Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
805 Бардыгы / Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу 2-сентябрда жарыяланды. Анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, кайрылууну ал 28-августта Атамбаевдин колунан алып, компьютерге терген. Майрам жана дем алыш күндөргө байланыштуу кайрылуу 2-сентябрда таратылды. Атамбаевге таандык «Апрель» каналынын сайтында жарыяланган текстте мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айткан. […]
806 Бардыгы / Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу 2-сентябрда жарыяланды. Анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, кайрылууну ал 28-августта Атамбаевдин колунан алып, компьютерге терген. Майрам жана дем алыш күндөргө байланыштуу кайрылуу 2-сентябрда таратылды. Атамбаевге таандык «Апрель» каналынын сайтында жарыяланган текстте мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айткан. […]
АБАКТАГЫ МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТ АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ БАТУКАЕВДИН ИШИ БОЮНЧА КАЙРЫЛУУ ТАРАТТЫ
02.09.2020 / Автор aymak807 Бардыгы /
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу 2-сентябрда жарыяланды. Анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, кайрылууну ал 28-августта Атамбаевдин колунан алып, компьютерге терген. Майрам жана дем алыш күндөргө байланыштуу кайрылуу 2-сентябрда таратылды.
Атамбаевге таандык «Апрель» каналынын сайтында жарыяланган текстте мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айткан.
Сот жабык өтүп, бардык материалдар сыр түрүндө сакталгандыктан, көпчүлүк чындыкты билбей, бийликтин ар кандай ушак-жалааларына ишенип жатканын, буга байланыштуу кайрылуу таратканын белгилеген.
«Президент катары 2011-жылдан тартып мен 80ден ашуун киши каза таап, жүздөгөн адам жарадар болгон 7-апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялаш үчүн бардык чараларды көрдүм. «Батукаев иши» аркылуу 2012-жылы УКМКнын пландалган операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келиши керек эле. Операцияны жетектөөнү анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок кылмыш ишинин бир да материалында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан коррупциялык же башка аракеттер жок. Болушу да мүмкүн эмес. Ошондуктан чындыкты жашырыш үчүн бийликтин чечими менен сот жабык өтүп, материалдар сыр түрүндө сакталды. Тилекке каршы, УКМКнын операциясы ийгиликтүү болгон жок. «Батукаев иши» боюнча өкүм менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө Жаныш Бакиевге жана анын шериктерине кол тийбестик берип койду», деп жазылган Атамбаевдин кайрылуусунда.
Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.
Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Бул иш боюнча соттук териштирүү уланып жатат.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
14.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
03.09.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТЫ МАНАС ШААРЫ БОЛУП ӨЗГӨРӨТ
-
25.09.2025 / Автор anarkan_kg ЧАТКАЛДА ЖАҢЫ ФЕЛЬДШЕРДИК-АКУШЕРДИК ПУНКТ АЧЫЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.