Аймак

ТАЖИКСТАНДА 20ДАЙ СОТТОЛУУЧУ КАРАНТИНГЕ АЛЫНДЫ

ТАЖИКСТАНДА 20ДАЙ СОТТОЛУУЧУ КАРАНТИНГЕ АЛЫНДЫ

 1,313 Бардыгы /

Душанбе түрмөлөрүндөгү жыйырмадай соттолуучу дене табы көтөрүлүп жатканына даттанышкандан кийин карантинге алынды. Бул тууралуу 27-апрелде Тажикстан Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров билдирди.

«N1 жана N2 түрмөлөрүндөгү соттолуучулар дене табы көтөрүлүп жатканына даттанышкан. Дарыгерлер алардын ангина менен ооруганын билдиришти. Маалым болгондой ооруган кишилердин баары орозо кармап жатышкан жана муздак суу ичишкен», – деди ал.

Мансуржон Умаров карантинге алынган кишилерде пневмониянын белгилери жок экенин кошумчалады. Анын айтымында, бардык түзөтүү мекемелери күнүнө үч-төрт жолу дезинфекцияланууда.

Бул арада “Тажикстан кайра жаралуу партиясынын” камактагы мүчөсү Рахматулло Ражабдын кызы атасы бир нече күндөн бери ооруп, дене табы жогору болуп жатканын тастыктады.

Бозгундагы тажик оппозиционерлери буга чейин Душанбени түрмөдө отурган 60 жаштан жогорку кишилерди эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

Тажикстандын Юстиция министрлиги 31-марттан тартып түрмөдө жолугушууларга убактылуу тыюу салган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17