Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
МАНАС ШААРЫНДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
886 Бардыгы / Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди. Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот […]
887 Бардыгы / Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди. Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот […]
ТЕКЕБАЕВ: МЕНИ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТТАН АЖЫРАТУУ ТУУРАЛУУ СОТ ЧЕЧИМИ – САЯСИЙ ЧЕЧИМ
24.11.2020 / Автор orozalieva888 Бардыгы /
Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди.
Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады:
«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат».
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, соттун бул чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча сот чечими тууралуу маалымат бере элек.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.
«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.
Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.
Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.
Депутаттын макамы жөнүндө мыйзамга ылайык, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо мандат берилиши керек. Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган. Анын ордуна партиялык тизме менен Искендер Гаипкулов депутат болуп барган.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
-
-
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНЕН КАБАР АЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.