Аймак

Жеңиш ДЖОРОБЕКОВ: “КОМЕНДАТУРАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ ЭЛДИ ИЛДЕТТЕН САКТОО БОЛГОН”

Жеңиш ДЖОРОБЕКОВ: “КОМЕНДАТУРАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ ЭЛДИ ИЛДЕТТЕН САКТОО БОЛГОН”

 2,327 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал режими жарыяланды жана анын коменданты болуп Жеңиш Джоробеков дайындалган. Өзгөчө абал 15-апрелге чейин болмок, бирок пандемияга байланыштуу 30-апрелге дейре узартылган. Ал эми 30-апрелде Сузак районунда өзгөчө абал режими алынып, Жалал-Абад шаарында бул 10-майга чейин күчүндө калган. Албетте оорунун алдын алууда жана ага бөгөт коюуда өзгөчө абалдын шарттарын көзөмөлдөгөн комендатуранын ишмердүүлүгү алкоого арзыйт. 47 күнгө созулган карантиндик мөөнөттө комендантуранын аткарган иштери боюнча комендант Ж.Джоробеков менен маек курдук.

-Саламатсызбы? Айтсаңыз, кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл эмеспи. Таажы илдетине байланыштуу чектөөлөр киргизилгенде эл кандай кабыл алды?

-Саламатчылык. Ооба, абдан жакшы суроо менен маегибизди баштадык, кыргыз элибизден айланса болот, уюткулуу тарыхы бар, башынан көп кырдаалды өткөргөн элибиз бул ирет да киргизилген чектөөлөрдү жана коюлган талаптарды туура түшүнүү менен кабыл алышты. Керек болсо, биздин колубуз жетпеген көпчүлүк айылдарда самоизоляцияга өтүшүп, айыл кире бериштериндеги жолдорун жаап, ыктыярчылар күн-түн дебей шлагбаум сыяктуу тосундарда сырттан бөлөк тургундарды киргизбей, дезинфекция иштерин жүргүзүшүп жатышты.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген аймактарда алгач ишти эмнеден баштадыңыз?

-2020-жылдын 25-март күнү Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы өз ишмердүүлүгүбүздү баштадык. Комендатура негизинен өзгөчө абал кирген аймакта иш алып барды. Алгач эле комендатуранын штабын жайгаштырып, кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү менен жана абал боюнча илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо (контакт) аракеттерин көрдүк. Ооруга чалдыккандарды дарылоо боюнча жеринде жакындан таанышып, так маалымат алып, кырдаалга жараша баа берип, кийинки күнгө аткара турган жумуштардын мерчемин түзүү менен башталды. Комендатуранын эң негизги максаты – элдерди илдеттен сактоо жана алдын алуу болгон, бул багытта өлкө башчыбыз тараптан коюлган тапшырманы толугу менен  аткара алдык. Биз тараптан коюлган чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алып, илдетти биргеликте жеңип чыккан элиме терең ыраазычылык билдиремин.

-Милиция менен коомчулуктун алакасы кандай болду? Бул мезгил аралыгында милиция кызматкерлери тарабынан кандай иштер аткарылды?

-Милиция, куралдуу күчтөр, медицина жана бир топ ушул багытта иш алып барышкан кызматтарга алдын ала ыраазычылык билдирип өтөмүн. Биздин кызматкерлер менен коомчулук алгачкы күндөн тартып эле жакшы мамиледе болуп, абалга жараша бирин-бири түшүнүү менен кабыл алып, ынтымак ортосундагы алакада болдук десем жаңылышпаймын.

Анткени милиция тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, коомдук тартипти жана жеке гигиенаны сактоого чакыруу менен эл арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келдик. Ошону менен катар карантинге алынган аймактарда күзөт өтөп жана обсервациялык мекемелерди кайтарууга алдык. Түнкүсүн коменданттык сааттын эрежелерин бузган атуулдарга тиешелүү чараларды көрүп, мыйзамдуу иштерди алып бардык. Натыйжада коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жана илдеттин алдын алууда мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алдык.

-Өзгөчө абалдын эрежелерин бузган жарандарга кандай чаралар көрүлдү?

-Жалпысынан 500дөн ашуун жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузган болсо, анын 300дөн ашуусуна (3000 сомдон) айып пул салынган. Белгилей кетүүчү жагдай, айып төлөө боюнча чыгарылган мыйзам 4-апрелден баштап күчүнө кирген. Ошол себептен баарына айып салынган эмес же болбосо 4-апрелге чейин кармалгандар шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, коменданттык саат аяктаган соң кайра коё берилип турган.

