Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,094 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу […]
1,095 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР К.БОРОНОВ МЕНЕН УЧУРДАГЫ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАДЫ
18.05.2020 / Автор anarkan_kg

1,096 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселелери талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып жатканын баса белгиледи. Нарын облусунда оорураак абал байкалууда.
Анын маалыматы боюнча, Нарын облусуна медициналык адистердин кошумча тобу жөнөтүлдү.
Кубатбек Боронов ошондой эле көпчүлүк региондордо жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштер жыйынтыкталганын маалымдады.
Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн келип жаткан жарандардын арасынан жуктуруп алган жаңы фактылардын саны көп катталууда. Дээрлик күн сайын чет жактан жүк ташыган чоң жүк ташуучу унаа айдоочуларынын жана чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасынан коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары аныкталууда.
Мурда Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген Кыргызстандын беш жүздөн ашуун жаранынын ичинен азыркы тапта жүздөй адамдын анализдеринен инфекциянын бардыгы аныкталды.
Биринчи вице-премьер-министр үй карантинине жайгаштырылган адамдардын арасында белгиленген талаптарды бузуу учурлары көп болуп жаткандыгын кошумчалады.
Мындан сырткары, Кубатбек Боронов азыркы тапта үстүбүздөгү жылдын 21-майынан тарта объекттерди үчүнчү этап менен ишке киргизүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди. Ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарга карата катуу чаралар көрүлүп жатканын, бир катар мекемелер талаптарды аткарбагандыгы үчүн жабылгандыгын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Обсервацияларда жаткан жана үй карантининдеги жарандардын карантиндик-эпидемиологиялык эрежелерди сакташына көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурду.
Мамлекет башчысы жарандардын өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилигин, санитардык-гигиеналык ченемдерин, анын ичинде коомдук жайларда беткап тагынуу режимин сактоосун дагы бир жолу баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишмердүүлүгүн жандандырган ишканалардын зарыл болгон талаптарды сактоосуна да көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилөө менен уюмдардын, ишканалардын жетекчилеринин өздөрүнүн кызматкерлеринин ден соолугу жана коопсуздугундагы, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалдагы ролун баса белгиледи.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
25.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
-
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.