Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
706 Бардыгы / Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. […]
707 Бардыгы / Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. […]
ЖЭЭНБЕКОВ: ШАЙЛОО АЛДЫНДА АР КАНДАЙ КҮЧТӨР ЖАНДАНЫП ЖАТАТ
29.09.2020 / Автор aymak708 Бардыгы /
Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды.
Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи.
Ошону менен катар Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. Алар эки өлкө ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөш мамилелерге жик салып жатканын, бирок колунан эч нерсе келбей турганын, себеби Кыргызстан Орусиянын колдоосуна ээ экенин белгиледи.
Путин өз сөзүндө кыргыз жетекчилигинин өлкө ичиндеги саясий абалды жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын билдирип: «Сиздин аракеттер менен уланат деп абдан үмүттөнөбүз. Биз, өз кезегинде мамлекет башчысы катары Сизди, Кыргызстанды жана Кыргызстандын элин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ири максаттарыңарды ишке ашырууда колдоо үчүн бардык аракеттерибизди көрөбүз», – деди.
Ошону менен катар Путин пандемияга байланыштуу Жээнбековдун Орусиядагы иш сапарынын мөөнөтү улам өзгөрүп келгенин, бирок кызматташтык уланып жатканын, жакында эле өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өткөнүн айтты. Былтыр ортодогу соода жүгүртүү кыйла көбөйүп, Кыргызстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 25% арбыганын белгиледи. Ал Жээнбековдун өтүнүчү менен Кыргызстанга буудай жөнөтүү көбөйгөнүн кошумчалады.
Путин Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туура багытта ишенимдүү уланып баратканын белгиледи.
Орус президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Путин менен Жээнбеков «стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты».
Орусиядагы сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат.
26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде президент Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин, ортодогу мамиле эң жогорку деңгээлде экенин айткан жана Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген.
Жээнбековдун Орусияга бул жолку сапары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Орусияда Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу айткан сөздөрү коомчулукта сын жана кызуу талкуу жараткан учурга туш келүүдө.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ РАЙОНУНДАГЫ ДАРЫЯДАН ОК-ДАРЫЛАР ТАБЫЛДЫ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.