Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
721 Бардыгы / Францияда мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Казакстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында акча кымырууга айыпталууда. Ал жакында эле Франциядан саясий башпаанек алган. 8-октябрга караган түнү акыркы 11 жылдан бери Европада жашап жүргөн Мухтар Аблязов «Фейсбук» баракачсына дүйшөмбү күнү кечинде кармалганын жазды. «Тагыраагы, мени кармап кетишти. Боевик кинолордогудай эле болду. Бул жерде кайра […]
722 Бардыгы / Францияда мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Казакстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында акча кымырууга айыпталууда. Ал жакында эле Франциядан саясий башпаанек алган. 8-октябрга караган түнү акыркы 11 жылдан бери Европада жашап жүргөн Мухтар Аблязов «Фейсбук» баракачсына дүйшөмбү күнү кечинде кармалганын жазды. «Тагыраагы, мени кармап кетишти. Боевик кинолордогудай эле болду. Бул жерде кайра […]
ФРАНЦИЯДА МУХТАР АБЛЯЗОВГО АЙЫП ТАГЫЛДЫ
08.10.2020 / Автор orozalieva

723 Бардыгы /
Францияда мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Казакстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында акча кымырууга айыпталууда. Ал жакында эле Франциядан саясий башпаанек алган.
8-октябрга караган түнү акыркы 11 жылдан бери Европада жашап жүргөн Мухтар Аблязов «Фейсбук» баракачсына дүйшөмбү күнү кечинде кармалганын жазды.
«Тагыраагы, мени кармап кетишти. Боевик кинолордогудай эле болду. Бул жерде кайра эле Казакстандын тиешеси бар. Эки сутка камакта отурууга туура келди», — деп жазды ал.
Анын бул билдирүүсү түрмөнүн жанында тартылган эки сүрөт менен коштолгон. Аларда Аблязов жана аны тосуп алып жаткан улуу кызы менен баласын көрүүгө болот.
Аблязовдун адвокаты Жерар Чолакяндын айтымында, оппозициячыл саясатчыга Казакстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында 7,5 миллиард доллар уурдоо айыбы тагылды.
«Париж прокуратурасы Казакстандан арыз алган. Аны көңүлгө албай деле койсо болмок, бирок аны Франциянын тергөө сотуна жөнөтүптүр», — деди адвокат.
Казак бийлиги Аблязовду БТА банктан «миллиарддаган каражатты чет өлкөгө чыгарып кеткен» деп айыптоодо. Мындан тышкары ага Орусияда жана Украинада да ири өлчөмдө акча уурдоо айыбы менен издөө жарыяланган.
Октябрдын башында Мухтар Аблязов Франциядан саясий башпаанек алганын Le Monde басылмасы жазган. Бул маалыматты оппозициячыл саясатчы өзү да «Азаттыктын» казак кызматына ырастаган.
2013-жылы Франция Украинанын талабы менен Аблязовду кармаган. Ал француз түрмөсүнөн 2016-жылы – өлкөнүн Жогорку административдик соту аны Орусияга экстрадициялоо тууралуу буйрукту жокко чыгаргандан кийин бошотулган.
Аблязов 2017-жылы “каражаттын изин жашырган”, “кызматынан кыянат пайдаланган” жана “кылмыштуу топ түзгөн” деген айыптар менен Казакстанда 20 жылга сыртынан абакка кесилген.
2018-жылы ноябрда Жамбыл облусунун район аралык соту аны 2004-жылы “ТуранАлем” банкынын башкы менеджери жана кожоюндарынын бири Ержан Татишевди “өлтүрүүнү уюштурган” деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кескен.
Аблязов айыптоолордун баарын четке кагып келет. Ал 2017-жылдын жазында “Казакстандын демократиялык тандоосу” аттуу кыймылдын ишин жандандырган. Көп өтпөй казак бийлиги анын кыймылын “экстремисттик уюмдардын” катарына кошкон. Ага ылайык, басма сөз каражаттарына “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы тууралуу маалымат таратууга же аны пропагандалоого тыюу салынган.
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
-
-
-
-
08.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БҮГҮН ОЛИМП ОЮНДАРЫНДА 3 СПОРТЧУ БЕТТЕШКЕ ЧЫГАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.