Аймак

КАРАНТИНДЕГИ ЖЕҢИЛДИКТЕР же ӨЗГӨРҮҮЛӨР

КАРАНТИНДЕГИ ЖЕҢИЛДИКТЕР же ӨЗГӨРҮҮЛӨР

 2,302 Бардыгы /

COVID-19 пандемиясынын жайылуусунун алдын алуу жана сактануу максатында 25-мартта өлкөнүн бир катар район-шаарларына өзгөчө абал киргизилген. Аны менен бир катар мекемелер өз ишин убактылуу токтотсо, башкалары аралыктан иштеп, билим берүү мекемелери дистанттык окууга өтүштү. Мына ушул убакыт аралыгында дарыкана, банк, азык-түлүк дүкөндөрү гана ишин жүргүзүп жатты. Карантин учурунда ар кайсы тармакта кандай өзгөрүүлөр орун алганын төмөндө кененирээк баяндайбыз.

Бул аралыкта банктан кредит алган кардарлар үчүн КРдин Улуттук банк башкармалыгы банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишмердүүлүгүнө убактылуу талаптар менен 2020-жылдын 18-мартында токтом чыгарган. Ал токтомдун негизинде кредиттин төлөө мөөнөтүн 3 айга узартуу сунушу киргизилген. Бул тууралуу Улуттук Банктын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы Хусейин АКИМБЕКОВ төмөнкүлөрдү айтып берди.

Абалга жараша банктар өзгөртүлгөн тартипте ишин улантып, кардарларды тейлөө жааты токтотулган жок. Токтомдун негизинде кредит алуучулар үчүн жеңилдиктеринин бири кредиттин төлөө мөөнөтү 3 айга узартуу сунушу киргизилди. Мисалы, кредитти 9 айга алган болсо, 3 айды кошуп 12 айга узартылат. Бул 3 ай аралыгында кардар кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн айып пул жана туум төлөбөйт. Бирок үч айдагы пайыздын суммасын кошо төлөөсү кажет. Бирок кээ бир жагдайларды эске алганда карантин учурунда да киреше тапкан айрым кардарлар үчүн кредиттин мөөнөтү узартылбай калышы ыктымал. Алсак булар дарыкана, дүкөн иштеткендер болушу мүмкүн. Себеби алар карантин убагында дагы киреше таап жаткандыгы менен байланыштуу. Мындан тышкары кардардын кредиттин пайыздарын убагында төлөбөгөндүгү тууралуу маалымат кредиттик маалыматтык бюросуна кирбейт. Эгер кирсе дагы COVID-19 илдетинин айынан төлөнбөй калган деп киргизилет. Кийин кардардын башка банктан кредит алган учурда эч кандай залакасы тийбейт. Банктар кредит берүү учурунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу, белгиленген формадагы документти же мамлекеттик каттоодон өтүүсүз (патент) ишкердик менен алектенгенин тастыктаган документтердин көчүрмөсүн, салык инспекциясында каттоодон өткөндүгү тууралуу тактама талап кылбайт. Андан сырткары кардардын (пенсионер же жөлөк пул алуучу) эсеби кайсыл банктан ачылганына карабастан “Элкарт” банктык төлөм карталары аркылуу башка банктын POS-терминалдарынан каражат алууда комиссия алынбайт,- дейт.

 Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден баштап өлкө аймагындагы мектеп окуучуларына дистанттык формада окутууну ишке ашырган. Бул жылы Жалал-Абад областында 9-классты 19 миңден ашуун окуучу, ал эми 11-классты 9669 окуучу аяктайт. Абалга жараша бүтүрүүчү класстардын экзамендери да дисттанттык түрдө өтүп калышы ыктымал. Бул боюнча Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Акылбек ТОКТОСУНОВ буларга токтолду.

