Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
661 Бардыгы / Италиянын Перуджа калаасынын соту казакстандык мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун жубайы Алма Шалабаеваны жана алардын кенже кызын 2013-жылы Италиядан Казакстанга депортациялоого катышы бар делген италиялык аткаминерлерге өкүм чыгарды. Италиялык La Repubblica гезитинин кабарашынча, сот Италия мамлекеттик полициясынын борбордук ыкчам кызматынын башчысы Ренато Кортезе менен Рим миграция кызматынын мурдагы башчысы Маурицио Импортаны беш […]
662 Бардыгы / Италиянын Перуджа калаасынын соту казакстандык мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун жубайы Алма Шалабаеваны жана алардын кенже кызын 2013-жылы Италиядан Казакстанга депортациялоого катышы бар делген италиялык аткаминерлерге өкүм чыгарды. Италиялык La Repubblica гезитинин кабарашынча, сот Италия мамлекеттик полициясынын борбордук ыкчам кызматынын башчысы Ренато Кортезе менен Рим миграция кызматынын мурдагы башчысы Маурицио Импортаны беш […]
АБЛЯЗОВДУН ЖУБАЙЫН СОТ ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ
16.10.2020 / Автор aymak663 Бардыгы /
Италиянын Перуджа калаасынын соту казакстандык мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун жубайы Алма Шалабаеваны жана алардын кенже кызын 2013-жылы Италиядан Казакстанга депортациялоого катышы бар делген италиялык аткаминерлерге өкүм чыгарды.
Италиялык La Repubblica гезитинин кабарашынча, сот Италия мамлекеттик полициясынын борбордук ыкчам кызматынын башчысы Ренато Кортезе менен Рим миграция кызматынын мурдагы башчысы Маурицио Импортаны беш жылга эркинен ажыратып, алардын мамлекеттик кызматта жумуш иштөөсүнө тыюу салды. Ыкчам кызматтын мурдагы кызматкери Франческо Стампаккья менен уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Люке Армениге да ушундай эле өкүм чыкты. Миграция кызматынын дагы эки кызматкери төрт жарым жылга, тынчтык соту эки жарым жылга соттолду.
Аблязованын жубайы Алма Шалабаева кичинекей кызы менен 2013-жылы 31-майда Италиядан депортацияланган. Анын алдында Италия полициясы Мухтар Аблязовду кармоо үчүн түнчүндө атайын операция уюштурган. Саясатчы өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Полиция анын аялын жана кызын кармап, тынчтык сотунун токтому менен Казакстанга депортациялаган. Мындан улам Италияда саясий жаңжал чыгып, эне бала мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылганы айтылган. Италия ИИМи Шалабаеаны депортациялоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгарган. Жарым жылдан кийин Шалабаева Казакстандан чыгууга уруксат алган. Кийинчерээк Италия бийлиги Аблязов менен анын аялына качкын макамын берген.
БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. 2018-жылы Казакстандын Тараз шаардык соту 2004-жылы «Туран Алем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп таап, экс-банкир Аблязовду өмүр бою сыртынан кескен. Ошондой эле Аблязов «Мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмыштуу топту уюштуруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Аблязов бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт.
WWW
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БҮГҮН МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.