Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,972 Бардыгы / 21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Коомдук диалогдун […]
1,973 Бардыгы / 21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Коомдук диалогдун […]
ШАЙЛОО УЧУРУНДА ШАЙЛОО КАМПАНИЯЛАРЫНЫН КАРЖЫЛАНУУСУН ЧАГЫЛДЫРУУДАГЫ ЖМКнын РОЛУ
21.08.2020 / Автор anarkan_kg1,974 Бардыгы /
21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.
Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.
Коомдук диалогдун башкы максаты – ЖМК жана Интернет-басылмалардын өкүлдөрү менен шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүү жана сапаттуу болушуна түздөн-түз жана бир топ таасир тийгизген шайлоо кампанияларынын каржылануусундагы маселелерди талкуулоо болду.
Катышуучуларга КР БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов, ПРООНдун шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова жана “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А. Усупбекова кайрылышты.
БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов шайлоо процессиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-басылмалардын ойной турган чоң ролу тууралуу айтып берди. “ЖМКлар шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого жардам беришет, шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны аткарышат. Керек болсо ЖМК шайлоочуларга маалымат берип гана тим болбой, шайлоонун ачыктыгын, мыйзамдуулугун, жана аныктыгын да камсыз кыла алат”, – деди ал.
ПРООНдун шайлоолорду колдоо боюнча программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова өз сөзүндө саясатта шайлоочу кандай тандоо жасай тургандыгына акча чоң роль ойной тургандыгын белгиледи. “ЖМК жана Интернет-басылмалар саясый партиялар кандай каржыланып жаткандыгы, алар каражатты эмнеге коротуп жаткандыгы боюнча обьективдүү жана калыс маалымат берип туруулары абдан маанилүү. Бул шайлоочуларга аларга шайлоо кампанияларын каржылоодо кандай ыкманы кабыл ала алуу же кабыл ала алышпай тургандыгы боюнча толук картинаны ачып билүүгө жана кайсы саясый күчтү колдоо керектигин аң-сезим менен тандоого жардам берет”, -деди Ю. Шипилова.
“Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова демократиялык укуктук коомду, күчтүү жарандык коом курууда, өткөрүлүп жаткан реформалардын ачык-айкындыгын камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Өзгөрүүлөр тууралуу, өлкөдөгү бардык көйгөйлөр тууралуу ошондой эле чечүүнү талап кылган бардык маселелер боюнча маалыматтарды жарандар ЖМК аркылуу алып турушат деди.
“Шайлоо кампанияларынын каржылануусун талкуулоо биздин өлкөдө жакында эле пайда болду. Катышуучулардын көпчүлүгү талапкерлердин шайлоо фонддорунун отчеттуулугу жана негизги концепциялары менен тааныш эмес. Ошондуктан бүгүнкү диалог саясый каржылоонун концепцияларын талкуулоо, бардык кызыкдар тараптар шайлоо кампанияларын каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүүсү үчүн, шайлоо учурундагы талапкерлердин отчеттуулугунун так механизмдери бере турган ачык маалыматтар менен мониторинг кылуу билимин алса болот. Биздин журналисттик коомчулукта мамлекеттик саясатка жетүү жана жарандарга саясат жана акча тууралуу, каражаттын шайлоо жыйынтыгына таасири жөнүндө маалымат берүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, – деди А. Усупбекова.
Ошондуктан биринчи коомдук диалог ишке кирип, анын аркасы менен бардык журналисттер үчун тренингдер өтүп, ага ачык маалыматтар менен иштей билүү жөндөмдөрүнө ээ болууну каалагандар катышып, бул жарандарга партиялардын фонддорунун булактары, ал каражаттардын сарпталышы тууралуу маалымат берүүгө жардам берет.
Спикерлер катышуучуларга айткан сөздөрүндө КР Жогорку Кеңешине шайлоону акыйкаттык менен чагылдыруудагы ЖМК ролу тууралуу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каржылануусунун ачыктыгы боюнча, шайлоону өткөрүүдө шайлоо фонддорунун каражаттарынын сарпталышынын түзүлүшү тууралуу кенен айтып беришити.
Маалымат үчүн:
Бардык ыкчам маалыматтарды, БШК жыйындары жана видеосабактарды төмөнкү ресурстардан алууга болот.
Телеграм – ШАЙЛО2020 – https://t.me/joinchat/AAAAAEV_8i0N_XlH1Q-XJQ
Инстаграм – tsik_kyrgyzstan – https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/
Youtube – Центризбирком КР – https://www.youtube.com/channel/UC4Hhg8dK8khbhuCO8JaBj6w
Facebook – Центральная избирательная комиссия КР – https://www.facebook.com/shailoo.kg/
Одноклассники – https://ok.ru/profile/576521764242
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ШИРИН КОСТЮК ОШМУнун СТУДЕНТТЕРИНЕ КОНОК ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАДА ТАР ДАРЫЯСЫНА КУЛАГАН БАЛАНЫ ДАГЫЛЕ ИЗДЕП ЖАТЫШАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.