Аймак

ОШТО ТАК ТАЛАШ ДАГЫ ЭЛЕ КүЧүНДӨ

ОШТО ТАК ТАЛАШ ДАГЫ ЭЛЕ КүЧүНДӨ

 786 Бардыгы /

         Ош шаарынын Борбордук Аянтына Президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери беш боз үй тигишип, мөөнөтсүз колдоо митингин  башташкан эле. Ушул тапта булардын экөө гана жыйналды. Ал эми калган үчөөндө дагыле өлкө жетекчисинин санаалаштары такай   олтурушат. Мындан тышкары тарапкерлеринин колдоосу аркасында Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашов кадимкидей ишин улантууга киришти. Жергиликтүү айрым саясатчылар аталган жетекчилер өздөрү өлкөбүздөгү кырдаалды ого бетер курчутуп жатышат деп айыпташууда.

                Ош шаарынын борбордук аянтында үч күн катарынан ар өңүттөгү митингдер үстөккө-босток уюштурулуп, а түгүл мазмуну дагы улам-улам өзгөрүлүп турду. Ушундан кийин гана Ош шаардык жана облустук бийлитери штаттык режимдеэми гана иштегенге бел байлады.          Адегенде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары чогулуп, кызмат ордун таштап чыгып кеткен мэрди кайрадан ордуна апкелип олтургузушту.

– Мен – Шаардык Кеңеш депутаттары шайлаган, мыйзамдуу мэрмин. Жаңы шаардык Кеңештин депутаттарышайланып, алар жаңы мэрди шайланганга дейре мен иштеп турам. Баш мыйзамдын алкагында гана жумуш жүргүзөм. Мен шаар башчысы сыңары мамлекеттик органдарга талапты катуу коюп, чукул жыйналыш дагы өткөрдүм. Демек, коомдук  коопсуздукту укук коргоо органдары катуу көзөмөлдөшүп, шаарда тартипти мындан ары туруктуу көзөмөлдөшөт,  деп кошумчалады Таалайбек Сарыбашов.

Буга улай Таалайбек Сарыбашов ага карата Ош шаардык Кеңешинин ишеним көрсөтпөө туурасындагы отуз бир депутатынын чечимин мыйзамсыз деп эсептей тургандыгын кошумчалады. Себеби, ал үстүбүздөгү жылдын 6-октябрындакечке жуук кызматтын тапшыргандыгын мэрдин басма сөз кызматы өзү кабарлаган. Ошол эле күнү спорт чөйрөсүндө «Душка» атыккан каймана ат менен таанымал Жогорку Кеңеш депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн «Ош шаарынын мэримин» деп жарыялаган. Бирок, кийинчерээк Таалайбек Сарыбашовду колдоого чогулган эл мэрди кеңсесине киргизип, кайрадан ордуна олтургузушкандан кийин митингге аны менен кошо келген Дүйшөн Төрөкулов дагычыгып сөз сүйлөп, шаар башчысы болууга кызыкчылыгы жок экендигин, эгерде эл аны губернаторлукка көрсөтсө, баш тартпай тургандыгын шардана кылды.  

Ушундай көп өтпөй айтылуу Дүйшөн Төрөкулов Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу
Өкүлчүлүгүндө туруп журналисттерге
 интервью берип, туруктуулукту сакташ үчүн кызматташарын гана билдирди: –  Мен чыгып эле «Кыргыз Өкмөтүнүн Оштогу азыркы ыйгарым укуктуу Өкүлү Байыш Юсуповго «Эл мени дайындады, ордуңузду бошотуп коюңуз?» десем, анда мансаптын эле маселеси болуп калат. Байыш Юсупов менен чогуу кеңешип-таңаштык, координациялаштык.  Кандай кана маанилүү иштер болбосун чогулуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, өз ара келишебиз, элге арачы болобуз деп чечиштик.

Баса, Кыргыз Өкмөтүнүн Оштогу азыркы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн кызматына өзгөчө көз арткандар аз эмес. Эки күн мурда «Тилектештик» партиясынын жолбашчысы Төлөгөн Келдибаев, буга удаа коомдук ишмер Калмамат Анапияев (Белорусияда өлтүрүлгөн крим төбөл Алмамбет Анапияевдин бир таагын агасы) дагы өздөрүн калың журтучулукка «Элдик губернаторбуз» жеп жарыялашкан.

Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Байыш Юсупов кызматына кайтыпкелип, облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалар штаттык режимде иштеп жатканын редакциябызга өзүкабарлады: – Менин ордумду өздөрүн «Революционербиз!», же дагы башка атак-наамды айтып кирип ээлегендер, чындыгында, мыйзам алкагынан чыгып кетишти. Ошондуктан, жер-жерлерде бүгүн райондордун акимдери дагы ордуларына кайтып келишип, кадимкидей эле ыргакта иштеп жатыщат. Бир гана Кара-Суу районунун акими ТилекбекМатраимов менен байланыша албай жатабыз. Ар кайсы бийликти  басып алгандар менен дагыле тынымсыз сүйлөшүп жатабыз. Ушулардын баарын тең мындан ары мыйзам нугуна токтоосуз кайтаруубуз кажет!

Азыр дыгеле «WhatsАpp» аркылуу ар кандай чагымчылдыкка шыкактаган мыйзамсыз маалыматтартаратылууда. Шаардык милиция мындай жалган кабарларды тараткан кишини Атайын Кызмат менен чогуу-чараан издеп жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыковкалаадагы азыркы абалды туруктуу деп баалап, милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыгын кошщумчалады: – Кимдир-бирөөнүн жеке мүлкүнө кол салып, бийлигин тартып алайын деген күчтөр азырынча жок! Бир саамга дагы элди көзөмөлсүз таштаган жокпуз. Кандай гана учурлар болбосун, биз туруктуу иштегенге, элдин коопсуздугун такай сактаганга даярбыз! Ошондуктан, милициянын бардык кызматкерлер таң аткандан каш карайганга чейин дагыле иш ордунда.

Мындан тышкары Оштогу кырдаал Коопсуздук Кеңешинин такай көзөмөлүндө экендигин коомдукуюмдардын атайын  жыйынында Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин төрагасы ӨмүрбекСубаналиев дагы ачыктады: – Ушул тапта биз ар кандай өңүттөгү кагылышууларга жол бербейбиз! Түштүк жергесинде бардык күч түзүмдөрү кадимкидей ыргакта эле иштеп жатышат. Биринчи күндөрү «Басып алабыз! Милицияны, УКМКныкоторобуз!» дегендер болушту. Ошондуктан, катуу туруп, биз мындай мыйзамсыз жорук-жосундарга жол берген жокпуз.Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги – баары тең адаттагыдай тартипте иштеп жатышат. Ошого карабастан, калк арасында жалган маалым тараткандар дагыле көп болуп жатат.

Кырдаалдан куп пайдаланган Ош шаарынын бозгундагы мэри Мелисбек Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Ош аэропортуна кайдан-жайдан конуп, башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкеринин алдында сөз сүйлөдү: – Кыргызстан азыр абдан опурталдуу кырдаалда турат. Өлкөюүздү бөлүп-жарып, жарандык чогушту ырбатууга кызыкдар күчтөргө каршы катуу туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз кажет!

Ошентип, алты жылдан кийин гана Мекенине күтүүсүз кайтып келген Мелисбек Мырзакматовдун бул аракетинин бүдөмүк жагдайлары бар экендигин коомдук тармактардын айрым колдонуучулары деле апачык жазып чыгышты. Маселен, аны аэропорттон Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунда машыккан Кылыч Саркарбаевдин коштоп келгендигин ачык жазышты.

Ал эми Мелисбек Мырзакматов өзү дагы бир топ саясатчылар менен сүйлөшкөндүгүн, булардын арасынан Жогорку Кеңеш депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимовдор менен бетме-бетжолуккандыгын дагы өзү  тастыктады: – «Спортсмендериңди чыгарба, мыйзам алкагына түзөлү. Сен уурусуңбу,кескисиңби, прокуратура өзү териштирип алат. Ага дейре мыйззамды бузбайлы?» – деп макулдаштык. «Макул, жөн эле олтурайын» деп колдоп берди. Ушул тапта баары менен тең сүйлөшүп жатабыз.

