Аймак

БИЙЛИККЕ МЕКЕНЧИЛ, АБИЙИРДҮҮ, ТАЗА КҮЧТӨР КЕЛМЕЙИНЧЕ, КОРРУПЦИЯ ЭЗЕЛИ ТЫЙЫЛБАЙТ!

БИЙЛИККЕ МЕКЕНЧИЛ, АБИЙИРДҮҮ,  ТАЗА КҮЧТӨР КЕЛМЕЙИНЧЕ, КОРРУПЦИЯ ЭЗЕЛИ ТЫЙЫЛБАЙТ!

 1,121 Бардыгы /

Кыргызстанда Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү Бийлик бутактарын ырааттуу түрдө тазалоо максатында эң ириде “Люстрация” мыйзамын Жогорку Кеңеш аркылуу токтоосуз түрдө абыл алууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бир катар саясат таануучулар Өлкөнүн Баш мыйзамынын утуру эле күчтөп өзгөртүлүшү Кландык Коомго гана даңгыр жол ачты деп үстөккө-босток коңгуроо кагышууда.

– Байкадыңарбы? 1990-жылдан берки Кыргызстандагы революциялардын эң эле башкы талаптары толук кандуу аткарылбай келатат. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы Чоң Казат жарыялагандыгына карабастан, дагыле биз шордуу таланып-тонолуп жатабыз! – деп аябай тызылдады Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ. – Мен тээ 2010-жылы эле Бийликтин катарын тазалоо – “Люстрация” мыйзамын жазгамын. Дал бүгүн ушул Документти кабыл алуу зарылчылыгы туулуп олтурат. Мамлекетке миллиондогон сомдук зыян келтиргендерди өмүр бою мансаптан, саясаттан биротоло четтетип, мамлекеттик кызматтарга дайындалуу жана шайлануу өңдөнгөн Конституциялык укуктарынан сөзсүз ажыратуубуз абзел! Ал эми буларды такай жандап-коштоп жүргөндөрдү дагы айыбына жараша үч, беш жана он жылдан кем эмес мезгилге дейре шайлануу, ошондой эле дайындалуу укуктарынан ажыратуубуз лаазым! Менимче, дал бүгүн мындай чукул жана катаал чаралар көрүлмөйүнчө, мансапка мекенчил, абийирдүү, таптаза күчтөр келмейинче, Кыргызстанда коррупция токтомок турсун эзели тыйылбайт!

 Ал эми Орусия саясат таануучусу Александар КЫНЕВ Кыргызстандагы партиялардын бардыгы мурда деле, азыр дагы бир эле жолбашчынын айланасында гана түптөлүп жаткандыгы кендирибизди катуу кесип келаткандагын эч жашырбайт.

-Өзү ар кандай Система циклдүү жана туруктуу болуш кажет! Маселен, ар бир партия он-он беш жылдап Парламентке катарынан шайланып, электораттын реалдуу кубаттоосуна ээ болуусу шарт! – дейт Орусия саясат таануучусу Александр КЫНЕВ. – Баса,  бул өңүттөн алып караганда, кечиресиз,Кыргызстанда Партиялык Системанын аты түгүл жыты жок! Өлкөдө Бийлик экинчи ирет күчтөп кулатылып, болгону кожоюндар гана алмашылды. Дал ушунун кесепетинен Баш мыйзам дагы улам-улам өзгөртүлүп, мамлекетте Кландык коомдагыле кадимкидей өкүм сүрүп жаткан чагы. Ошентип, мындай жагдай Партиялык Системанын болочогуна гана балта чаап олтурат. Жогорку Бийликте кландуулук, тууган-туушкандык балакети таптакыр токтобосо, ушул салт мындан ары деле эч качан бузулбайт. Тескерисинче, бара-бара өтө өөрчүйт.

Кыргызстандын Бийлик органдарынын чукул арада тазалануу жараянын кубаттаган күчтөрдүн катары күн өткөн сайын улам калыңдап баратат.

Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тартып бир эле жолду адеп таптагандан  эч тажабадык. Бийликчил Аскар Акаевдин “Алга, Кыргызстан” партиясы Курманбек Бакиевдин “Ак жолуна” бат айланды. Ал эми Алмазбек Атамбаев Президент маалында булар дароо КСДПга үргүлжүм өтө качышты.  Эми минтип акырында бардыгы бийликчил “Биримдик” партиясынын терисин жамынып олтурушат, – деп агынан жарылды “Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ. – Дал ушулар үзөңгү-Куушту Кытайга, а Каркыраны Казакстанга дүңүнөн соодалап жиберишти эле го. А акыркылары деле булардан кем калбастан, газыбызды жана энергетикалык системабызды Орусияга ит бекер сатып ийишпедиби. Анан кантип жакын арада оңолобуз, эй?

Дегиңкиси, Кыргызстанда Бийликти люстрациялоо демилгеси Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан колдоо табаар бекен? Же өлкө башчысы адатынча буга дагы үн катпай кутулабы? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарбыз…

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17