Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
790 Бардыгы / Кыргызстандын 11 жылга соттолгон мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 27-октябрда №47 абакка жөнөтүлдү. Мындай чечим Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын отурумунда кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон Атамбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген. Ал Азиз […]
791 Бардыгы / Кыргызстандын 11 жылга соттолгон мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 27-октябрда №47 абакка жөнөтүлдү. Мындай чечим Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын отурумунда кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон Атамбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген. Ал Азиз […]
Алмазбек Атамбаев колонияга которулду
28.10.2020 / Автор orozalieva

792 Бардыгы /
Кыргызстандын 11 жылга соттолгон мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 27-октябрда №47 абакка жөнөтүлдү. Мындай чечим Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын отурумунда кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон Атамбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген. Ал Азиз Батукаев, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Кой-Таш боюнча сот отурумдарынын ачык мүнөздө өтүшүн талап кылууда.
Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында болуп келсе, бир күн мурда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Соттолгондор адатта аталган №1 тергөө абагынан башка колонияларга бөлүштүрүлөт.
Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес экенин билдирди:
«УКМК Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, үй камагына которуу боюнча соттун чечимин аткарбай койду. Биз анын ден соолугу начарлап кеткенин, медициналык жардамга муктаж экенин эске алып, Атамбаевди №47 колонияга которуп берүү жөнүндө өтүнүч киргизгенге аргасыз болгонбуз. Анткени ушул жылдын 2-сентябрь күнү «Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которобуз» деп айтышкан. Бирок ошол эле күнү сот отуруму болуп, анда прокурорлор Атамбаевди которбой турууну суранышкан. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. 6-октябрь күнү сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча токтом чыгарган. Бирок УКМК «бизде Батукаеевдин иши боюнча соттун өкүмү бар, ошону аткарышыбыз керек» деген шылтоону тапкан. Бирок Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан башка адамдар үй камагына чыгып кетишти. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан. Эми ал «сотторго катышам» деп жатат. Мыйзам буга жол берет. Бирок аны №47 колониядан соттук отурумдарга алып келе алышпайт. Ошондуктан соттук териштирүү бүтмөйүнчө аны үй камагына чыгарыш керек».
Буга чейин Жоошев Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын белгилеп, буга байланыштуу Атамбаев ачкачылык акциясын баштап, учурда анын абалы начарлап, кан басымы төмөндөп жатканын айтып чыккан.
ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков мурдагы президенттин камерада кармалуу шарттары тууралуу буларды билдирген:
«Атамбаев жалпы режимдеги камерага бөлүштүрүлдү. Анын ачкачылык жарыялоо боюнча маалыматы мекеменин жетекчилигине түшкөн эмес. Ал эми адвокат Замир Жоошевдин Атамбаев тууралуу билдирүүсү чындыкка жатпайт. Камералардын эшиктери жабык жана көзөмөлдө турат. Суу, канализация, жылуулук маселелери чечилген».
Атамбаевдин ачкачылык жарыялаганын Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да ырастап, анын абалын көрүп келишкен. Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков мындай маалымат берди:
«Ал киши ачкачылыгын улантып жатат. Биз барганда кан басымын өзү текшерип, абактын дарыгерлерине ишенбей жатканын айтты. Ошондой эле ал негизги нааразылыгы катары соттук процесстер ачык өтүш керек экенин билдирди».
Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Ага ылайык, сентябрдын башында №1 тергөө абагына которуу жана андан ары абаккка бөлүштүрүү аракети болуп жатканын Атамбаевдин тарапташтары айтып чыккан. Бирок 2-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту Атамбаев дагы бир иш – Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандыктан УКМКнын тергөө абагында калтырган. Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталууда. Мында бир офицер каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Атамбаев өзү да ушул окуядан кийин кармалган. Бул боюнча сот уланып жатат.
WWW
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
26.12.2024 / Автор anarkan_kg ООРУКАНА ЖАҢЫ МЕДИЦИНАЛЫК АППАРАТТАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
-
14.01.2025 / Автор anarkan_kg АСКЕР БӨЛҮКТӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ КЕҢЕШИШТИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.