Аймак

КР Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн эмгектер «АШИМОВДУН ТЕОРИЯСЫ» ӨЗ БААСЫН АЛУУГА ТИЙИШ

КР Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн эмгектер  «АШИМОВДУН ТЕОРИЯСЫ»  ӨЗ БААСЫН АЛУУГА ТИЙИШ

 2,373 Бардыгы /

     Ушул күндөрдө  Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагынан эки жылда бир берилүүчү мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн эмгектердин тизмеси жарыяланды.  Аталган тизмеде КР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор  Исабек Ашимовдун «Теория и практика формирование и развития современной научно-мировоззренческой культуры»  аттуу монографиялык эмгектеринин тизмеги да бар.

  Илимий чөйрөдө «Ашимовдун теориясы» деп аталган калган бул эмгектерге республикабыздын аттуу-баштуу, көрүнүктүү  окумуштуулары Исабек Ашимовдун бул эмгектерине илимий жаңылык катары баа беришкен. Алсак, академик, философия илимдеринин доктору Аскар Какеев И.Ашимовдун илимий эмгегинин стратегиялык мааниси чоң экендигин баса белгилеп, философия илиминин тарыхына салым кошкондугун  айтып өткөн.

Илим жана техника жагынан  берилүүчү мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн эмгектерди талкуу үчүн өтө эле аз убакыт берилиптир. Мындай маселелер коомчулукта ачык талкууланып, элге тизмеге киргизилген эмгектердин артыкчылыгы, өзгөчөлүгү жөнүндө  маалыматтар жетсе, ага калк өзүнүн калыс баасын берет болчу. Ачыгын айтканда дүйнөнү дүрбөлүңгө салган таажылуу вирус, пандемия да  ага кедергисин тийгизип жаткандыгын моюнга алууга тийишпиз.

Биз окурмандарга илимий чөйрөдө «Ашимовдун теориясы» деп аталган калган бул эмгектердин маани-маңызы тууралуу кыскача түшүндүрмө берип өтүүгө аракет кылдык.

  КР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор  Исабек Ашимовдун ою боюнча адамзат коомунун өнүгүү тарыхы- бул биринчи кезекте маалыматты кайра иштеп чыгуу жана бириктирүү жолу менен билим казынасын түзүү тарыхы, аны илим таануучулук маданиятынын багажын түзүү маселеси учурдагы актуалдуу маселе.  Логикадагы, аң-сезимдеги, билимдеги, жүрүм-турумдагы жана кыймыл-аракеттеги диссонанс жана карама-каршылыктар жалпы адам системиндеги бузулууларга алып келет. Мындай масштабдуу маселелерди баш аламан мейкиндикте чечүү мүмкүн эмес, себеби системди талдоосуз анны көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Так ушул үчүн илим таануучулук маданиятын түзүү жана анын акыбалын өзгөртүү боюнча бирдиктүү теория керек. Азыркы учур  илим таануучулук маданиятын түзүү максатка ылайык экендигин талап кылгандыктан,  адамдын аң-сезиминин кванттыгын жана «ийилчээктигин»  эске алуу менен түздөнтүү зарыл.

 Окумуштуу ушул маселенин үстүндө чыгармачылык менен тынымсыз иштеп, анын жыйынтыгында 2018-жылы «Индивиддин илим таануучулук маданиятынын түзүмүнүн жана акыбалын өзгөртүүнүн закон ченемдүүлүгү» («Закономерность формирование и изменения состояния научно-мировоззренческой культуры индивида»)  аттуу илимий ачылыш жарыялады. Көрүнүктүү илимпоздор баа бергендей  «Ашимовдун теориясы» илим таануучулук маданиятынын калыптануу закон ченемдүүлүгүн чагылдырат.

   Учурдан пайдаланып, баса белгилеп өтүүчү дагы бир жагдай, профессор Исабек Ашимовдун бул илимий эмгеги биздин өлкөбүздөгү төртүнчү, гуманитардык  багыттагы биринчи илимий ачылыш болуп эсептелет. Ошондуктан анын бул эмгектерин таанууга жана баалоого убакыт жетти. 

Абдижалил МУРАТОВ, медицина илимдеринин доктору, профессор

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17