 –Дистанттык окутуунун негизги максаты окуучулар каратин мезгилинде окуу программасын толук өздөштүрүшүн колго алуу. Аралыктан окутуу ЭлТР, Баластан, КТРК, Санат телеканалдары аркылуу берилип, окутуу толук жүрүүдө. Окуучулар кол телефондун жардамы аркылуу кайтарым байланышта болуп жатат. 4-чейректи толугу менен бүтүрүү жана окуу жылын аяктаганы жатабыз. Министрликтин көрсөтмөсү менен окуу сабактары 30-майда аяктайт. Ал эми көчүрүү экзамендери аралыктан окуп жаткандыгына байланыштуу болбойт. Бул дегени окуучулардын 3 чейрегиндеги бааларын жана азыркы аралыктан окутуудагы жетишкендиктерин салыштырып, алардын негизинде көчүрүү экзамендеринин баасы коюлат. Ал эми 9-11 класстарынын бүтүрүү экзамендери эки түрдө даярдалып жатат. Бул кырдаалга жараша эгерде 21-майдан кийин абал жеңилдеп калса экзамен жүргүзүлөт. Бирок алардын экзамендери дистанттык түрдө да даярдалууда. Андан сырткары жалпы республикалык тестке каттоо 4-майдан 14-майга чейин болду. Ал эми тестирлөө 20-25-июндарда район-шаарлардын борборундагы мектептерде өткөрүлөт, – деди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жазгы талаа иштерине байланыштуу өзгөчө кырдаал дыйкандардын ишине тоскоолдук болбойт деп 8- апрелдеги пландык басма сөз жыйынында кабарлаган эле. Штабдын, өкмөттүн да чечимдери менен тиешелүү мамлекеттик органдар ошол боюнча иш жүргүзгөн. Ал эми жазгы талаа иштери карантин учурунда облус аймагында канчалык деңгээлде жүргөндүгү тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат ИСАЕВ билдирди.

 – Бул илдетке байланыштуу азык-түлүк камсыздоонун маанилүү экендигин элдер түшүнө баштады. Буудай былтыркы жылга салыштармалуу быйыл 700 гектарга көбүрөөк эгилди. Буудайдын 111% га, ал эми арпа 108% га эгилди. Азыркы учурда жашылча жана жемиштерди эгүү иштери аяктап калды. Эң негизги талабыбыз ирригация системасын даярдоо болууда. Себеби вегетация мезгилинде суу менен камсыздоо негизги иштерден болуп саналат. Бүгүнкү күндө 95% бүт каналдарды тазалап, ички арыктардын 33 200 километри тазаланды. Башында дыйкандар айдоо жерлерге техникаларын алып өткөндө карантиндин таасири болду. Бирок областтык штаб жана комендатура менен маселени чечтик. Айыл-чарба техникаларын бир да тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча өкмөттөн да талап коюлду. Быйыл жер семирткичтен кичине көйгөй болду, анткени ал бизге импорттолот эле. Жалпысынан быйылкы жыл үчүн болжолдуу структурага ылайык 32302 тонна жер семирткич керек болот. Учурда анын 64%ы даяр. “КАПУ” Кыргыз жер семирткичтер менен жабдып туруучулар ассоциациясы аркылуу жер семирткичтер да камсыздалды. Область боюнча 14 жерде сатылып жатат. Андан сырткары күйүүчү майлардын арзандашы да дыйкандар үчүң жакшы болду. Бир гана үшүктөн зыян келтирилди, алардын ордуна кайрадан эгилди. Бирок бары бир дыйкандар үчүн бир чыгаша болду, – деди.

Карантин убагында мечиттер да жабылып, жарандар үйлөрдөн эле намаз окууга аргасыз болушту. Дал ушул убакта ыйык рамазан айы кирип келип элдерди сабырдуулукка үндөгөндөй. Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Бакытбек ТҮНКАТАРОВ карантин учурундагы мечиттердин абалы тууралуу сөз кылды.

