Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
955 Бардыгы / Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты Тимур Карабаев 12-августта анын коргоосундагы адам менен жолугуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кире албай жатканын билдирди. Ал Абдуллаев менен жолугуп аны мындан ары жактоо боюнча тиешелүү документтерге кол койдурушу керектигин, бирок атайын кызматка аны киргизбей жатышканын кабарлады. «Бизге кечээ эле 12-августта жолуксак болорун […]
956 Бардыгы / Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты Тимур Карабаев 12-августта анын коргоосундагы адам менен жолугуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кире албай жатканын билдирди. Ал Абдуллаев менен жолугуп аны мындан ары жактоо боюнча тиешелүү документтерге кол койдурушу керектигин, бирок атайын кызматка аны киргизбей жатышканын кабарлады. «Бизге кечээ эле 12-августта жолуксак болорун […]
БОБОМУРОД АБДУЛЛАЕВДИН АДВОКАТЫ АНЫ МЕНЕН ЖОЛУГА АЛБАЙ ЖАТКАНЫН АЙТТЫ
12.08.2020 / Автор anarkan_kg957 Бардыгы /
Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты Тимур Карабаев 12-августта анын коргоосундагы адам менен жолугуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кире албай жатканын билдирди.
Ал Абдуллаев менен жолугуп аны мындан ары жактоо боюнча тиешелүү документтерге кол койдурушу керектигин, бирок атайын кызматка аны киргизбей жатышканын кабарлады.
«Бизге кечээ эле 12-августта жолуксак болорун айтышкан. Бүгүн болсо Абдуллаев 14 күндүк карантинге алынганын билдирип жолуктурбай жатышат. Адатта тергөө изоляторуна кирген адам тергөө абагында отурган башка адамдардан бир-эки күнгө обочо кармалат. Бирок адвокат менен жолугушуусуна эч кандай чектөө болбош керек. Анын үстүнө Абдуллаевдин адвокаттары аны менен 9-августта, кийин сотто бөгөт чарасы каралып жатканда да контакт болгонбуз. Прокуратура 30 күн ичинде Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берүү же баш тартуу боюнча чечим кабыл алышы керек. Алар бул ишти 30 күнгө чейин созбойт да. Азыр деле чечип коюшу мүмкүн. УКМК Абдуллаев адвокаттардын жардамын албаш үчүн ушунун баарын атайын уюштуруп жатат», – деди Тимур Карабаев.
Ал УКМКнын кызматкерлерине документтерди берип Бобомурод Абдуллаевге кол койдуруп чыгууну сунуштаганын, бирок алар баш тартканын кошумчалады.
Атайын кызмат өзбекстандык журналисттин адвокаттарын УКМКга эмнеге киргизбей жатканы тууралуу комментарий бере элек.
Кыргызстандын УКМКсынын кызматкерлери өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.
Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.
Абдуллаев 10-августта сотко жеткирилген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.
Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Бобомурод Абдуллаевди атайын кызмат 2017-жылы 27-сентябрда «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен Ташкентте кармаган. 2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Көп өтпөй журналист артынан аңдуу жүрүп жатканын социалдык тармактардагы баракчасында билдирген.
Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПКО ТИЕШЕСИ БАР ЖАРАН КАРМАЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg 23-АПРЕЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ «СЕН КИТЕПТИ АЧАСЫҢ, АЛ СЕНИ…”
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖА БЧБсын МЫНДАН АРЫ ЧЫНЫГҮЛ АЗИМБАЕВА БАШКАРАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.