Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
769 Бардыгы / Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдиришүүдө. «Азаттык» кабарлагандай, биринчилерден, бул маселеге мурдагы премьер-министр Феликс Кулов көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды. «Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын […]
770 Бардыгы / Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдиришүүдө. «Азаттык» кабарлагандай, биринчилерден, бул маселеге мурдагы премьер-министр Феликс Кулов көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды. «Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын […]
ЖАПАРОВДУН ЛЕГИТИМДҮҮЛҮГҮ КАЙРАДАН ТАЛАШ ЖАРАТТЫ
12.10.2020 / Автор orozalieva771 Бардыгы /
Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдиришүүдө.
«Азаттык» кабарлагандай, биринчилерден, бул маселеге мурдагы премьер-министр Феликс Кулов көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды.
«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт».
Эл өкүлү Дастан Бекешев кезексиз жыйынды өткөрүүдө «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын бир нече беренеси бузулганын, кворум болбогонун тастыктады.
Бул арада президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташы саналган парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева 10-октябрдагы жыйын легитимсиз өткөнүн жана ага катышкан депутаттарга басым-кысым болгонун айтып чыкты. Касымалиева «Азаттыкка» маегинде өзү да опузага кабылганын ырастады:
«Кечээги жыйындын күн тартибинде премьер-министрди дайындоо эмес, премьер-министрдин программасы жана өкмөттүн курамы, аны бекитүү маселеси каралды. Кворум болбогондун себеби, регламентте «депутаттардын көпчүлүгү, кеминде 61 депутат ошол жерде өзү отурушу керек» деп так жазылып турат. Ишеним кат 61 депутат жеке өзү чогулгандан кийин гана топтолот. Кечээ мен отурганда 46 депутат, алты ишеним кат бар болчу. Бирок мен чыгып кеттим. Себеби биз ал жерде бир сааттан ашыгыраак отуруп калдык. Кворум такыр чогулбай жатты жана мен катышкым келген жок. Анткени башынан эле иштер мыйзамсыз болооруна көзүм жетти».
Көп өтпөй Аида Касымалиева дагы бир талаштуу жагдайды ачыкка чыгарды. Анын жазышынча, 10-октябрдагы кезексиз жыйын легитимсиз жана анын жүрүшүндө кабыл алынган токтомго кол койгон адам «бийликти күч менен басып алуу» деген берене боюнча жооп берет.
«Садыр Жапаровду дайындоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому жок. Анын шайланышы Жогорку Кеңештин расмий документтери менен бекитиле элек жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго бекитүү үчүн жөнөтүлө элек. Садыр Жапаровдун премьер-министр катары кабыл алган чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес. Буга байланыштуу премьер-министрдин милдетин аткарууну биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков улантып жатат», – деп жазды Касымалиева.
Аида Касымалиева буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатканын жана көпчүлүк коалициядан шайланган вице-спикер катары парламент төрагасынын милдетин аткарып жатканын билдирди.
Касымалиеванын бул билдирүүсү боюнча Садыр Жапаров жана анын командасы комментарий бере элек. Президенттик аппараттан да комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.
Өлкө Конституциясынын 84-беренесине ылайык, президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарышы керек. Эгерде президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.
Ал ортодо Садыр Жапаров кызматына толук кандуу киришкенин жарыяланды. Ал алгачкы кадрдык чечимдерге кол коюп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Улан Ниязбековду дайындады.
WWW
Автор orozalieva
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАГА ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ КУРУЛАТ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ КОМСОМОЛ ЧОКУСУН БАГЫНДЫРЫШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.