Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
703 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Депутат Рыскелди Момбеков бул жыйынга 40 депутат келгенин «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок. Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын […]
704 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Депутат Рыскелди Момбеков бул жыйынга 40 депутат келгенин «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок. Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын […]
ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЖЫЙЫНЫНДА КВОРУМ ЧОГУЛГАН ЖОК
08.10.2020 / Автор orozalieva705 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү.
Депутат Рыскелди Момбеков бул жыйынга 40 депутат келгенин «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок.
Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын катышуучулары бир пикирге келе алышкан эмес. Момбеков айрым депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн, кээ бирлери коркуп жыйынга келбей жатканын айтты.
6-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев жыйындан кийин «Азаттыкка» комментарий берип жатып жакын арада парламент жыйналып, өлкөдө кырдаал жөнгө салына турганын маалымдады. Абдылдаев маселе «бир же бир жарым суткада чечилип калат» деп кошумчалады.
Жыйынга катышкан депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева Абдылдаев президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушка кол койбой койгонун билдирди.
Мыктыбек Абдылдаев «депутаттар маселени карай турган болсо аны адегенде күн тартибине киргизиш керек» деген жооп кайтарды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен.
Өлкөнү мыйзам алкагына кайтарыш үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү зарыл экени айтылып жатат. 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдерди легитимсиз деп баалашууда.
6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.
WWW
Автор orozalieva
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg 23-АПРЕЛЬ –БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУнун ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН СПОРТТОГУ ИЙГИЛИКТЕРИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.