Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
643 Бардыгы / Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. «Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма. «Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей […]
644 Бардыгы / Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. «Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма. «Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей […]
«FOREIGNLOBBY.COM»: САДЫР ЖАПАРОВДУН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ИЗРАИЛДИК ЧАЛГЫНДООЧУ ЖЕКЕ КОМПАНИЯ СҮРӨЙТ
05.11.2020 / Автор orozalieva645 Бардыгы /
Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.
«Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма.
«Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоо, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын сүрөөнү ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды» деп айтылат макалада.
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттык» радиосуна «бул кабарга тактагандан кийин гана комментарий беребиз» деп жооп берди.
Кыргыз өкмөтүнүн атынан бул келишимге Бишкекте катталган «Реннесанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси Абдыманап Карчыгаев кол койгон.
Абдыманап Карчыгаевдин уулу, аталган корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев «Азаттыкка» мындай келишимге кол коюлганын ырастап, «анын максаты негизинен тышкы карызды жоюуга байланыштуу болчу, бирок майда-чүйдөсүн атам билет» деген комментарий берди.
Абдыманап Карчыгаевдин Кыргызстанда, Орусияда катталган бир нече жеке фирмалары бар.
4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык күчөп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин айтууда.
Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өткөн аптада өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып жаңы кадрларды даярдоодо кемчиликтер бар экенин белгилеп, алардын баары бир нече айдан кийин кайра сынак аркылуу кабыл алынарын айткан.
Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкө мыйзам нугуна кайра кайтканын айтып келет. Бирок Орусия, Европа Биримдиги баштаган эл аралык институттар Кыргызстанга берилип жаткан насыяларды жана донордук жардамдарды убактылуу токтоткон. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядан жана Казакстандан каржылык жардам сурап атайын иш сапары менен барып келген.
WWW
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.