Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,024 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусунун өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысы Сузак районунда жайгашкан «Шахдан», ЖЧКна барды. Компаниянын негиздөөчүсү Данияр Сулайманов Сооронбай Жээнбековго ишкана 2020-жылдын январынан тартып иштеп баштаганын маалымдады. Завод Түркиядан импорттолгон грек жаңгагынын данегин кургатуу жана сорттоо, күн карама данын тазалоо, сорттоо жана таңгактоо, мистени сорттоочу […]
1,025 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусунун өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысы Сузак районунда жайгашкан «Шахдан», ЖЧКна барды. Компаниянын негиздөөчүсү Данияр Сулайманов Сооронбай Жээнбековго ишкана 2020-жылдын январынан тартып иштеп баштаганын маалымдады. Завод Түркиядан импорттолгон грек жаңгагынын данегин кургатуу жана сорттоо, күн карама данын тазалоо, сорттоо жана таңгактоо, мистени сорттоочу […]
Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: АЙМАКТАРДАГЫ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОО МАМЛЕКЕТТИН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МИЛДЕТИ БОЙДОН КАЛАТ
13.08.2020 / Автор orozalieva1,026 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусунун өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мамлекет башчысы Сузак районунда жайгашкан «Шахдан», ЖЧКна барды.
Компаниянын негиздөөчүсү Данияр Сулайманов Сооронбай Жээнбековго ишкана 2020-жылдын январынан тартып иштеп баштаганын маалымдады.
Завод Түркиядан импорттолгон грек жаңгагынын данегин кургатуу жана сорттоо, күн карама данын тазалоо, сорттоо жана таңгактоо, мистени сорттоочу жабдуулар менен жабдылган.
Компания жергиликтүү мөмө-жемиштерди, токой жана айыл чарба продукцияларын, «биопродуктулар» катары: грек жаңгагы, мисте, кургатылган жемиштер, күн караманын үрөнүн жана башкаларды экспорттойт.
Президент Сооронбай Жээнбеков экологиялык таза азык-түлүктөрүн чет өлкөлүк рынокко экспорттоодо өлкөнүн келечектүү дараметин белгиледи.
Агрардык өлкө үчүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалар чоң мааниге ээ, буга байланыштуу кайра иштетүү өнөржайына мындан ары өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
Президент мамлекеттин артыкчылыктуу милдети болгон аймактардагы ишкерлерди колдоо ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берерин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле, Жалал-Абад шаарындагы электр туташтыргычтарды жана шаймандарды өндүрүү менен алектенген «Нур» ААК ишканасына барды.
Ишкана жетекчиси Абдыжапар Тагаев маалымдагандай, компаниянын мындан аркы пландары өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жаңы талаптарды эске алуу менен өндүрүштү өнүктүрүү.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактык өнүктүрүүнүн алкагында жаңы жумуш орундарын түзгөн жер-жерлердеги ишкерлердин демилгелерин колдоого өлкөнүн каржы институттарынын 70% га жакын жеңилдетилген каражаттары аймактарга багытталып жатканын эске салды. Бул ички миграцияны азайтууга жана облустарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мамлекет башчысы «Нур» ААК жетекчилигине өндүрүшкө заманбап технологияларды киргизүүнү сунуштады, мамлекеттик түзүмдөр ишкердикти өнүктүрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү үстүндө иштерди улантарын баса белгиледи.
Эске салсак, 2018-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешке караштуу өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлүп, ал мамлекет менен ишкер коомчулугунун ортосунда актуалдуу маселелерди чечүү үчүн пикир алышуунун аянтчасы болууга багытталган.










Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg “СЕЗИМ СЫРЛАРЫ” АТТУУ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.10.2025 / Автор anarkan_kg БЕНАЗИР НУРЛАНОВА ЭКОНОМИКА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
06.12.2025 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЭТТИН БААСЫ БОЮНЧА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.