Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
973 Бардыгы / Кыргызстандын түштүк башкалаасы саясий туңгуюкка кептелди. Түштүк башкалаасынын мэри таалайбек сарыбашовго калаа кеңешинин чукул сессиясында 45 депутаттын 31и ишеним көрсөтпөгөн чечим кабыл алышты. Буга удаа эл аралык издөөдө жүргөн экс-мэр мелисбек мырзакматов ошко атайын учак менен учуп келип, эски ордун ээлегенге дагы үлгүрдү. Бирок, жергиликтүү серепчилер бул кылчайнаш кырдаалдан диалог аркылуу гана чыгууга […]
974 Бардыгы / Кыргызстандын түштүк башкалаасы саясий туңгуюкка кептелди. Түштүк башкалаасынын мэри таалайбек сарыбашовго калаа кеңешинин чукул сессиясында 45 депутаттын 31и ишеним көрсөтпөгөн чечим кабыл алышты. Буга удаа эл аралык издөөдө жүргөн экс-мэр мелисбек мырзакматов ошко атайын учак менен учуп келип, эски ордун ээлегенге дагы үлгүрдү. Бирок, жергиликтүү серепчилер бул кылчайнаш кырдаалдан диалог аркылуу гана чыгууга […]
ТЕМА: ОШТО СПИКЕРДИ ТОКМОКТОШУП, ШААРДЫН МЭРИН КЕНСЕСИНЕ КИРГИЗБЕЙ КУУП ИЙИШТИ
08.10.2020 / Автор orozalieva975 Бардыгы /
Кыргызстандын түштүк башкалаасы саясий туңгуюкка кептелди. Түштүк башкалаасынын мэри таалайбек сарыбашовго калаа кеңешинин чукул сессиясында 45 депутаттын 31и ишеним көрсөтпөгөн чечим кабыл алышты. Буга удаа эл аралык издөөдө жүргөн экс-мэр мелисбек мырзакматов ошко атайын учак менен учуп келип, эски ордун ээлегенге дагы үлгүрдү. Бирок, жергиликтүү серепчилер бул кылчайнаш кырдаалдан диалог аркылуу гана чыгууга болоорун канкакшап айтышууда.
Керим макеев, «ата мекен» партиясынын ош шаарындагы штабынын жетекчиси: – жогорку кеңештин шайлоосу ош шаарында одоно мыйзам бузуулар менен коштолду. Добуштарды «биримдик», «мекеним-кыргызстан» өңдөнгөн бийликчил партиялар ачык эле сатып алышпадыбы. Муну көрүп турушса дагы укук коргоо органдары, ошондой эле ош шаарынын мэри таалайбек сарыбашов убагында реакция жасашып, аларды дегеле тартипке чакырышкан жок. Ошондуктан, биздин партия бул шайлоонун жыйынтыгын таптакыр тааныбайбыз!
Төлөгөн келдибаев, «тилектештик» партиясынын төрагасы: – сооронбай жээнбеков президенттигининүчжыл аралыгында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жаатында таптакыр жылыш жасаган жок! Бул киши өлкө башчысы сыңары кандайдыр бир өтө көйгөйлүү маселелерди көтөргөнгө дагы жарабады. Мамлекеттик стратегиялык даражадагы чоң долбоорлор дагы жүзөгө ашырылбады. Кыргыз республикасынын экономикасы, тескерисинче, соңку жылдарда кургуйга гана кулады. Тышкы миграциянын тыйылбады. Коррупция азаймак түгүл барган сайын гүлдөп жатат. Сот адилеттүүлүгү жоктугунан моминтип эл өзү көтөрүлүп, түрмөдө жатышкан тыңчыкмаларын бошотуп алышты. Эл ичинде дагыле жогорку жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо добуштар мурункудан беш бетер ачык соодаланып, дагыле мурункулар кайра келгенине кыжаалат. Эң эле өкүнүчтүүсү: кыргыз өкмөтүкоррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшпөстөн, кайра алар менен тил табышып, а түгүл достошуп дагы бүттү. Кыскасы, бүгүнкү бийликтен абдан алгылыктуу иштерди көргөн жокмун!
Парламенттик шайлоодон кийин эле нааразычылык толкунунан башы чыкпаган ошто шаардык кеңеш чукул сессияга чогулуп, 45 депутаттын 31и калаа мэри таалайбек сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Ошентип, мэрдин милдетин аткаруу биринчи вице-мэр саибжан турдуевге жүктөлгөн эле.
Бирок, таалайбек сарыбашов ош шаарынын борбордук аянтына чогулгандарга кайрылып, бардык маселелер мыйзам чегинде гана чечилээрин убадалады. Ал эми ош шаардык кеңешинин спикери-төрагасы жапарбек ормонов эл алдына сүйлөгөнү борбордук аянтка чыгып баратканда, аны белгисиз жигиттер жолдон торошуп, катуу ур-токмокко алышты. Муну жабыла карап турушкан укук коргоо органдары жапарбек ормоновду жосунсуз жоруктан арачылаганга дегеле жарашкан жок.
А бул аралыкта ош шаарынын бозгунда жүргөн мэри мелисбек мырзакматов кайдан-жайдан өзү жалдаган учак менен калаага конуп, а түгүл биргездеги кеңсесине кирип олтуруп албаспы.
– ыя айланайындар, президент сооронбай жээнбеков жаман иштегени үчүн эмес, «түштүктөн болгону үчүн гана кетиришти» деп атайылап калк арасында бүлүк-чагым салып жатышат. Биз, убактылуу өкөмт, мындай аймактык бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Дал ушудай кишилер – кыргыздын нукура душманы! Биз кыргызстандын биримдигин жана аны байырлашкан элдердин ынтымак-ырашкерлигин бекем сактоого бел байлайбыз! Ошетип, өлкөбүздөгү бүгүн жүрүп жаткан кардиналдуу өзгөрүүлөрдү менен толук бойдон кубаттаймын! Мындан тышкары биз бишкекке катуу талап коебуз. «ууруларды неге чыгарып жибердиңер! Кайдан токтоосуз камагыла!» дейбиз, — деди мэрлик такка өзү эле кайрадан олтурган мелисбек мырзакматов.
