Аймак

КАРГАША КАРАЙЛАГАН ҮЙ-БҮЛӨ

КАРГАША КАРАЙЛАГАН ҮЙ-БҮЛӨ

 1,842 Бардыгы /

Сузак районунун тургуну аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган окуясы коомчулукта катуу сын-пикир жаратты. Интернет колдонуучулары камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда. Бирок алардын мурунку турмушу кандай эле, эмнеге мындай окуя жүз бергенине назар салдык. Бул боюнча жабырлануучунун өзүнө байланышуу мүмкүн болбогондуктан бир тууган эжеси менен баарлаштык.

Окуя орун алгыча бул үй-бүлө жакшы жашап, ынтымактуу күн кечирип келишчү. Жолдошу экөө бири-бирине сый мамиледе болушкан, буга чейин мындай урушканын укпаганбыз деп жабырлануучу Дильрабанын бир тууган Динара аттуу эжеси төмөнкүлөрдү айтып берди.

“ЭКӨӨ ТЕҢ ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ ЭЛЕ”

-Күйөө балабыз оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн адам. Баарыбыз сыйлап, жакшы көрөт элек. Мурун- кийин “урду” дегенин уккан эмеспиз. Мен дагы мындай адаты жок эле деп таң калдым. Сиңдимден мурун урчу беле десем, “мынчалык эмес, бирок бир жылда бир же беш-алты айда урушуп кеткенде кичине колу тийип койчу, бирок мындай кылып урбайт эле” деди. Жакшына жашап жүрүшкөн, анан ошол күнү кандай балекет болуп кеткенин билбейм. Сиңдим (ред.: Дильраба) Бек-Абадда төрөлүп, өсүп кайра эле ошол жерге турмушка чыккан.Өзүмединститутту, күйөө бала политехникалык институтту бүтүргөн. Экөө жаш мезгилинде бир эки сүйлөшүп эле ала качуу менен баш кошушкан.

“ТИЛЛА ДЕП БААРЫ МАКТАШЧУ”

Жолдошу эң кенже уул болгондуктан кайын атасынын үйүндө эле жашап, Бек-Абаддагы ооруканада дарыгер болуп эмгектенчү. Биз билгенден бир дагы урушканын уккан эмеспиз, бири-бирине сый урматы жакшы эле. Сиңдим 2018-жылы жүрөгүнөн, 2019-жылы өтүнөн операция болгон. Ошондо дагы күйөө балабыз өзү этияттап карап, дарылоосуна кеткен акчасын төлөп жүргөн. Сиңдимдин аты күбөлүктө Дильраба, биз аны Тилла дейбиз. Айылдагылары, кошуна-колоңдору ушундай жакшы адам, өзү дагы аты дагы Тилла деп калышат. Ооруганына карабай бардык жумушту жасап коңшулары, кайын журту менен дагы жакшы мамиледе болгондуктан баары макташчу.

“СИНДИМДИ ҮЙДӨ АЛЫП КАЛГАН ЭЛЕМ”

Окуя болордон алдын мен неберемди сүннөткө олтургузуп, кан чыгарып туугандарды чакырганмын. Мына ошол күнү Дильраба да келип эки күн жатып, “кетем” дегенинен дагы бир күн жатып кет деп алып калгам. Ошондо күйөөсү телефон чалды “тез келип кал” деп, мен “эрте менен эрте барат, мен алып калдым, кечирип кой” деп айттым. Саар менен кеткен, андан кийин мага ошол видеону жөнөтүштү. Мен күйөө балага айтып, эртең барат деп алып калганымды ал эске албады. Мени тоготпогондой кылып, сиңдиме кол көтөргөнүнө аябай жиним келди. Буга чейин да сый мамиледе болуп, ортодон эч жаман сөз өткөн эмес.

“МИЛИЦИЯГА ӨЗҮ АРЫЗ ЖАЗДЫ”

Күйөө баламдын сиңдиме жасаган кылыгын көрүп, аябай ачууланып, менин айтканымды да тоготпогонун эске алып милицияга арыз жазайын десем, жашы жеткендер өзү жазат дешти. Анан арызды сиңдим өзү жазып берди. Эми алар чыгарабыз деп чуркап жүрүшөт. Окуянын видеосу тарап кеткен соң өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары сиңдимдин үйүнө келип кетиптир. Ал дарыгерлерди жөнөтүп, алар сиңдимди көзөмөлдөн өткөрүптүр. Учурда бетинде көк дактары кете элек, бирок абалы жакшы дешти. Башка эч кандай жардам кереги жок деп макул болушпады. Реабилитациялык борборго алып кетели деген сунуштар болду.

