Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,074 Бардыгы / Ош окуясына он жыл толду Ош. Саналуу күндөрдөн кийин 2010-жылдагы июнь коогалаңына туптуура он жыл толот. Ошентсе дагы, бул кандуу калабага эмдигиче саясий жана укуктук баа дагы бериле элек. Абдан өкүнүчтүүсү: улуттар аралык араздашуунун накта уюштуруучуларынын – сыртынан гана соттолушкан айыпкерлердин бири дагы ушул күнгө дейре Кыргызстанга экстрадацияланып (алып келинип), элдин көзүнчө жазага […]
2,075 Бардыгы / Ош окуясына он жыл толду Ош. Саналуу күндөрдөн кийин 2010-жылдагы июнь коогалаңына туптуура он жыл толот. Ошентсе дагы, бул кандуу калабага эмдигиче саясий жана укуктук баа дагы бериле элек. Абдан өкүнүчтүүсү: улуттар аралык араздашуунун накта уюштуруучуларынын – сыртынан гана соттолушкан айыпкерлердин бири дагы ушул күнгө дейре Кыргызстанга экстрадацияланып (алып келинип), элдин көзүнчө жазага […]
КАНДУУ КАЛАБАНЫ УЮШТУРГАНДАРДЫН БИРИ ДАГЫ ЭМДИГИЧЕ ЖАЗАЛАНА ЭЛЕК
22.05.2020 / Автор orozalieva

2,076 Бардыгы /
Ош окуясына он жыл толду
Ош. Саналуу күндөрдөн кийин 2010-жылдагы июнь коогалаңына туптуура он жыл толот. Ошентсе дагы, бул кандуу калабага эмдигиче саясий жана укуктук баа дагы бериле элек. Абдан өкүнүчтүүсү: улуттар аралык араздашуунун накта уюштуруучуларынын – сыртынан гана соттолушкан айыпкерлердин бири дагы ушул күнгө дейре Кыргызстанга экстрадацияланып (алып келинип), элдин көзүнчө жазага тартыла элек!
Элдин дагыле эсинде. 1990-жылы 4-июнда Ош облусунда кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрү өз ара мушташкан. Мындай өтө каршылашууга кыргыз жаштарынын «Ош аймагы» жана өзбектердин «Адолат» («Адилет») уюмдарынын ич ара тирешүүсү себепкер болгон. Агезде кыргыз жаштарына Ош шаарынын чекесинен жер тилкелери бөлүштүрүлүп, алар бош жаткан бул аянттарга турак жай куруп, андан ары отурукташууга ниеттенишкен. Ошол эле учурда «Адолат» уюмунун тарапкерлери Кыргызстанда Автономиялуу облус түзүүнү, буга улай өзбек тилине расмий макам берүүнү абдан катуу талап кылышкан.
Расмий маалыматка таянсак, 1990-жылдагы Ош окуясында 1200 киши каза тапкан. А бейрасмий булактардын айтымында, он миңге чукул адам курман болгон.
Туптуура жыйырма жылдан кийин, тактап айтканда, 2010-жылдын 10-июнунан 11-июнуна оогон түнү абдан агрессивдүү маанайдагы жаштар Ош шаарына топтоло башташкан. Алар колдоруна арматура, жыгач таяк гана көтөрүп жүрүшкөн. Буга улай жаштардын кадимкидей эле куралданышкан дагы бир экинчи тобу эки улуттар ортосуна ачык эле от жагып, алардын араздашуусун ого бетер ырбатып, жолдо жолуккан кишилерди улутуна эч карбастан чекесинен эле туш келди аткалышкан. Андан ары мекеме-ишканаларга жана жеке үйлөргө кыдырата өрт дагы коюшкан. Баса, ошол жанкечтилер арасында снайперлер болгондугу дагы кийинчерээк гана билинип олтурат.
Ошол кезде Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Ватан» («Мекен») партиясынын жолбашчысы Кадыржан Батыров кандаштарын – өзбектерди кыргыздарга каршы ачык эле тукуруп, а түгүл кадимкидей кайраштырган. Мындан тышкары ал: «Бул учурду өзбектер жыйырма жыл күтүшкөн» деген чагым дагы таштап, улутташтарын ого бетер ээликтирген. Бул саясий күрөштө ага идеялаштары – Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Иномжан Абдырасулов, Жалалидин Салахутдинов жана Кыргызстан Аялдар конгрессинин Оштогу төрайымы Карамат Абдуллаева үзгүлтүксүз жардамдашып, тынч жаткан элди заматта бүлгүнгө салышкан.
– 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин ошол эле жылдын 19-апрелинен 15-июнуна дейре деструктивдүү күчтөр өлкөбүздөгү коомдук-саясий акыбалды ого бетер курчутуп-оорлоштуруп, төрт ирет массалык башаламандыкты уюштурушкан. Буга улай улуттардын араздашуусуна дагы атайылап эле от жагышкан, – дейт Баш прокурордун ошогездеги биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев.
– 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык араздашууну деле Курманбек Бакиевди дагыле колдошкон куйтулар, Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын депутаттары, ошогездеги бийликтеги качкын Президенттин жакындары, достору, криминалдык-үй-бүлөлүк башкаруунун тарапкерлери, наркотрафикти көзөмөлдөөгө далбас урушкан эле аткаминерлер Убактылуу Өкмөткө каршы уюштурушкан, – дейт Убактылуу Өкмөттүн ошогездеги Түштүк боюнча өкүлү генерал Исмаил Исаков.


Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМКнын) ошогездеги төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-Баш прокурор Кубатбек Байболов, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов үчүнчү күчтөр жаңжалды андан ары ырбатышкан деп эсептешет. Ара чолодо Тажик улутундагы снайперлер, Орусиянын жана Американын атайын кызматтары июнь коогалаңына активдүү аралашкандыгын бир катар ЖМКлар ачык эле каңкуулашкан. Бирок, Улуттук комиссия мындай маалыматтарды тастыктаганга жараган жок.
Анткени менен Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев коогалаңдын өөрчүшүнө жана ого бетер ырбашына чет элдик атайын кызматтар кыйыр түрдө аралашкандыгын жокко чыгарбайт.
– Бул коогалаңга жалпы эле Борбор Азияга багытталган долбоорго иштешкен чет өлкөлүк атайын кызматтардын дагы катыштыгы бар! – деп эсептейт Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев. – Алар Борбор Азия аймагында кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууга абдан катуу аракеттенишкендей. Айрыкча Кыргызстандын Парламенттик Башкарууга өтүшүнө ачыктан ачык эле каршы чыгышкан мамлекеттер болбодубу. Алар өлкөбүздүн алсыздыгынан куп гана пайдаланышып, өздөрүнүн арам ойлорун жүзөгө ашырууну көздөшкөн. Биз жолуккан адамдар, анын ичинде бийлик өкүлдөрү деле дал ошол Ош коогалаңынын алдында Ош менен Жалал-Абадка көптөгөн чет өлкөлүк жарандар үстөккө-босток келишкендигин ырасташты.
Улуттук комиссия төрагасынын орун басары Бахтияр Фаттахов кайгылуу окуя мындан ары кайталанбастыгы үчүн андан азыр деле сабак алуу зарылдыгын баса белгиледи: – Күч түзүмдөрүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Кыргызстанды байырлашкан бардык этникалык топтордун башын бириктирген Улуттук Иделогияны токтоосуз иштеп чыгуу абзел!
Ош коогалаңын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы, академик Абдыганы Эркебаевдин пикиринче, алардын Корутундусу азыр деле күчүн-маанисин жогото элек!
– Өзбек диаспорасынын жетекчиси Кадыржан Батыров ошогездеги Президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшкөн. Батыров менен агездеги бийлик төбөлдөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев дагы телефон аркылуу сүйлөшүп турушкан. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Кадыржан менен кандай мааниде баарлашкандыгын, чынында, тактай албадык. УКМК түштүктө абал оор экендигин, улуттар арасында от чыгып кетиши ыктымалдыгын ачыктап Президент Роза Отунбаевага тогуз ирет кат жүзүндө кайрылган экен. Бирок, буга Роза Исаковна неге убагында чара көрбөдү? УКМК деле окуя болоорун жөн эле каңкуулабастан, анын алдын алууга аракет кылуусу кажет эле. Ошону үчүн УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, бул тармакты тескеген вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров саясий жоопкерчиликке тартылышы керек эле, – дейт Улуттук комиссиянын төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев.


Канткен күндө дагы Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылы июнда улуттар аралык араздашууну уюштурушкан Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева чет өлкөдө бозгунда жүрүшүп, жарык дүйнө менен кош айтышып, жазадан опоңой кутулушту. Бирок, Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Иномжан Абдырасулов, Жалалидин Салахутдинов, ОшТВ жана МезонТВ телекомпанияларынын жетекчилери Халилжан Худайбердиев, Жавлон Мирзаходжаев чет өлкөлөрдө бозгун аталып, дагыле билген намазын окушуп, беймарал оокатын кылып жүрүшпөйбү. Кыргыз бийлиги Ош коогалаңын уюштурушкан деп сыртынан соттолушкан бул кылмышкерлерди Кыргызстанга кайтарып, түрмөгө камап, сот өкүмүн неге аткарбайт, ыя? Же Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, генерал Исмаил Исаков аргасы куруганда айтмакчы, буларды чет өлкөлөрдөн уурдап келип качан камашат?!?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош коогалаңын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү, өз кабарчы
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
-
-
08.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 2517 ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.