердик чыгымдардын 62 пайызы АКШ, Кытай, Индия, Орусия жана Сауд Арабиясына туура келет.

Коргонууга эң эле көп каражатты АКШ коротот – 732 миллиард доллар. Кытай 261 миллиард доллар аскердик бюджети менен экинчи орунда турат. Бээжин соңку он жылда аскердик чыгымдарын 85 пайызга көбөйткөн. Куралданууга 71 миллиард доллар бөлүү менен Индия үчүнчү саптан орун алган.

Батыш Европада Германиянын аскердик чыгашалары көп. Өткөн жылы өлкө коргонуу бюджетин 10 пайызга көбөйткөн.

Стокгольм институтунун иликтөөсүнө караганда, 2019-жылы дүйнөдө аскердик чыгашалар 1,9 триллион долларды түзгөн. Бул 2008-жылдагы экономикалык каатчылыктан берки эң жогорку көрсөткүч.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17