“ДИЛЬРАБА КЕЧИРЕМ ДЕП ЖАТАТ”

Экөөнүн ортосунда жалгыз эле бир уулу бар. Ал уулу Кытайдан окуп келип, учурда кытайлар менен бирге иштейт, котормочу.

Дильраба өзү “баламды ойлогула, аны үйлөнтүшүбүз керек. Атасы камалып кетсе, досторунун алдында, иштеген жеринде абийири төгүлөт” деп баласынын келечегин ойлоп “кечирем” деп жатат. Бирок кийин бул иштер тынчыса барам деп азыр үйдө калууну туура көрдү. Учурда Ошто, менин үйүмдө жүрөт.

Диний жактан алганда деле аялды аярлап, этияттап эле тарбиялоо жолдору бар. Үй-бүлөдө келишпестик болот. Бул тууралуу Жалал-Абал облусу боюнча мусулмандар казысынын орун басары Бактыбек ТҮНКАТАРОВ төмөнкүлөргө токтолду.

-Аял кишинин өз урматы, укугу бар. Эркек адам дагы аял кишини урматташы зарыл. Адам өзү улук, ал эми анын жүзү андан да улук болуп эсептелет. Аялды уруп, күч колдонуу шариятка туура келбейт. Болуп өткөн окуя туура эмес, адамды өкүндүрүп, кыжаалат кыла турган көрүнүш болуп калды. Негизи үй-бүлөнүн ички абалы сыртка чыкпашы керек. Аял киши күйөөсүнүн айыбын, эркек киши аялынын катачылыгын сыр кылып катышы абзел. Өз ара маселени жөн гана сүйлөшү менен чечип алышы кажет, коомчулукка жарыялаган туура эмес. Эркекте же аялда катачылык болсо аны түшүнө билүүлөрү өтө маанилүү. Пайгамбарыбыз (С.А.В) эркек кишилерге кайрылып, айтып кеткендей “Силердин эң жакшыңар жубайларыңарга жакшы мамиле кылганыңар” -деген. Айрыкча жубайга жакшы мамиле кылуу шарияттын талабы. Албетте үй-бүлөсүнө кам көрүү, сылык мамиле кылуу эркек адамдын милдети. Жубайлар өз милдетин аткарбаса үй-бүлөдө чыр-чатак болуп, ынтымак кете баштайт. Эгер аял күйөөсү айтканды аткарбаса, аны тоготпосо үйдөн береке да качат. Булардын натыйжасы үй-бүлөдөгү келишпестикти пайда кылат. Анын айынан чыр-чатак болуп, ачуунун айынан зордук-зомбулук келип чыгууда. Ал милдетти бир тарап аткарып, экинчи тарап аткарбаса ортодо шайтан аралайт. Шайтан үй-бүлөнү ажыраштырууну, балдарды жетим калтырууну каалайт экен.

Гүлмайрам АТТОКУРОВА, “Каниет” реабилитациялык борборунун жетекчиси:

 – Эл арасында аялын башкача жазаласа болмок дегендер чыгып жатат. Эмнеге аялдар жазаланыш керек? Биз укуктуу өлкөдө жашайбыз. Ар бир адамдын укугу корголуш зарыл. Коомдо аялзатына болгон түшүнүктү өзгөртүшүбүз керек. Себеби эң биринчи кезекте аял бул адам, өлкөнүн жараны экенин түшүндүрүү маанилүү. Реабилитациялык борбор ал аялга дайыма жардам бергенге даярбыз, биз гана эмес бардык бейөкмөт уюмдар, жарандык коом, активисттер көмөк көргөзөт.

Бактыкан ЖАПАРОВА, “Акыйкаттык” уюмунун адиси:

-Бул окуя укук коргоочу катары эмес, аял катары мага аябай өкүнүчтүү болду. Себеби бул жөн эле зордук-зомбулук эмес, өзгөчө абалда аялдын укугун тебелегендик болуп эсептелет. Жабырлануучу өзү экинчи топтогу майып, андан сырткары эки жыл мурун жүрөгүнөн операция болгон экен. Кошуналар, туугандарынын айтымында мурун-кийин мындай болбоду дешет. Бирок резонанс жараткан бул окуяга эч ким кош көңүл калбайт деп ойлойм. Эми соттун жыйынтыгы кандай болот, кандай чечим чыгарылганына байкоо жүргүзөбүз. 

Жалал-Абад ОИИБ маалымдагандай, алгач бул маалымат милицияга ооруканадан түшкөн. Келип түшкөн маалымат боюнча үй-бүлөдөгү зомбулук кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРдин Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилген. Жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Жазган арызы тергөө амалдарына, тагыраагы сотко эч кандай тоскоолдук кыла албайт.

Облус аймагында жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча 220дан ашуун арыз катталып, 40тан ашууну соттук кароого жиберилген.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17