Аймак

ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫ БАШТАЛУУДАБЫ?

ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫ БАШТАЛУУДАБЫ?

 2,256 Бардыгы /

Күзүндө өтүлөт деп пландаштырылган парламенттик шайлоого аттанган партиялар тууралуу коомчулукта да пикирлери жаралбай койбойт. Шайлоо алдындагы партиялар парады уланууда. Кээ бирлери бириксе, башка партиялардын биригиши мүмкүн делген божомолдоолор да чыга баштады. «Жаңы дем» деген ураан алдында “Ата Мекен”, “Ак Шумкар”, КЛДП, КСДПдан бөлүнгөн бир топ, «Жаңы дем» жаштар бирикмеси жана «Жашыл күчтөрдүн коалициясы» стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин, парламенттик шайлоого чогуу аттанарын жарыялашты. Дегеле бул шайлоого катышуучу партиялардан эл эмнени күтсө болот? Төмөндө ушул тууралуу коомдун пикирин сунуштайбыз.

Бектур ТОКТОНОЕВ, жаш лидер:

“ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИГҮҮСҮ АЙЛА ЖОКТУН ИШИ БОЛДУ”

-Парламентаризмдин эң чоң факторлорунун бири бул саясий партиялардын бардыгы. Кыргызстан өзүнө парламентаризмге барабыз деген дымакты койгондон баштап партиялардын көбөйүшү нормалдуу көрүнүш. Менин оюмча бышышы керек болгон процесске өлкөбүз толук жетиле элек экен, себеби элдин эле көз карашы көп нерсеге таасир этип коёт. Башка парламенттик мамлекеттер өнүгүүнүн багытын баалуулук катары карашкан. Биз өнүгүүнүн өзүн тактай албай жаткан учурубуз. Саясий идеологиялардын аралашуусу абдан көп, аны саясий лидерлер өздөрү да толук түшүнө элек. Ошондуктан партиялык система жана партиялар бышып жетиле элек, бул жөн гана саясий кызыкчылыктагы бир топ деп ойлойм. Муну акыркы учурлардагы саясий биригүүлөр да далилдеп жатат. Себеби идеологиялык өзөктүк байланышы болбогон партиялар биригүүдө. Бул кадимки эле бийликке жетүүнүн рычагы катары партиялар колдонууда.

Ал эми партиялардын “Жаңы дем” деп биригүүсү айла жоктун иши болду. Партия лидерлери жеке бийликке барганда жетише албасын, башка партиялардын күчүн билди. Бийлик менен жакын болгон 2-3 партия бар, алардын шайлоодон өтүүсүнө мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми элдин сүймөнчүгүнө ээ же болбосо саясий оппозициялык маанайдагы партиялар биригиши керек эле. КЛДП деле өз дараметин билип, буга чейин биригүүсү пландалып жаткан. “Ата Мекен” партиясы менен бириккендердин бири социалист, экинчиси либерал-демократтар болуп бири-бирине каршы келет деп өзүмдү алдагым келбейт. Өмүрбек Текебаевдин, Жанар Акаевдин көз карашын билебиз, булар бири-бирин колдогон нукта кете ала турган партиялар. Ал эми “Ак шумкардын” кошулганы менин оюмча Кыргызстандын түндүк аймагынан добуштарды чогултууга Сариевди пайдаланууга негиз кылынды. Жанар Акаевди алдыга чыгарабыз дегени менен негизи Сариев менен Текебаевдин тандеми чечип турат.

Айтмамат ОМОРОВ, ЖАМУнун профессору, филология илимдеринин кандидаты:

ДЕМИЛГЕЛҮҮ КҮЧТӨР ЧОГУЛУП ЖАТКАНДАЙ СЕЗИЛИП ЖАТАТ”

-Бир нече жыл мурун  “Республика” менен “Өнүгүү прогресс” сыяктуу партиялардын биригүүлөрү болуп келген. Алардан эл көп үмүт эткен, бирок үмүттү актаган жок. Партиялардын биригүүсүнөн элдин көңүлү калган. “Ата Мекен” партиясынын айланасында ар түркүн кеп болгону менен башка партиялардан бычакка сап болор жана беш жыл бою парламентте отурганда алардын көтөргөн демилгелери боюнча эл ишеним артат. “Ата Мекен” партиясы менен башка партиялардын биригүүсү, жаштардан келүүсү менен кандайдыр бир демилгелүү күчтөр чогулуп жаткандай сезилип жатат. Бирок бийликтин да күчү чоң, өзүнүн ресурстары бар. Буларга мүмкүнчүлүк береби же бербейби деген маселелер да болууда. Көпчүлүк интеллегенттер катары мен деле “Жаңы дем” деген бирикмеге ишенип жатам. Элдин арасында да ишеним бар. Бирок шайлоочулар арасында айрым бир кармары азыркы бийликте олтургандардан, парламентке агылып келгендерден жана бир партиядан экинчисине секирип өтө калгандардан көңүлү калгандар. Азыр убакыт бар, эми алдыда партиялар жаңы кандай кадамдарды жасашат, кантип чыгарын көрө жатарбыз. Ал эми Текебаевди принципиалдуу лидер катары эсептейм. Ал деле “саясатта жүрүп эмне өзгөрттү” дегендер жок эмес. Менин оюмча Текебаев негизги таасир этүүчү бийликте турган жок, эгер балким чоң бийликте туруп калганда кандайдыр бир нерселерди өзгөртмөк. Сариевдин артынан башкалар сыяктуу чуу көп ээрчиген жок. Ал азыркы элге пайдасы тийбеген бийликтин арасында болуп калганы үчүн эл өтө ишеним бербейт. Акаевдин, Момбековдун парламентте активдүү жана позитивдүү демилгелерди көтөрүп чыгып, бийликтин кемчилигин көзгө сайып көрсөткөндүгү үчүн карапайым калк колдойт. Азыркы бириккен партиянын анча-мынча арасында кемчилиги болгону менен реформа жасоого мүмкүнчүлүгү бар.

