Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,977 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жана жалпы элдин мүдөөсүн аткаруу максатында «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы түзүлдү. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жакырчылык калктын үчтөн бир бөлүгүн ээледи, жумушсуздук күчөөдө, Кыргызстандын ички жана сырткы карызы кескин түрдө көбөйүүдө. Кичи жана орто бизнеске толук кандуу колдоо болгон жок, миграция көйгөйү жана кошуна өлкөлөр менен чек […]
3,978 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жана жалпы элдин мүдөөсүн аткаруу максатында «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы түзүлдү. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жакырчылык калктын үчтөн бир бөлүгүн ээледи, жумушсуздук күчөөдө, Кыргызстандын ички жана сырткы карызы кескин түрдө көбөйүүдө. Кичи жана орто бизнеске толук кандуу колдоо болгон жок, миграция көйгөйү жана кошуна өлкөлөр менен чек […]
«ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛ» КООМДУК КЫЙМЫЛЫ ТҮЗҮЛДҮ
09.06.2020 / Автор aymak3,979 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жана жалпы элдин мүдөөсүн аткаруу максатында «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы түзүлдү.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жакырчылык калктын үчтөн бир бөлүгүн ээледи, жумушсуздук күчөөдө, Кыргызстандын ички жана сырткы карызы кескин түрдө көбөйүүдө. Кичи жана орто бизнеске толук кандуу колдоо болгон жок, миграция көйгөйү жана кошуна өлкөлөр менен чек арадагы конфликттер чечилбей келүүдө. Элибиз ушундай коомдук-саясий абалдан тажады.
COVID-19 пандемиясы адам ыйлаарлык абалда экенибизди көрүүгө жардам берди. Биздин өлкөбүздүн бул маселе боюнча өзгөчө абалга даяр эместигин көрдүк. Кээ бир саясий кызматтагылардын өз ишине, көйгөйлөргө шалаакы мамилеси өлкөнү бүгүнкү абалга алып келди.
Өзгөчө абал, Өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Өкмөт тез аранын ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизди, Экономика министрлигинин божомолунда бюджеттин кирешелүү бөлүгү жылдын аягында 19%га кыскарышы мүмкүн. Жыйынтыгында бюджеттин дефицити 28 млрд. сомго өсөт. Биздин көз карашыбызда коррупцияга каршы күрөшөбүз деген билдирүүлөр менен, аткарылып жаткан иштер өз жыйынтыгын толук берген жок. Мурдагыдай эле министрликтер менен ведомстволордо коррупциялык фактылар дагы деле аныкталууда. Ал эми коррупциялык иштер боюнча тийиштүү чечимдер чыкпай жатат. Коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү жолу катары чиновниктердин топтогон байлыгынын көлөмү, ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, айлык акысын, үй-бүлөөсүнүн тапкан кирешесин жана социалдык абалын көзөмөлдөө, деп эсептейбиз.
Ошондой эле өлкөдөгү саясий абал өтө татаал болуп турат. Пандемиянын айынан жергиликтүү кеңештердин шайлоосу токтотулган. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына бүгүнкү күнгө чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселелер чечиле элек. Андан сырткары депутаттар тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү мыйзамы” одоно бузулуп жатканына күбө болуп турабыз.
Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезектеги шайлоосу ачык, таза, мыйзам талаптарын аткаруу менен өтсүн десек, мурдагыдай терс көнүмүш адаттардан баш тартышыбыз керек. Жогорудагыларды эске алуу менен «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы республикабыздын бийлигине төмөнкүлөрдү сунуштайт:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү COVID-19 пандемиясы аяктагандан кийин экономиканы өнүктүрүү үчүн өнөр жайына реалдуу көмөк көрсөтүүгө жана приоритеттүү багыттарды аныктоого тийиш.
2. Кызматтагы адамдардын ири киреше, чыгашаларына карата көзөмөлдү күчөтүү. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана паракорчулукка каршы жазаны күчөтүү зарыл, факты аныкталган учурда анын мамлекеттик кызматта мындан ары иштөөсүнө толугу менен тыюу салуу.
3. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосун Өзгөчө кырдаал режими аяктаганда өткөрүүсү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу менен бирге болбоосу сунушталат.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүсүн талап кылып, төмөнкү пикирлерди эске алуусу керек деп эсептейбиз:
– Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 120дан 75ке түшүрүү, шайлоо системасын мажоритардык негизде өткөрүү. Депутаттар өлкөнүн ар бир районунан жана чоң шаарларынан шайланышы керек; – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыкка талапкердин жашын 21ден 25 жашка көтөрүү;
– КРнын Конституциясына Жогорку Кеңешке шайланган депутатты ээлеген оордуна татыктуу болсбосо шайлоочулар тарабынан чакыртып алуу укугун киргизүү;
– Шайлоо босогосун 9%дан 5%га түшүрүү;
– Шайлоо күрөөсүнүн акысын 5 млн. сомдон 1 млн. сомго төмөндөтүү;
– Тилекке каршы, эгерде партиялык негизде шайлоо болсо, шайлоочуларга партиянын тизмесинен өзүнө жаккан кайсыл бир талапкерге добуш берүү нормасын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына киргизүү;
5. «Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы өзүнүн бийликке карата конструктивдик опозицияда экендигин билдирип, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө жана туруктуулугуна болгон аракетин кылууга, оппозициялык көз караштагы баардык жарандарыбызды жана коомдук-саясий уюмдарды биригүүгө чакырат.
Бийлик тарабынан аткарылып жаткан жетишкендиктерди колдоого, кемчиликтерди айтып турууга, аларды мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экендигибизди билдиребиз.
«Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы сүйүктүү Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн баардык аракетин жасоого даяр! Биз радикалдарга каршыбыз. « Элдик көзөмөл» коомдук кыймылы
Кыймылдын лидери: Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бул.56 (1 этаж)
Тел.: 0312 911-911
Эл.дареги: eldik.kozomol@bk.ru
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ НУРБЕК ЖОЛОЕВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.