Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
733 Бардыгы / Өзбекстандын биринчи айымы жетектеген «Замин» фонду Кытайдан Өзбекстанга кислороддук концентраторлорду сатып алууда ортомчу болгон. «Оздолик» радиосу жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Гонконгдо катталган Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. заводу августта «Замин» фондунун логотиптери чапталган аппараттарды Өзбекстанга жөнөткөн. Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. компаниясы өз продукцияларын MICiTECH бренди менен сатат. – Көпчүлүк учурларда өкмөттөр […]
734 Бардыгы / Өзбекстандын биринчи айымы жетектеген «Замин» фонду Кытайдан Өзбекстанга кислороддук концентраторлорду сатып алууда ортомчу болгон. «Оздолик» радиосу жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Гонконгдо катталган Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. заводу августта «Замин» фондунун логотиптери чапталган аппараттарды Өзбекстанга жөнөткөн. Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. компаниясы өз продукцияларын MICiTECH бренди менен сатат. – Көпчүлүк учурларда өкмөттөр […]
ИЛИКТӨӨ: ӨЗБЕКСТАНДЫН БИРИНЧИ АЙЫМЫНЫН ФОНДУ КЫТАЙДАН КИСЛОРОДДУК КОНЦЕНТРАТОР ТАШУУ ИШИНЕ АРАЛАШКАН
28.09.2020 / Автор aymak735 Бардыгы /
Өзбекстандын биринчи айымы жетектеген «Замин» фонду Кытайдан Өзбекстанга кислороддук концентраторлорду сатып алууда ортомчу болгон.
«Оздолик» радиосу жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Гонконгдо катталган Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. заводу августта «Замин» фондунун логотиптери чапталган аппараттарды Өзбекстанга жөнөткөн.
Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. компаниясы өз продукцияларын MICiTECH бренди менен сатат.
– Көпчүлүк учурларда өкмөттөр өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын түздөн-түз сатып алышпайт, алар үчүнчү жакты жалдашат. Өткөн айда биз «Замин» фонду аркылуу Өзбекстан өкмөтүнө кислороддук концентраторлорду жеткирдик, – деди Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. компаниясынын өкүлү.
«Замин» коомдук фонду быйыл апрель айында «өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошуу» максатында түзүлгөн. Анын төрайымы – Өзбекстан президентинин жубайы Зироат Мирзиёева.
4-сентябрда фонддун сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, «Замин» фонду «Дем ал, Өзбекстан!» демилгесин колдогон жана 29-июлдан 9-августка чейин коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды жана кислороддук концентраторлорду тапшырган. Сайтта фонд өз ишмердүүлүгүн эл аралык уюмдардын гранттары жана кайрымдуулук үчүн келип түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзөрү айтылган.
Бул маалыматта 1035 кислороддук концентратордун 132си «Muruvvat va sahovat» үйүнө орнотулганы, дагы 55и «Xizmat beminnat» аттуу ыктыярчылар кыймылына берилгени айтылган. Калган 848и кайда бөлүштүрүлгөнү жөнүндө маалымат жок.
Зироат Мирзиёева жетектеген фонд августта Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. фондунан 1000ден ашуун концентратор сатып алган. Кытайда концентратор чыгарган жүздөгөн компания бар, бирок Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. алдынкы заводдордун тизмесине кирбейт. Компаниянын жеке сайты да жок.
Бул арада «Great Kokand» логотиби менен чыккан, жергиликтүү деп эсептелген кислороддук концентраторлор да чынында Кытайдан даяр түрдө келгени аныкталды.
Зироат Мирзиёева Кокон шаарында төрөлгөн. Ал жетектеген «Замин» фонду менен «Great Kokand» жоопкерчилиги чектелген коому жарыша белгисиз Foshan MIC medical Technology Co, Ltd. компаниясынын кислороддук концентраторлорун сатып алганы кокустукпу же жокпу азырынча белгисиз.
Коронавирус пандемиясы учурунда кислороддук концентратор чыгарган ишканага айланган «Great Kokand» 1-ноябрдан баштап Өзбекстан ооруканаларын концентратор менен камсыздаган жападан жалгыз компания болуп калышы ыктымал.
Өткөн айда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жөнүндө токтомго кол койгон. Документке ылайык, мамлекеттик сатып алуу учурунда жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылык берилет. Бул мамлекеттик ооруканалар Кытайдан келген, бирок «Great Kokand» логотиби чапталган аппараттарды сатып алышат дегенди билдирет.
Расмий билдирүүдө жергиликтүү кислороддук концентраторлорду өндүрүү долбоорунун артында Фергананын мурдагы башчысы Шухрат Ганиев турары айтылган. Маалыматта «Great Kokand» эн тамгасы чапталган аппараттар Фергана ооруканаларына гана эмес республиканын бардык аймактарындагы ооруканаларга жеткирилери белгиленген. Шухрат Ганиев 25-сентябрда Өзбекстандын вице-премьер-министри болуп дайындалган.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
21.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНЫН БОРБОРДУК БАЗАРЫ ЭМИ ЖАПАЛАК АЙЫЛЫНА КӨЧҮРҮЛӨТ
-
29.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ЭРТЕҢ КАТУУ ЖААН ЖААП, СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.