Аймак

ДОБУШТАР САТЫЛДЫ. АТА МЕКЕН КОРКУНУЧТА!

ДОБУШТАР САТЫЛДЫ. АТА МЕКЕН КОРКУНУЧТА!

 1,269 Бардыгы /

         Кыргызстандын Түштүк башкалаасында деле Жогорку Кеңеш шайлоосу олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолду. Буга чейин  «Реформа», «Ата Мекен», «Мекенчил» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын талапкерлери олуттуу мыйзам бузуулар боюнча БШКга жана Президент Сооронбай Жээнбековго атайын Кайрылуу дагы жолдошкон. Тилекке каршы, буга Борбордук жана Жергиликтүү Бийликтер эч кандай адекваттуу реакция жасаша элек.

Ош жергесин кыдырып, эски саясатчыларды саясий айдыңдан тазалоо – люстрация ураанын демилгелеген «Реформа» партиясынын жолбашчысы шайлоо жыйынтыгын таптакыр тааныбай тургандыгын төмөнкүчө жар салды.

– Бийликчил партиялар жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган жапырт добуш сатып алуулары, коркутуп-үркүтүүлөрү элдин алсыздыгынан пайдаланып административдик ресурстарын ачык эле колдонуп, жарыммиллионго жакын шайлоочунун форма №2 аркылуу жасалган добуш алуулары бул шайлоонун эң ыплас ыкмада өткөндүгүн гана айгинелейт. Андыктан, биз, «Реформа» саясий партиясы Жогорку Кеңеш шайлоосунун жыйынтыктарын дегеле тааныбайбыз! Бул шайлоону уюштурган Бийликти дагы легитимсиз деп эсептейбиз! – деп агынан жарылды «Реформа» партиясынын төрайымы Клара СООРОНКУЛОВА.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын Оштогу өкүлү Гулгаакы МАМАСАЛИЕВА бийликчил партиялар шайлоочулар менен ачык эле соодалашып, акча таратышкандыгын ачыктады.

– Бийликчил жана коррупциялашкан партиялар турмуш-шарты оор, ошондой эле катардагы эле жарандарга ачыктан ачык акча таратышып, а түгүл миңдеген атуулдардын паспортторун жыйнап жүрүштү. Форма-2 менен миңдеген атуулдарды бир райондон экинчи районго, анан дагы чоң шаарларга өздөрү ташып келишип, убактылуу каттоого дагы коюшту. Натыйжада республика боюнча жалпы жонунан  жарым миллионго чукул адам бир жерден экинчи жерге «көчүрүлдү». Ош шаарындагы 76 шайлоо тилкесинин ар бирине башка райондордун жашоочуларын кошумча тизме менен киргизишип, дагы он жерде кошумча добушкана ачышып, он миңдеген адамдарды убактылуу каттоого үлүгүрүштү, – деп тызылдады«Ата Мекен» партиясынын Оштогу өкүлү Гулгаакы МАМАСАЛИЕВА. – Таажы илдетинебайланыштуу аралыктан окуп жатышкан студенттерди Форма-2 менен шаардан эптеп каттоодон өткөрүштү. А түгүл аларды «Окуудан айдайбыз! Анан дипломуңарды бербей коебуз!» деп коркутушуп, бийликчил партияларды колдоого гана мажбурлашты. Мындан тышкары Ош шаарындагы айрым үй башчылары оппозициячыл партияларга ачык эле бут тосушту. Маселен, мамлекеттик кызматта иштеген жарандардын ар бирине бийликчил партиялардын эсебине 10-15тен адам алып келүүнү милдеттендиришип,  бийликчил партияларга гана добуш берүүгө мажбурлашпадыбы. Бул боюнча тиешелүү бийлик органдарына кайрылуулар болгон, бирок, ал аракетибизден  эч кандай майнап деле чыккан жок!

         – Уулум, менин эки көзүм тең таптакыр көрбөйт. Андыктан, шайлоо тилкесиндегилер кайсыл партияга, кимге добуш берээримди бир ооз сурашпады, – деп чындыкты моюндады жашы сексенди чапчыган ардагер Нина ДЯДКОВА. – Болгонубир кагазына гана кол койдуртуп, а экинчисин менден сурабай-этпей эле өздөрү белгилешип, үкөккө салып коюшту. Чай-пай дагы ичиңиз дешкенге жарашкан жок?

