Аймак

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

 987 Бардыгы /

 Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын жана жазгы эс алууларды болтурбоо багытындагы иштерди алып барышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл менен болгон жолугушууларда жакынкы эс алуу жайларына, көлмөлөргө, суу бойлоруна барууга болбой тургандыгы эскертилип жатат. Өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу үчүн ата-энелерди өз балдарына көзөмөл салуу керектиги жеткирилди. Ошондой эле район аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу максатында медицина кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунун адистери менен биргеликте атайын рейд өткөрүлдү.

Рейддин алкагында көчөдө жүргөн жашы жете элек балдарга жана алардын ата-энелерине эскертүү берилди.

Мындай рейд Кара-Көл ШИИБи тарабынан дагы өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери түнкү мезгилдерде да көчөлөрдү кыдырып, күндүзү коомдук жайларды аралап, негизсиз көчөдө жүрбөө керектигин шаар тургундарына жеткиришүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана жеке гигиенаны сактап, өз саламаттыгына кам көрүүгө чакырышууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17