Аймак

БАЗАР-КОРГОНДО “ЖОНИ” КАРМАЛДЫ

БАЗАР-КОРГОНДО “ЖОНИ” КАРМАЛДЫ

 1,137 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2020-жылдын 9-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБне, Базар-Коргон районунун тургундары 1990-ж.т. М.А., 1997-ж.т. Ш.М. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 8-октябрынан 9-октябрына караган түнү “Жони” аттуу жаран уюлдук телефондорун ачык түрдө тартып ээлеп алгандыгын жана эч бир себепсиз уруп-сабап денесине залал келтиргенин жазып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Мындан сырткары 2020-жылдын 9-октябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынан Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1997-ж.т. А.А. денесинен жараат алып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө денесинен жараат алган А.А. 2020-жылдын 8-октябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 1982-ж.т. Ж.Ж. аттуу атуул жана анын шериктери уруп, денесине залал келтиргени аныкталган. Ошондой эле Ж.Ж. шериктери менен 9-октябрь күнү Базар-Коргон районунун тургуну 1989-ж.т. С.А. аттуу жаранды эч бир себепсиз бети башына таяктар менен уруп денесине залал келтиргени аныкталган.

Аталган фактылар Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагылардын негизинде Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун тургуну 1982-ж.т. Д.Ж. 2020-жылдын 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Д.Ж.нын буга чейин тоноо фактысы менен катталган кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 2019-жылдын 28-август күнү Базар-Коргон райондук соту тарабынан 1 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу мөөнөтү белгиленген.

Бүгүн 15-октябрда Д.Ж.нын баш коргоо чарасы Базар-Коргон райондук сотунда каралат.

«АЙМАК»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17