Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
787 Бардыгы / Казакстанда Апелляциялык сот Жамбыл облусунун Кордой районундагы окуялар боюнча соттолгон жети кишинин төртөөнүн жазасын жеңилдетти. Соттун 19-ноябрь күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, төрт жылга соттолгон Рустем Бежибайдын, жана үч жылга соттолгон Ерлан Буралкинов, Алмат Тлеугалиев, Улан Атамбаевдин жазалары ушундай эле мөөнөткө эркин чектөө жазасына алмашылды. Алар дароо сот залынан бошотулуп, пробациялык көзөмөлгө алынды. […]
788 Бардыгы / Казакстанда Апелляциялык сот Жамбыл облусунун Кордой районундагы окуялар боюнча соттолгон жети кишинин төртөөнүн жазасын жеңилдетти. Соттун 19-ноябрь күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, төрт жылга соттолгон Рустем Бежибайдын, жана үч жылга соттолгон Ерлан Буралкинов, Алмат Тлеугалиев, Улан Атамбаевдин жазалары ушундай эле мөөнөткө эркин чектөө жазасына алмашылды. Алар дароо сот залынан бошотулуп, пробациялык көзөмөлгө алынды. […]
КОРДОЙ ОКУЯЛАРЫ БОЮНЧА СОТТОЛГОН ТӨРТ КИШИНИН ЖАЗАСЫ ЖЕҢИЛДЕТИЛДИ
20.11.2020 / Автор aymak789 Бардыгы /
Казакстанда Апелляциялык сот Жамбыл облусунун Кордой районундагы окуялар боюнча соттолгон жети кишинин төртөөнүн жазасын жеңилдетти.
Соттун 19-ноябрь күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, төрт жылга соттолгон Рустем Бежибайдын, жана үч жылга соттолгон Ерлан Буралкинов, Алмат Тлеугалиев, Улан Атамбаевдин жазалары ушундай эле мөөнөткө эркин чектөө жазасына алмашылды. Алар дароо сот залынан бошотулуп, пробациялык көзөмөлгө алынды. Эркиндикте алардын ар бири 100 сааттан коомдук иштерди аткарышат.
Мекеменин пресс-релизинде сот жабырлануучулардын пикирин, прокурорлор менен адвокаттардын позицияларын, жазаларды жеңилдетүүчү жагдайларды жана массалык башаламандыктардагы ар бир соттолуучунун аракеттерин эске алганы белгиленген.
Бул иш боюнча соттолгон калган үч жаранга карата чыккан буга чейинки өкүм өзгөртүүсүз калтырылды.
29-сентябрда Алматы горнизонунун аскердик соту Кордой районунда казак жана дунган улутундагы тургундардын ортосунда болгон кагылышуулардан кийин козголгон кылмыш иши боюнча дээрик 60 айыпталуучунун жетисине карата өкүм чыгарган. «Массалык башаламандыктарга катышуу» беренеси менен төрт киши үч жана төрт жылга соттолсо, «Уурулук» беренеси менен үч киши беш, жети жана тогуз жылга эркинен ажыратылган.
Быйыл 8-февралга караган түнү Кордой районунун Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында жергиликтүү казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжал чыгып, 11 адам каза болгон. Дагы жүздөн ашык киши, анын ичинде 19 полиция кызматкери жаракат алган. Бул окуядан кийин 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон. Кийинчерээк алардын көбү кайра кетишкен.
Бул окуядан кийин Жамбыл облусундагы бир катар аткаминерлер кызматтарынан кетишкен. Казак бийлиги 120 иш боюнча тергөө башталганын билдирген. Алардын арасында «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча козголгон 11 кылмыш иши бар.
27-мартта өлкөнүн Башкы прокуратурасы 25 киши камакка алынганын кабарлаган. Апрелде Кордой райондук соту айылдардын бириндеги жана жолдогу окуялар боюнча эки айыпталуучуга өкүм чыгарган.
Май айында Орусиядагы «Мемориал» борбору бул окуялар боюнча тергөө иштери ачык эмес, «бир тараптуу» жүрүп жатканын билдирген. Уюм өз макаласында казак бийлигин ачык тергөөгө чакырган дунган коомчулук өкүлдөрүнүн кайрылуусун жарыялаган. Анда «кармалгандар кыйноого алынып жатканы» жөнүндө да айтылган.
WWW
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.