Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,467 Бардыгы / Ыктыярчылар кыймылы Азыркы учурда республикабыздын бардык аймактарында ыктыярчылар кыймылы кулач жайып, алар канчалаган адам өмүрлөрдү сактап жатышкандыгын массалык маалымат каражаттарынан, интернет булактарынан жана социалдык тармактардан окуп, көрүп жатабыз. Алардын дарегине мамлекет башчысы да жылуу сөзүн билдирди. Ыктыярчылар кыймылы Ноокат районунда да кеңири жайылып, март айылынын бери чарчап-чаалыгышса да бел чечпей иштеп жаткан дарыгерлерге […]
2,468 Бардыгы / Ыктыярчылар кыймылы Азыркы учурда республикабыздын бардык аймактарында ыктыярчылар кыймылы кулач жайып, алар канчалаган адам өмүрлөрдү сактап жатышкандыгын массалык маалымат каражаттарынан, интернет булактарынан жана социалдык тармактардан окуп, көрүп жатабыз. Алардын дарегине мамлекет башчысы да жылуу сөзүн билдирди. Ыктыярчылар кыймылы Ноокат районунда да кеңири жайылып, март айылынын бери чарчап-чаалыгышса да бел чечпей иштеп жаткан дарыгерлерге […]
МЕЗГИЛ БААТЫРЛАРЫ
06.08.2020 / Автор aymak

2,469 Бардыгы /
Ыктыярчылар кыймылы
Азыркы учурда республикабыздын бардык аймактарында ыктыярчылар кыймылы кулач жайып, алар канчалаган адам өмүрлөрдү сактап жатышкандыгын массалык маалымат каражаттарынан, интернет булактарынан жана социалдык тармактардан окуп, көрүп жатабыз. Алардын дарегине мамлекет башчысы да жылуу сөзүн билдирди.
Ыктыярчылар кыймылы Ноокат районунда да кеңири жайылып, март айылынын бери чарчап-чаалыгышса да бел чечпей иштеп жаткан дарыгерлерге жакындан жардам берип жатышат. Жакында райондун Н.Исанов атындагы айыл аймагында Муктарали уулу Бактыбек, Исакбай уулу Актилек, Назарбек уулу Искак, Адилбеков Бекмырза сыяктуу жаш жигиттерден турган ыктыярчылардын тобу түзүлдү. Алар колунда бар демөөрчүлөргө абалды түшүндүрүп, керектүү коргонуучу кийимдер жана 2 жасалма дем алдыруучу аппарат алдырышты. Транспортту өздөрү уюштурушуп, аймактагы ден-соолугу начар оруулардын үйлөрүнө барышып, деми кысылган адамдарга жасалма дем алдыруу жолу менен жардам берип жатышат. Абалы оор болгондорду ооруканага алып келишет.
Айыл аймактын Күнгөй-Кожоке айылыны тургуну, эмгек ардагери Өсөров Маматжандын айтуусунда Муктарали уулу Бактыбек ар дайым көпчүлүктүн кызыкчылыгы үчүн жүргөн, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө жан аябаган айылдагы алдыңкы, демилгелүү жигиттердин бири. Быйыл айылдын имамы Жапаров Бекназар экөө араб демөөрчүлөргө кайрылып, эски мечиттин ордуна заманбап жаңы мечиттин имараты курулушу башталды.
Кийинки учурда анын демилгеси менен Кошчан дарыясынан мыйзамсыз шагыл казып жаткандардын аракетине бөгөт коюлду. Күнгөй-Кожоке айылынын айылдын арыктары талапка ылайык казылып, жылда тартыш болгон суу быйыл үзгүлтүксүз келип жатат.
Бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө салган, адамзатты терең ойго салган азыркы оор учур кимдин ким экендигин ого бетер көзгө сайып көрсөтүп койду. Мезгил демейде шайлоо алдында «мен элим үчүн тигиндей кылдым, мындай кыламын!» деп ооз көптүрүп кыйкырып жүргөн
депутаттарыбыздын ушундай кыйын кезеңде өзүнүн жеке керт башын корголоп, коңулга кирип кете тургандыгын, катардагы адамдардын арасында да күндөлүк көр тиричилигинен чыга албагандар бар экендигин далилдеп берди.
Бирок, бизди сыймыктандырган нерсе, уучубуз кур эмес экен, азыркы катаал мезгил өз баатырларын алып чыкты. Алар-өзүнүн ден соолугун тобокелге салган ак халатчан дарыгерлерибиз, кыйналып турганга элге кол сунган ыктыярчыларыбыз. Элдин ден-соолугуна көңүл кош карабаган демилгелүү жаштардын оорулуу адамдарга материалдык жана моралдык жактан жардам берип жатышкан балдарга эл ыраазылыгын айтып жатышат.
Сүрөттөрдө: 1.Муктарали уулу Бактыбек,
2.Исакбай уулу Актилек,
3.Назарбек уулу Искак,
4.Адилбеков Бекмырза
Төлөнбай Абдыразаков, Ноокат району, Н.Исанов айыл аймагы.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
01.04.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ
-
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАНЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК” АТТУУ ПАТРИОТТУК – МАДАНИЙ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.