Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
622 Бардыгы / Коронавирусту дарылоодо эң натыйжалуу каражат деп эсептелип жаткан «Ремдесивир» дарысы сентябрдан тартып Өзбекстанда өндүрүлө баштаган. Дүйнөлүк базарда бир кичинекей бөтөлкөсү 70-300 доллар турган дары Өзбекстанда 550 000 сум же 50 доллардан сатылат. «Ремдесивирди» өндүрүп жаткан JURABEK LABORATORIES компаниясы ушу тапта мамлекеттик буйрутманы аткарып жатканын, жакында препарат дарыканаларга чыгарыларын билдирди. Компаниянын өкүлү Азиз Саиповдун айтымында, […]
623 Бардыгы / Коронавирусту дарылоодо эң натыйжалуу каражат деп эсептелип жаткан «Ремдесивир» дарысы сентябрдан тартып Өзбекстанда өндүрүлө баштаган. Дүйнөлүк базарда бир кичинекей бөтөлкөсү 70-300 доллар турган дары Өзбекстанда 550 000 сум же 50 доллардан сатылат. «Ремдесивирди» өндүрүп жаткан JURABEK LABORATORIES компаниясы ушу тапта мамлекеттик буйрутманы аткарып жатканын, жакында препарат дарыканаларга чыгарыларын билдирди. Компаниянын өкүлү Азиз Саиповдун айтымында, […]
COVID-19: ӨЗБЕКСТАНДА ӨНДҮРҮЛҮП ЖАТКАН «РЕМДЕСИВИР» ДАРЫСЫ КӨМҮСКӨ БАЗАРДА САТЫЛА БАШТАДЫ
15.10.2020 / Автор orozalieva624 Бардыгы /
Коронавирусту дарылоодо эң натыйжалуу каражат деп эсептелип жаткан «Ремдесивир» дарысы сентябрдан тартып Өзбекстанда өндүрүлө баштаган.
Дүйнөлүк базарда бир кичинекей бөтөлкөсү 70-300 доллар турган дары Өзбекстанда 550 000 сум же 50 доллардан сатылат.
«Ремдесивирди» өндүрүп жаткан JURABEK LABORATORIES компаниясы ушу тапта мамлекеттик буйрутманы аткарып жатканын, жакында препарат дарыканаларга чыгарыларын билдирди. Компаниянын өкүлү Азиз Саиповдун айтымында, августта коронавирусту дарылоодо колдонулган дарыларды өндүрүү үчүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын арасында тендер өткөрүлүп, JURABEK LABORATORIES жеңүүчү деп табылган.
«Эң төмөнкү бааны биз сунуштаганбыз, ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги бизди тандаган. Азыр канча дары өндүрүп жатканыбыз жөнүндө айта албайм, ал коммерциялык сыр. Октябрдын аягына чейин министрликтин буйрутмасын аткарып, ноябрдан тартып дарыканаларга жеткире баштайбыз. Азыр «Ремдесивир» өзүбүзгө таандык бир дарыканада чектелүү санда 550 000 сумдан (53 доллар) сатылууда. Сырьену Индия менен Кытайдан алып келип жатабыз», — деди Саипов.
Ал ортодо дарыгерлер менен бейтаптардын туугандары Өзбекстанда өндүрүлгөн дары «көмүскө базарга» чыгып, 1-1,8 миллион сумдан (100-175 доллар) сатылып жатканын билдиришүүдө. Социалдык түйүн колдонуучулары «Ремдесивирдин» баасы 3 миллион сумга (300 доллар) чейин жеткенин жазышууда.
JURABEK LABORATORIES мындай учурлар бар экенин, айрым жарандар препаратты компаниянын дарыканасынан жасалма рецепт менен сатып алып, кайра 1,3-1,8 миллион сумдан ($130-$180) 2 миллиона сумга чейин ($200) сатып жатышканын билдирди.
«Ремдесивир» ушундай эле аталыш менен үч өлкөдө — АКШда, Индияда жана Пакистанда өндүрүлүүдө. Дары Кошмо Штаттардагы Gilead Sciences компаниясы тарабынан 2015-жылы иштелип чыккан. Глобалдык пандемияны эске алуу менен бул препаратты өндүрүүгө Индия менен Пакистандагы беш гана компания укук алган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 пандемиясы аяктаганын жарыялаганга чейин бул компаниялар дарыны өндүрүп, дүйнөнүн 127 өлкөсүнө сата алышат.
JURABEK LABORATORIES компаниясы сырьену алып келүүдө жана дарыны Өзбекстанда сатууда эч кандай «юридикалык карама-каршылыктар жок экенин» билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 61 950 кишиге жетти. Бирок көз карандысыз булактар өлкөдө вируска кабылгандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин билдирип келишет.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
04.02.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА АКЫРКЫ ЖАТАК АБАКТАРДЫ ЖОЮУ ЧЕЧИМИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.