Дал ушул эле жүрүштүн алдында ош шаарынын мэри таалайбек сарыбашов кызматынан бошотулду. Шаардык кеңештин чукул сессиясында 45 депутаттын 31и мэр таалайбек сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимине токтолушту. Ошондуктан, мэрдин милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-мэр саибжан турдуевге жүктөлгөн эле. Соңку маалыматка таянсак, ушул тапта ош шаардык кеңешинин чечимине ылайык өзүнчө токтом даярдалууда. Бул документ ошондо гана кыргыз өкмөтүнө жөнөтүлөт.
Аралыкта оштогу нааразычылык акциясынын катышуучулары кыргыз өкмөтүнүн ош облусундагы өкүлчүлүгүн ачык эле басып алууга, ал жерге өздөрүнүн өкүлүн олтургузууга бир нече ирет катуу аракет жасашты. Бирок, каз катарынан тизилген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай мыйзамсыз жоруктарга жол берген жок.
Анткени менен ош шаарынын тургундары менен бетме-бет жолугушкан жогорку кеңеш депутаты асылбек жээнбеков тарапташтарына кайрылып, президент сооронбай жээнбеков бишкекте эле экендигин ачыктап, андыктан, кызуу кандуулукка жана жалган-жашык ушактарга таптакыр ишенбөөгө чакырды: – кыргыз эли бөлүнбөсүн. Биз эч качан түндүк-түштүк деп бөлүнүүгө жол бербейбиз! Шайлоонун мыйзамдуу жыйынтыгын сыйлайбыз. Жалпы эл шайлаган президент сооронбай шарипович эч жакка качып кеткен жери жок. Ал өзүнүн мыйзамдуу укуктарын сөзсүз колдонот. Баары мыйзам чегинде – укуктук талаада гана чечилиши кажет! Ал азыр бишкекте эле. Ал киши мыйзамдуу, легитимдүү президент! Баскынчылык жол менен кетүү биздин мамлекет үчүн туура эмес жол. Тоз-тополоң салган күчтөр булар – чагымчылар. Алар шайлоону ойлогон жери жок! Булар – шайлоону шылтоолошуп мекенибиздеги тынчтыкты гана бузгусу келгендер. Легитимдүү президент өз укугунан пайдаланып, бүгүнкү кырдаал боюнча токтоосуз чечимдерди кабыл алышы кажет! Легитимдүү өкмөт, легитимдүү жогорку кеңеш дагы чогуу-чараан иштешип, бүгүн түзүлгөн оор кырдаалды туруктуу нукка салууга милдеткер!
Ата мекендик серепчилер кыргызстандагы, мунун ичиндеги ош шаарындагы бийликтин чукул алмашуусун баскынчылык сыңары сыпаттап жатышат.
– мыйзамдуу президентибиз турат. Ал өзүнүн билдирүүсү менен чыкпадабы. Демек, сооронбай жээнбековду эч ким кызматынан кетирген жок да. Жогорку кеңештин деле мөөнөтү бүтө элек. Аны азыр эч ким таратпады. Ошентип, мыйзамга ылайык бардыгы өз-өз ордунда турат. Эң өкүнүчтүүсүү: кыргызстандагы бийликтин бардык бутагы өз милдеттерин гана аткара албай калышты. Андыктан, түрмөдөгү саясатчылардын абактан бошотулушу туура эмес! Кыскасы, ушул маалда мамлекет укуктук нуктан чыгып кетти. Ошол себетүү бардык тараптар чукул арада сүйлөшүү үстөлүнө олтуруп, бул саясий кризистен эсен-аман чыгып кетүүнү гана ойлошу кажет! Муну үчүн азыркы легитимдүү бийлик органдары тегиз ишке кирип, толук кандуу мыйзамдуулукту камсыздоо абзел! Мына ошондон кийин гана жаңы шайлоолорду дайындоого мыкты ыңгай жаралат, – деди мамлекеттик жана коомдук ишмер айтпай жээналиев.
Алишер токсонбаев, өз кабарчыбыз
Сүрөттөрдө: 1) керим макеев, «ата мекен» партиясынын ош шаарындагы штабынын жетекчиси. 2) төлөгөн келдибаев, «тилектештик» партиясынын төрагасы. 3) а бул аралыкта ош шаарынын бозгунда жүргөн мэри мелисбек мырзакматов. 4) ош шаарынын мэри таалайбек сарыбашов. 5) жогорку кеңеш депутаты асылбек жээнбеков ош шаарынын тургундары менен жолугушту.6) мамлекеттик жана коомдук ишмер айтпай жээналиев. 7) өз кабарчыбыз алишер токсонбаев. 8), 9), 10), 11), 12), 13), 14), 15), 16), 17) ош шаарынын борбордук аянтындагы нааразычылык акциясынан сүртүмдөр.
Сүрөттөр автордуку
Алишер Токсонбаев
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
20.02.2024 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ БАЛЫКЧЫДА ЭЛ МЕНЕН КЫЗЫЛ-ОМПОЛДУ ИШТЕТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ
-
28.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО МЫЙЗАМСЫЗ САКТАЛГАН КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ
-
13.03.2024 / Автор anarkan_kg 11 ЖУРНАЛИСТТИН ИШИ: ҮЧӨӨ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГЫП, КАЛГАНЫ АБАКТА КАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.