         – Көрбөдүңөрбү. Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң эле ыпылас шайлоо өттү. Чынында, азыркы Кыргыз бийлиги байлардын, базаркомдордун жана криминалдын гана барымтасында калды. Ошондой эле уурулардын уюгуна дагы айланды. Андыктан, биз мындай шайлоого, анын жыйынтыгына таптакыр макул эмеспиз! – деди коомдук ишмер Бектурган Жаныбеков.

95 жаштагы Ош шаарынын тургуну Муталиб АРЫНОВ жарандык парызын аткаргандыгына кубангандыгын жащырган жок.

– Ыя, айланайындар! Шайлоону эң башкысы ызы-чуусуз, тынч маанайда өткөрдүк. Анан Бишкекте, Ошто эмнеге эле ызылдап жатасыңар? – деп таңданды 95 жаштагы шайлоочу Муталиб АРЫНОВ. – Жеңилгендер утулуунун дагы маданиятын билиши кажет!Эгерде көбүрөөк добуш алышып, ал добуштарын уурдатып ийишсе, бир жөн!Өкмөткө, Президентке жөн эле догуруна беришеби?

         Бир катар партиялардын расмий органдарга атайын Кайрылууларына эмне үчүн өз убагында мыйзамдуу чаралар көрүлбөгөндүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул КАДЫРОВдонсураштырдык.

– Кошумча ачылган шайлоо тилкелеринде санитардык-гигиеналык нормалар эч сакталган эмес деп жатышат. Бул туура эмес! Жаңыдан ачылган тилкелерде бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Ошондой эле кошумча шайлоо тилкелерин ачуу – мыйзам ченемдүү көрүнүш! Шартка байланыштуу шайлоочулардын саны белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, анда кошумча добушканалардын ачылышына Конституциялык мыйзам уруксат берет. Талапка ылайык ар бир шайлоо тилкесинде 2005 шайлоочу гана болушу кажет! Ошондуктан, Ош шаарында шайлоочулардын көбөйүп кеткендигинен уламкошумча добушканаларды ачуу зарылдыгы туулду. Эгерде ачпасак, анда жарандар шайлоого катышпай, добуш берүүгө үлгрбөй калуу коркунучу бар эле, – деди БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров.

БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө айрым партиялардын одоно мыйзамбузуулары, административдик ресурстарды колдонушу жөнүндө билдирүүлөр Ош шаардык Аймактык комиссиягадагы түшкөндүгүн, бирок, так факты жок экендигин кошумчалады.

– Бизге түшкөн Арыз-даттануулар боюнча атайын жумушчу топтор бар. Алар мыйзам бузуулардын үстүнөн иштешмек. Тилекке каршы, так, жазуу түрүндөгү фактылар катталган жок. Телефондогу аудио жазууларды дыкаат тыңдап жатабыз.Бирок, бул жазуулар деле монтаждалып коюлушу толук ыктымал! – деп жооп кайтарды БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров.

Соңку сааттарда Жогорку Кеңеш шайлоосунда утулган «Замандан» партиясынын жолбашысы Чынара Шейшеекева 4-октябрдагы шайлоону биротоло жокко чыгарып, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылаарын билдирди. Мындай пикирди «Ата Мекен» партиясынын Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Жанарбек Акаев дагы кубаттады.

– Мындай кир шайлоо Кыргызстан тарыхында дегеле болгон эмес! Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясы эрдик кылып, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын токтоосуз жокко чыгаруусу абзел. Антпесе, таптакыр тарабайбыз! Мөөнөтсүз каршылык көрсөтүү акциясын – массалык митингдерди жарыялайбыз. Мындай демилгебиз аймактарда дагы колдоо табаарына мен бекем ишенем!

         Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) адепки маалыматына таянсак, 4-октябрдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунда төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан»партиялары 7 пайыздык босогодон өтүштү. А бул парламенттик шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан эле. БШК шайлоо жараянын таптаза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөндүгүн ачыктаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

         СҮРӨТТӨРДӨ: 1) «Реформа» партиясынын төрайымы Класа Сооронкулова. 2) «Ата Мекен» партиясынын Оштогу өкүлү Гулгаакы МАМАСАЛИЕВА. 3) 95 жаштагы Ош шаарынын тургуну Муталиб АРЫНОВ. 4) «Ата Мекен» партиясынын Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Жанарбек Акаев. 5), 6), 7), 8), 9), 10), 11), 12), 13), 14), 15), 16) Ош шаарындагы Жогорку Кеңеш шайлоосунан сүртүмдөр. 17), 18), 19), 20), 21), 22), 23) Шайлонун көрнөк-жарнактары.

Сүрөттөр автордуку


Aлишер Токсонбаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17