Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
763 Бардыгы / Бүгүн 11-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов баштаган Коомдук кеңештин мүчөлөрү, Жалал-Абад ОИИБдин бөлүм жана ШРИИБи жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жана жарандык активисттер катышышты. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Коомдук алдын […]
764 Бардыгы / Бүгүн 11-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов баштаган Коомдук кеңештин мүчөлөрү, Жалал-Абад ОИИБдин бөлүм жана ШРИИБи жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жана жарандык активисттер катышышты. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Коомдук алдын […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА ИИМДИН КООМДУК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ
11.12.2020 / Автор orozalieva765 Бардыгы /
Бүгүн 11-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов баштаган Коомдук кеңештин мүчөлөрү, Жалал-Абад ОИИБдин бөлүм жана ШРИИБи жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жана жарандык активисттер катышышты. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Коомдук алдын алуу борборлорунун учурдагы абалы, алардын ишмердүүлүгү жана аткарган жумуштарынын натыйжалары, КААБнын эффектүүлүгү, кылмыштуулукка бөгөт коюу чаралары, милициянын жумушундагы ар түрдүү жагдайлары, кемчилиги жана ийгилиги менен кошо көйгөйлөрү да талкууланды. Профилактикалык жумуштарды аткарууда ички иштер органдарынын кызматкерлери гана эмес мыйзам негизинде башка жергиликтүү мекеме, ишканалар да көмөктөшүү керектиги белгиленди. Тиешелүү бардык органдар биргеликте аракеттенген учурда кылмыш, кырсыктардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк жаралаары айтылды. Жыйындын катышуучулары тарабынан бул багытта ой-пикирлер сунушталып, коомдук кеңештин протоколуна киргизилди.
ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов өз сөзүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү бир гана милициянын иши эместигин белгилеп, башка органдарды да жардам берүүгө чакырды. Андан сырткары Коомдук кеңешменин учурдагы ишмердүүлүгү жана аткарган иштери боюнча кеңири токтолуп өттү. Милициянын жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин айтып, бир топ көйгөйлүү маселелер бардыгын жана аны чечүү жолдорун таап тиешелүү жерлерге сунуш кыла тургандыгын айтып, алдыда ийгиликтер болорун баса белгилеп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Сузак районунда резонанс жараткан кылмыштардын саны өскөндүгү айтылып, аталган райондо элдин санынын көптүгү жана бир милиция кызматкерине тейлеген аймагында он миңге чейин жаран туура келип жаткандыгы менен түшүндүрүлдү. Жалал-Абад шаарынын аймагына күнүнө 20 миңге чукул автоунаа кирип-чыгаары жана облустун район-шаарларынан келип-кетүүчүлөрдүн саны көп болгондугуна байланыштуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, жол кырсыктарына бөгөт коюу багытанда видеокамераларды, «Коопсуз шаар» долбоорун тездетип, орнотуу сунушу айтылды.
Ошондой эле катышуучулар тарабынан бир топ суроо-жооптор болуп, жаралган маселенин чечүү жолдору талкууга алынды.
Жыйындын соңунда алдыда аткарылуучу иш-чараларды камтыган резолюция кабыл алынып, сунуштар тиешелүү тараптарга жеткириле тургандыгы белгиленди.
“АЙМАК”
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНА МЫНДАН АРЫ ЗЫМ ТАРТЫЛАТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.