Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
937 Бардыгы / Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек […]
938 Бардыгы / Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек […]
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТҮН ЖЫЛДЫРУУ СУНУШУ КОЛДОО ТАПТЫ
23.10.2020 / Автор orozalieva939 Бардыгы /
Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган депутат Акылбек Жапаров аталган конституциялык мыйзам бир катар жагдайларга, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук – саясий кырдаалга байланыштуу сунушталып жатканына токтолуп: “Партиялык системага негизделип 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдө болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжасыз болду жана БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Элдик толкундоолордун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жаңы Өкмөт түзүлдү. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президенти 2020-жылдын 15-октябрында кызматтан кетүүгө мажбур болду. Жогорку Кеңештин Төрагасы Президенттин ыйгарым укуктарын кабыл алуудан баш тартты. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу иштеп жаткан бийликтин кызматтан кетүүсүн жана конституциялык реформаны өткөрүүнү талап кылган коомдук толкундоолордун жыйынтыгында келген Кыргыз Республикасынын Премьер – министрине өттү. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын иши токтоп калган, Жогорку Кеңештин ишин жана Жогорку Кеңеш менен Президент жайгашкан имаратты калыбына келтирүү талап кылынат. 2020-жылга бюджеттин такталган тартыштыгы 36 млрд. сомдон ашты. Бул сумма КОВИД – 19 пандемиясынын экинчи толкунуна карата чыгымдарды камтыйт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 450 млн. сомго жакын өлчөмдө зыян келтирилген. Келип чыккан кырдаалды чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону токтото туруу жана конституциялык реформа өткөрүү сунушталат”, – деди.
Андан тышкары, Жогорку Кеңеш конституциялык реформаны өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзүшү керектигин белгилеген мыйзам долбоорунун демилгечиси: “Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын тиркелген долбоору иштелип чыкты жана кароого киргизилди”, – деп билдирди.
Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу демилгеленип жатканын айткан Акылбек Жапаров: “Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган” – деп кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Баш мыйзамды өзгөртпөй туруу маанилүү экенине токтолсо, төраганын орун басары Аида Касымалиева мыйзам долбоору кабыл алынса депутаттар айлык маянасыз иштөөсү керектигин белгиледи.
Үч окууда добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берип, Жогорку Кеңештин атайын токтому кабыл алынды.
“АЙМАК”
Автор orozalieva
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.