Узакбай МАМАТКУЛОВ, саясий серепчи:

СҮЙЛӨГӨНДӨРҮ ИШ ЖҮЗҮНДӨ ДА АТКАРЫЛЫШЫ КЕРЕК”

-Жаңы коомдук бирикмелерди ачып, анын тегерегине биригип жаңы идеялар менен чыкканы болуп жатат. Негизи бул бизге жаңылык эмес. Буга чейин деле шайлоолордо мындай биригүүлөр же партия ортосундагы тандемдер болуп келген. Эми азыркы бириккен партия өкүлдөрү дагы кандайдыр бир идеяларды ишке ашыргыдай болуп жатышат. Бирок бул идеялар ишке ашабы же жокпу, идеологияларды ушул саясатчылар келсе ишке ашырып жиберишет дегенден алысмын. Бул сөздөр мурун деле болуп келген, азыр дагы айтылып жүрөт. Кыскасы, бүгүнкү күндө кыргыз саясатында эч нерсе көрүнбөй турат. Өлкөдөгү саясатты, мыйзамдуулукту канчалык бир деңгээлде өзгөртүп, аксап турган жерлерди толуктап кетүүсү жөнүндө ишеним аз. Партиялар биригеби же жалгыз барса да, парламентте өз деңгээлин көрсөтүп, өлкөбүздө иштей турган мыйзамдарды чыгара турган лидерлер келсе дейм. Бүгүнкү күндө мыйзамдын аткарылбагандыгынан да бир канча көйгөйлөр болууда. Мисалы, чек ара маселесинде дагы чек коё турган мыйзамдардын жоктугу же аксактыгы, бийликтин эл аралык деңгээлде сүйлөшө албагандыгынан ушул нерселер жүз берүүдө. Ошондуктан парламентке иштей алган адам келсе деп жакшы. Түшүнгөн кишиге өлкө өзү да коркунучта турат. “Жаңы дем” деп бириккен лидерлер деле кыргыз саясатында иштеп келишти. Булардын бириккени деле кандайдыр бир жактан жакшы болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнгө чейинки кылган ишинин натыйжасы көрүнбөйт. Биз мындай кылабыз, андай кылабыз деп сүйлөшөт, бирок анын иш жүзүндө да аткарылышы керек. Мисалы, мен жүздөгөн ишканаларды ачып саламын, миграция маселесин жолго коём деп бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет, бир иш жүзүндө анын бир пайызы да аткарылган жок. Ошондуктан эл саясатчыларга деле ишенбей калган.

Айбек ТЕҢИЗБАЕВ активист:

“МАМЛЕКЕТИБИЗ ЖАҢЫ КҮЧКӨ МУКТАЖ БОЛУП ЖАТАТ”

-Азыркы учурда шайлоого аттана турчу партиялардын тизмеси толугу менен белгилүү боло элек. Бирок акырындан шайлоого даярдануу башталганын көрүп жатабыз. Кээ бир партиялар ачыкка чыгып, чоң билдирүүлөрдү жасап жатышат. Өкүнтө турчу нерсе, жаңы жана сапаттуу бир дагы саясий партия пайда боло элек. Ошол эле партиялар, ошол эле адамдардын тизмеси менен аттанып жатышат. Кээ бир өзгөрүүлөр бар, жаштардын, жаңы жүздөрдүн тизмеге кошулганын көрүп жатабыз, бирок ал аркылуу чоң өзгөрүү келет дегенден алыс болуш керекпиз. Анткени буга чейин дагы окшош окуялар болуп келген, бул болгону кайталануу жана уланып жаткан бир процесс. Эң башкысы- мамлекетибиз жалаң жаңы жүздөрдү камтыган жаңы саясий партияга жана жаңы күчкө муктаж болуп жатат. Азыр чоң саясатта андай партияны жана команданы көрө элекмин. Өзгөрүүнү жасаш үчүн жөн гана жаштар эмес, билимдүү жана илимдүү жаштардын келиши абзел. Мына ошолор реформаларды жасай алышат. Алардын келишин камсыз кылуу керек жана алардын өлкөнү өзгөртүү боюнча чоң максаты болуп, ага умтулуусу керек. Жаштар өздөрү чоң өзгөрүү жасаш үчүн бийликке умтулбаса, аларга эч ким жолду бошотуп жана колдоруна бийликти бербейт. Эң башкы ойду айткым келип жатат, жаштар өздөрү аракетке өтүп бөлүнбөстөн биригип, бир күч болуп саясатка аттануусу кажет. Ошол эле мезгилде элибиз таза, билимдүү жана илимдүү жаштарды колдошу абзел. Демократиялык өлкөдө эң акыркы сөз элдин колунда, эл чындап өзгөрүүнү кааласа, ага аракет кыла турган болсо, анда сөзсүз түрдө чоң өзгөрүүлөр болот.

