Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
757 Бардыгы / 27-октябрь күнү кечинде Нур-Султан шаарында полиция бир нече жарандык активисттин үйүндө тинтүү жүргүздү. Жергиликтүү активист Серик Жахин полиция кызматкерлери анын үйүнө шейшемби күнү кечинде келгенин билдирди. – Соттун уруксаты бар экенин айтып, бирок эч кандай документтерин көрсөтүшкөн жок. Менин, балдарымдын жана маркум апамдын телефонун, ошондой эле эски блокнотторумду алып кетишти. Эмне издеп жатканын […]
758 Бардыгы / 27-октябрь күнү кечинде Нур-Султан шаарында полиция бир нече жарандык активисттин үйүндө тинтүү жүргүздү. Жергиликтүү активист Серик Жахин полиция кызматкерлери анын үйүнө шейшемби күнү кечинде келгенин билдирди. – Соттун уруксаты бар экенин айтып, бирок эч кандай документтерин көрсөтүшкөн жок. Менин, балдарымдын жана маркум апамдын телефонун, ошондой эле эски блокнотторумду алып кетишти. Эмне издеп жатканын […]
НУР-СУЛТАНДА БИР НЕЧЕ АКТИВИСТТИН ҮЙҮНДӨ ТИНТҮҮ ЖҮРДҮ
29.10.2020 / Автор orozalieva759 Бардыгы /
27-октябрь күнү кечинде Нур-Султан шаарында полиция бир нече жарандык активисттин үйүндө тинтүү жүргүздү.
Жергиликтүү активист Серик Жахин полиция кызматкерлери анын үйүнө шейшемби күнү кечинде келгенин билдирди.
– Соттун уруксаты бар экенин айтып, бирок эч кандай документтерин көрсөтүшкөн жок. Менин, балдарымдын жана маркум апамдын телефонун, ошондой эле эски блокнотторумду алып кетишти. Эмне издеп жатканын айтышкан жок, — деди Жахин.
Жарандык активист Алтын Лесбаева анын үйүн тинтүүгө келген полиция кызматкерлери соттун уруксат кагазын көрсөтүшкөнүн билдирди.
– Кечки саат ондо келишти. Баракчаларды, Казакстандын желегин жана агитациялык-пропагандалык кагаздарды издеп, бирок табышкан жок. Мени полиция бөлүмүнө алып барып, сурактан кийин кое беришти», — деди Лесбаева.
27-октябрда полиция активисттер Алия Жакупованын, Асель Онланбеккызынын, Айнур Мырзалиеванын жана Аскар Каирбектин үйлөрүндө да тинтүү жүргүзүштү. Маалыматка караганда, Жакупова менен Мырзалиевадан аймактан чыкпоо тууралуу тилкат жаздырып алышкан.
Активисттер тинтүү аркылуу аларга саясий реформаларды жасоо жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен 31-октябрда Алматыда өтө турган митингдин алдында басым болуп жатат деп эсептешүүдө.
Нур-Султан шаардык полиция департаменти активисттердин үйлөрүндө тинтүү болгонун ырастап, алар соттун уруксаты менен жүргүзүлгөнүн билдирди.
Буга чейин укук коргоочулар Галым Агелеуов менен Бахытжан Торегожина Алматы акимчилиги аларга 31-октябрда шаардын борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө уруксат бергенин билдиришкен. Анда өлкөдө саясий рефомарларды жасоо жана саясий куугунтукту токтотуу талаптары айтылары кабарланган.
Аймактардагы активисттер да өз шаарларында митинг өткөрүү өтүнүчү менен жергиликтүү акимчиликтерге кайрылышкан. Бирок уруксат ала албагандыктан, Алматыдагы митингге катышуу ниеттерин билдиришкен.
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар тынч митинг өткөрүү тууралуу алдына ала жергиликтүү бийликке кабар бериши керек. Эгер акимчилик уруксат бербесе, ал митинг «мыйзамсыз” деп эсептелип, катышуучулары административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ТЕАТРДА “ТАГДЫР СЫНООСУ” АТТУУ СПЕКТАКЛЬ КӨРСӨТҮЛДҮ
-
22.01.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНУН ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ИШКЕ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.