Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
955 Бардыгы / Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. 12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген. Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык […]
956 Бардыгы / Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. 12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген. Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык […]
ШААРДЫК СОТ АСКАРОВДУН ИШИН КАРАГАН ЖОК
21.08.2020 / Автор aymak957 Бардыгы /
Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген.
Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан. 20-августта Бишкек шаардык соту мурдагы чечимди күчүндө калтырып, ишти өндүрүшкө алган жок.
Бул талаш Бишкек шаардык сотунда каралганга чейин укук коргоочу Азимжан Аскаров түрмөдө каза болгон. Ал 25-июлда түрмөдө пневмониядан көз жумган.
Былтыр 23-ноябрда Азимжан Аскаров «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген негизде өкмөткө каршы арыз жазган. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.
Аскаровдун сот жараянындагы мураскери катары сунушталган аялыХадича Аскарова да жараянга катышып, күйөөсүнүн арызын Жогорку сотко чейин жеткирүүгө ниети бар экенин айтты:
«Соттон мен адилеттикти күтүп жатам. Мен жолдошумду актап беришин суранам. Ал күнөө кылбай, күнөөкөр болуп өтүп кетти. Мен аны түрмөдө каза болот деп ойлогон эмес элем. Ал мен келген сайын келечек тууралуу жакшы ойлору менен бөлүшчү. Ошондуктан мен үчүн, балдарым үчүн да анын өлүмү күтүүсүз болду. Ошого карабай ал үчүн бардык сот отурумдарына катышып, күрөшүүгө даярмын».
БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын басма сөз катчысы Элизабет Тросселл Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл экенин жана анын үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу бар экенин 28-июлда Женевада билдирген. Ошондой эле Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтагы маегинде түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча суроого жооп берип жатып, укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталганын билдирген.
69 жаштагы Азимжан Аскаров 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилген.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ЭАУнун СТУДЕНТИ “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ АЧЫЛДЫ
-
-
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТА ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ
-
26.08.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДИПЛОМАТТАР ШААРЧАСЫ КУРУЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.