Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
685 Бардыгы / Жекшемби күнү беларус президенти Александр Лукашенкого каршы өткөн Минск шаарындагы ири акцияда 200гө жакын киши кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди. Кармалгандардын тизмеси уюмдун сайтына жайгаштырылды жана ал толукталып жатат. Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкө боюнча бери дегенде 100 киши кармалганын ырастады. Журналисттер менен укук коргоочулар өлкөнүн Гродно, Брест, Баранович, Могилёв, Витебск […]
686 Бардыгы / Жекшемби күнү беларус президенти Александр Лукашенкого каршы өткөн Минск шаарындагы ири акцияда 200гө жакын киши кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди. Кармалгандардын тизмеси уюмдун сайтына жайгаштырылды жана ал толукталып жатат. Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкө боюнча бери дегенде 100 киши кармалганын ырастады. Журналисттер менен укук коргоочулар өлкөнүн Гродно, Брест, Баранович, Могилёв, Витебск […]
МИНСК ШААРЫНДА ОНДОГОН АКЦИЯ КАТЫШУУЧУЛАРЫ КАРМАЛДЫ
07.09.2020 / Автор anarkan_kg687 Бардыгы /
Жекшемби күнү беларус президенти Александр Лукашенкого каршы өткөн Минск шаарындагы ири акцияда 200гө жакын киши кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди.
Кармалгандардын тизмеси уюмдун сайтына жайгаштырылды жана ал толукталып жатат. Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкө боюнча бери дегенде 100 киши кармалганын ырастады.
Журналисттер менен укук коргоочулар өлкөнүн Гродно, Брест, Баранович, Могилёв, Витебск шаарларында да адамдар кармалганын билдиришүүдө. Tut.By сайты күбөлөргө таянып, Гроднодо полиция акция катышуучуларын сабап, чачынан сүйрөгөнүн билдирди.
«Интерфакс» агенттиги активисттер менен күч түзүм кызматкерлеринин Минск трактор заводуна жакын жердеги кагылышуусунан кийин бир нече киши медициналык жардам сурап кайрылганын жазды.
Кармалгандардын арасында оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Ольга Павлова, «Экодом» компаниясынын башчысы Ирина Сухий жана «Рацыя радиосунун» журналисти Артём Сизинцов да бар.
6-сентябрдагы акциялар «Бардыгы бирөө үчүн жана бирөө бардыгы үчүн» деген ураан менен өтүп, «Биримдик жүрүшү» деп аталды.
Минскиде шаардын ар кайсы бөлүгүнө чогулган демонстранттар Эгемендик сарайы менен Лукашенконун резиденциясынын алдына топтолушту. Ага чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын жолун тосуп, айрымдарын кармап кетишкен. Кечке жакын шаарда катуу жаан башталып, чогулгандар акырындык менен тарай башташты. Алар резиденциянын алдына Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган ондогон жазууларды калтырып кетишти. Милиция 50гө жакын кишини митинг аяктап калганда кармады. Мындан тышкары Жеңиш паркында, Эркиндик аянтында, Немига жана Жеңүүчүлөр көчөлөрүндө да адамдар кармалды.
6-сентябрда Минск шаарындагы акцияга он миңдеген киши катышты. Айрым маалыматтар боюнча, Эгемендик сарайына 100 миңден ашык адам келди. «Жамгырга, бийликтин басымына жана репрессияларга карабастан, өткөн жекшембиге караганда көп киши чыкты. Нааразылык акциялар жеңишке чейин уланат деп ишенем», — деди оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникова.
Беларустун баш калаасында жана башка шаарларында Александр Лукашенкого каршы акциялар президенттик шайлоо өткөн 9-августтан бери уланууда. Жарандар шайлоонун жыйынтыгы одоно бурмаланган деп эсептешүүдө.
Акциялардын алгачкы күндөрү адамдар жапырт кармалып, көбү катуу сабалган. Оппозиция өкүлдөрү Координациялык кеңеш түзүшкөн. Ошол эле маалда көпчүлүк шаарларда акциялар бирдиктүү уюштуруучулары жок өтүүдө.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
24.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА КИРГИЗИЛГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНАТ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg 23-АПРЕЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ «СЕН КИТЕПТИ АЧАСЫҢ, АЛ СЕНИ…”
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.