-Азыркы учурда шайлоого аттана турчу партиялардын тизмеси толугу менен белгилүү боло элек. Бирок акырындан шайлоого даярдануу башталганын көрүп жатабыз. Кээ бир партиялар ачыкка чыгып, чоң билдирүүлөрдү жасап жатышат. Өкүнтө турчу нерсе, жаңы жана сапаттуу бир дагы саясий партия пайда боло элек. Ошол эле партиялар, ошол эле адамдардын тизмеси менен аттанып жатышат. Кээ бир өзгөрүүлөр бар, жаштардын, жаңы жүздөрдүн тизмеге кошулганын көрүп жатабыз, бирок ал аркылуу чоң өзгөрүү келет дегенден алыс болуш керекпиз. Анткени буга чейин дагы окшош окуялар болуп келген, бул болгону кайталануу жана уланып жаткан бир процесс. Эң башкысы- мамлекетибиз жалаң жаңы жүздөрдү камтыган жаңы саясий партияга жана жаңы күчкө муктаж болуп жатат. Азыр чоң саясатта андай партияны жана команданы көрө элекмин. Өзгөрүүнү жасаш үчүн жөн гана жаштар эмес, билимдүү жана илимдүү жаштардын келиши абзел. Мына ошолор реформаларды жасай алышат. Алардын келишин камсыз кылуу керек жана алардын өлкөнү өзгөртүү боюнча чоң максаты болуп, ага умтулуусу керек. Жаштар өздөрү чоң өзгөрүү жасаш үчүн бийликке умтулбаса, аларга эч ким жолду бошотуп жана колдоруна бийликти бербейт. Эң башкы ойду айткым келип жатат, жаштар өздөрү аракетке өтүп бөлүнбөстөн биригип, бир күч болуп саясатка аттануусу кажет. Ошол эле мезгилде элибиз таза, билимдүү жана илимдүү жаштарды колдошу абзел. Демократиялык өлкөдө эң акыркы сөз элдин колунда, эл чындап өзгөрүүнү кааласа, ага аракет кыла турган болсо, анда сөзсүз түрдө чоң өзгөрүүлөр болот.

Дамир ЖҮНДҮБАЕВ, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү:

“ЖАҢЫ МЫЙЗАМ-ЧЕНЕМДЕР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ”

-Талапкерлерди же партияларды тандоодо шайлоочулар үчүн шарттар түзүлүүдө. Мурунку мезгилде партиянын финансы жагынан ачык-айкындуулугу жок эле. Азыр баары ачык, кайсыл жерден финансы булактары келүүдө, эмнеге алар жумшалып жатат, кимдер бергендиги тууралуу маалыматтар борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында коюлат. Андан сырткары партиялар саясий программаларын республикалык гезитке бирден кем эмес жолу жарыялашы керек.  Кошумча борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштырылат. Булардын баары, кийинки дебаттар программанын алкагында жүрүшү керек. Популисттик, реалдуу ишке ашчу же элге келечектүү программаларбы деп, эл кызыккан суроолорду дебаттарда бергендигине жараша тандаганга шарттар түзүлөт дегендей мыйзамдар киргизилген. Буга чейин дебаттарга талапкердин ишенимдүү адамдары катышып келген, бирок жаңыртылган мыйзамда талапкерлер өздөрү катышсын деген ченем кирген. Негизгиси гендердик теңдүүлүк боюнча айылдык кеңештерге киргизилди. Айылдык кеңештерде 30%дан кем эмес резевр айымдарга берилет. Аларга өзүнчө добуш берилип, айымдардын ордуна бир гана айымдар келе турган болот. Мына ушундай жаңы мыйзам-ченемдер иштелип чыкты. Андан сырткары эң көйгөйлүү болгон стадиондордо, көчөлөрдө жана калктуу конуштарга концерт коюулар, спорттук оюндар жана улак берүүлөрдү мыйзам тыюу салат. Ал эми үгүт иштери талапкерге шайлоочулар суроо берип, ал жооп берүү ыкмасы менен жүрүшү керек. Мыйзам боюнча шайлоонун өтүүсү азыркы чакырылыштагы  Жогоку Кеңештин депутаттарынын конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын биринчи жекшембиси деп айтылат. Эгер бул биринчи октябрда аяктаса, биринчи жекшемби төртүнчү октябрь болуп калат.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17