Мечиттерде бир гана азанчы азан айтып, башкалар үйлөрүндө эле намаз окуп жатышты. Аалымдар кеңеши тарабынан №7 токтом чыгып, мечиттерде намаз окууга тыюу салынган. Ал учурларда мечиттердин эшиги жабылып, карантин деп жазып илинип коюлган. Келген жамааттарга туура түшүндүрүп, уруксат берилгиче үйлөрүндө окуп туруусу айтылып жатты. Кээ бирлери тез эле түшүнөт, кээси айрыкча жаштардан жамаат менен окуйбуз дегендери да чыгып жатты. Бул этият болуунун жана сактануунун жолу деп көбү туура эле кабыл алды. Жалал-Абад областында деги эле бүткүл өлкө боюнча фатванын негизинде мечиттер бүгүнкү күндө деле жабык. Буйрук келмейинче мечиттерди ача албайбыз жана жамаатка уруксат жок. Мечит, медресе, диний окуу жайлар да диний фатвага ылайык жабылып, окууларын онлайндан окуп жатышат. Андан сырткары орозо айы да башталгандыктан ар ким өз үйүндө намазды окуп, орозо кармап башташкан. Бизде кайрымдуулук иш-чаралары да жүрүп жатат. Ифтарлык кылам деп демөөрчүлөр имамдарга кайрылган болсо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөдүн тизмесин беришет. Демөөрчүлүккө карай каражаттар чогултулуп азык-түлүк жасап, “ооз ачуу баштыкчасы” деп таратылууда. Бул нерсе имамдардын демилгеси менен район-шаарларда уюштурулуп келдидейт.

 Карантин учурунда унаа каттамдары азайып, бир топ өнөр жайлары ишин токтоткондугуна байланыштуу абанын тазаланганы байкалган. Балким карантиндин экологияга чоң пайдасы тийгени аныктыр. Бул тууралуу “Лесик-Юг” экологиялык коомунун башкы адиси Закир САРЫМСАКОВ төмөнкүлөрдү айтып өттү.

 –Карантин менен экологиянын ортосунда кандай байланыш бар болушу мүмкүн? Дүйнө жүзүнө таралган коронавирустун кесепетинен пандемия жарыяланды.Тиричилик үчүн зарыл болгон заводдор, фабрикалар, транспорт менен аба каттамдары жана башка бардык нерселер дээрлик токтотулду. Бул менен табийгатка болгон терс таасир бир аз болсо да төмөндөгөндөй болду. Кийинки учурларда климаттын өзгөрүшүнө себепчи болгон карбонат ангидрид газдарынын атмосферага чыгышы сезилерлик азайды. Атмосферада корбанат ангидрид (СО2) жана кычкылтек газ (О2) балансы аз да болсо өзгөрүп, аба тазаланды. Айрыкча чоң шаарлардын абасы сезилерлик тазаланганы тууралуу кабарлар тарады. Бирок социалдык жана экономикалык жактан өтө чоң өзгөрүүгө алып келди. Көптөгөн үй-бүлөлөр күнүмдүк турмушуна керектүү каражатсыз калды, киреше жоктугунан тиричиликти жөнгө салуу да кыйын болду. 1-2 ай адамзат турмушундагы мындай өзгөрүү адамдар үчүн өтө күчтүү таасир калтыргандыгы чексиз. Биз табият алдыда өтө чөң күнөөкөр экендигибизди түшүнүп алышыбыз үчүн бир сабак болду деп ойлойм,-деди ал.

Пандемиянын кесепетинен социалдык жана экономикалык жактан бир топ кыйынчылыктар орун алды. Жашоо муктаждыктарына ылайык ишкердик, өндүрүш жана курулуш сыяктуу бир топ тармактар да ишин токтотууга аргасыз болушту. Курулуш тармагын ала турган болсок, убакыттан уттуруп үйлөрдү же мекеме- ишканаларды кечигип бүтүрүшөт. Илдеттен улам өндүрүш тармагы да банкрот болууда деген сындуу ойлор көп. Мунун баарын сиздин сотуңузга коёлу, канчалык деңгээлде сизге жеңилдик же жашооңузда айрым өзгөрүүлөр орун алгандыгын талдап көрүңүз.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17