-Кыйын кырдаалда алдыңкы катарда жүргөн милиция кызматкерлерин вирустан коргоо боюнча кандай чаралар көрүлдү?

-Алгач баса белгилей турган жагдай, ушул оор күндөрү оору чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина, санитардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматкерлердин эмгеги эбегейсиз зор. Ооруга чалдыккандарды аныктоо, аларды дарылоо алар менен ошол процессте чогуу болуунун өзү да кыйынчылык. Бул илдетке, сыноого баарыбыз биринчи жолу кабылып жатабыз, ошого карабастан медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп мен комендант катары жогору бааладым.

Ал эми алдыңкы катарда жүргөн кызматкерлерге шарт түзүүдө комендатура тарабынан алгачкы күндөрү эле тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Күн сайын, ар бир “развод-инструктаж” учурунда жеке гигиенаны сактап, атуулдар менен мамиле кылууда аралыкты сактоону, коргонуучу жана антисептикалык каражаттарды колдонуунун эрежелери, беткаптарды тагуунун сааттары боюнча көрсөтмөлөр берилди жана берилүүдө. Ооба, баштапкы күндөрү жетишсиздик байкалып жатты. Бардык кызматкерди коргонуучу костюмдар менен бирдей камсыздоо кыйынга турду. Бирок алдыңкы катардагы карантиндик аймакта кызмат өтөгөн кесиптештеримдин толук кандуу иштешине шарт түзүү биринчи максат болду. Аз өтпөй бул маселелер чечилип, илдеттен коргонуучу атайын костюм-курткалар, антисептикалык каражаттар (беткап, кол кап) жетиштүү деңгээлде камсыздалды. Жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин арасынан бул илдетке чалдыккандар болгон жок деп баш көтөрүп айта аламын.

-Карантин учурунда суицид, үй-бүлөлүк зомбулуктар өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөнү маалым. Бул багытта сиз тейлеген аймакта кандай учурлар катталды?

– Ооба, бул негизинен закон ченемдүү көрүнүш десек туура болчудай, себеби өзгөчө оор кылмыштар кескин азайып, үй-бүлөлүк зомбулуктар көбөйдү. Биз анализ кылдык, 60 катталган фактыдан – 52си учурунда күйөөсү аялы менен жаңжалдашкан болсо, калган окуялар кайын журт менен келиндин ортосунда болгон араздашуулар экен. Бул анализди брифинг мезгилде да баса белгилеп, түз эфирден жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасоо менен жалпы профилактика жүргүзгөнбүз. Ал эми жер-жерлерге тиешелүү тапшырмалар берилип, милициянын участкалык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук, суицид сыяктуу кылмыш окуялардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

-Комендатуранын алдында түзүлгөн кайрымдуулук штабынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

Өзгөчө абал киргенден тартып элге ишеним телефондорубуз жарыяланган. Биз элден келген арыз муң, социалдык муктаждыктар боюнча кайрылган жарандардын суроосун жоопсуз калтырбай тыгыз иштешип келдик. Апрель айынын биринчи жумалыгынан тарта элдин арасында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн катары көбөйгөнү байкалды. Ошол эле учурда аларга мамлекет, жергиликтүү бийлик жана жеке демөөрчүлөр тарабынан колдоолор болуп жатты. Бирок белгилей кетүүчү жагдай, ал берилген жардамдар көбүн эсе алдын ала социалдык коргоо бөлүмүндө тизмеде тургандар болуп, кээ бир учурда алар келген жардамдарды бир нече жолу алып жатышты. Ал эми каттоодо жок, башка район-шаарлардан келгендер, батирде тургандар же болбосо каттоого турууга үлгүрө электер сыяктуу дагы бир катмардагы жарандарыбызга колдоолор жетпегенин  көрдүк. Ушул көрүнүштөрдүн алдын алуу, чыныгы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктү жеткирүү жана колдоо көрсөтүп жаткан инсандарды, мекеме уюмдарды бир системага түшүрүү максатында комендатуранын алдында “Бирге жеңебиз” кайрымдуулук штабы уюшулду. Бул кайрымдуулук штабга азык-түлүккө муктаж болгон жарандарыбыз кайрылуу үчүн атайын уюлдук түз байланыш телефондор түзүлүп, биргеликте жумушубузду уланттык. Аталган штабга элдин көйгөйүнө кайдыгер карабаган, кайрымдуу  жарандарыбыз кол сунушуп, демилгечи жаштардын жардамы менен жалпы – 3722 үй-бүлөгө жардам бере алдык.

-Маегиңизге чоң ыракмат!

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17