Айтмакчы, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, Эл аралык издөө жарыяланган. Буга улай сыртынан жети жылга соттолгон. Бирок, Мелисбек Мырзакматов бул кылмыш ишин «Саясий куугунтук» катары сыпаттаган. Экс-мэрдин «Улуттар биримдиги» партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекенди» ачык кубаттап, Мырзакматов партиянын тизмесинде үчүнчү орунду ээлеген. Тизмеге «Улуттар биримдигинин» 40 мүчөсү кошулуп, булардын ичинен Искендер Гаипкуловпарламентке 2017-жылы партия лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген.

Соңку сааттарда Ош шаарынын Борбордук Аянтына тигилген беш боз үйдүн экөөсүн чечип алып кетишти. Ал эми калган үч боз үчдө Президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары дагыле турушат. Тынчтык митингинин катышуучуларынын бири Ыкыбал ИСАКОВАнын айтымында, боз үйлөр качан гана өлкөбүздөгү акыбал биротоло турукташканда гана чечилет. Ага чейин Түштүк жергесинин райондорунан агылып келишкен Президент Сооронбай Жээнбековдун санаалаштары менен биргеликте тынчтык митинги ырааттуу улантылат. Айрым учурда күн сууктаганда – абанын температурасы кескин төмөндөгөндө, митингге катышкан 30 жигит мэриянын имаратында деле түнөп жатышат. Ушул тапта тынчтык митингинин алтымыштан ашуун туруктуу катышуучусу аянтта туруктуу турушат.

Ал эми соңку сааттарда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан мыйзамдуу нукка, укуктук жолго түшкөн соң кызматын өз ыктыяры менен тапшыра тургандыгын жарыялады. Муну менен ал өлкөбүздөгүчыңалууну жеңилдетип, мыйзамдуу бийлик органдарын ишке киргизүү милдети тургандыгы менен тыгызбайланыштырып, тиешелүү Жарлыктарды чыгарууга даяр экендигин кошумчалады: – Өлкөбүздөгү саясий кырдаал, чынында, курчуган абалга жетти. Аны жайгаруу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы. Жогорку Кеңешке шайлоолордунжыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечиминкабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деген ишеничтемин! Мен үчүн эч бир кызмат —Мамлекетибиздин бүтүндүгүнөн, Элибиздин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес! Азыркы кырдаалдычукул арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Кыргыз Өкмөтүн легалдуу макамга ээ кылып, өлкөбүз мыйзамдуу жолго түшкөн соң гана, мен Президенттик кызматтан кетүүгө даярмын! Андыктан, саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам!

Деген менен Ата Мекендик серепчилер Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тарапкерлеринин талаптары мыйзам нугунда гана чечилиши абзел деп эсептешет.

– Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кызматынан четтетилишин атайын көз карандысыз комиссия ар тараптуу жана дыкаат иликтегени оң. Ошондон кийин гана бир жаңсыл акыйкат чечимге келсе болот. Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков туура позицияны тутунуп олтурат. Андыктан, кылдан кыйкым издебей. ага өлкөбүздөгү бийлик бутактарын чукул арада мыйзамдуу нукка салышына ар бирибиз жардамдашыбыз абзел! Ансыз деле кырдаал күн өткөн сайын кырдаал улам курчуп баратат, – деди Жогорку Соттун биргездеги төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

         СүРӨТТӨРДӨ: 1) Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. 2) Жогорку Кеңеш депутаты Дүйшөн Төрөкулов тарапташтары менен. 3) Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Байыш Юсупов. 4) Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков. 5) Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин төрагасы Өмүрбек Субаналиев. 6) Ош шаарынын бозгундагы мэри Мелисбек Мырзакматов Ош шаарынын борбордук аянтында. 7) Тынчтык митингинин катышуучуларынын бири Ыкыбал ИСАКОВА. 8) Борбордук аянтта токмоктолгон Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов. 9) Президент Сооронбай Жээнбеков. 10) Ош шаардык Кешинин депутаттары. 11), 12), 13), 14), 15), 16), 17), 18), 19), 20) Ош шаарынын Борбордук Аянтындагы Президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлеринин,  Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун санаалаштарынын нааразычылык акцияларынан сүртүмдөр. 21) Жогорку Соттун биргездеги төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов. 22) Өз кабарчыбыз Алишер ТОКСОНБАЕВ.

Сүрөттөр автордуку


Aлишер Токсонбаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17