Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
814 Бардыгы / Эркин журналист Али Токтакунов менен «Фактчек.кг» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темировдун кезектеги журналисттик иликтөөсү жарык көрдү. Анда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун ортосундагы байланыш иликтенген. Журналисттер тапкан жаңы далилдер боюнча Талант Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Раимбек Матраимовдун аялы […]
815 Бардыгы / Эркин журналист Али Токтакунов менен «Фактчек.кг» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темировдун кезектеги журналисттик иликтөөсү жарык көрдү. Анда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун ортосундагы байланыш иликтенген. Журналисттер тапкан жаңы далилдер боюнча Талант Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Раимбек Матраимовдун аялы […]
ЖУРНАЛИСТТЕР МАТРАИМОВ МЕНЕН МАМЫТОВДУН БАЙЛАНЫШЫ ТУУРАЛУУ ИЛИКТӨӨ ЖАРЫЯЛАШТЫ
15.12.2020 / Автор orozalieva816 Бардыгы /
Эркин журналист Али Токтакунов менен «Фактчек.кг» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темировдун кезектеги журналисттик иликтөөсү жарык көрдү.
Анда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун ортосундагы байланыш иликтенген.
Журналисттер тапкан жаңы далилдер боюнча Талант Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Раимбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси болот.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 2019-2020-жылдары Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция жана өлкөдөн 700 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылышы боюнча депутаттык комиссияны жетектеген.
«Талант Мамытов дээрлик алты ай бажыдагы коррупция жана 700 миллион доллардын Кыргызстандан чыгарылышы тууралуу иштерди иликтеген депутаттык комиссияны жетектеген. Бирок бул учурда ал бир да жолу Раимбек Матрамовдун ысымын атаган эмес. Эмнеге? Мунун себеби – Мамытовдун Матраимов менен түздөн-түз байланышында», – деген журналист Токтакунов 2019-жылдын башындагы жаңыланган Жогорку Кеңештин телефондор китепчесинде Талант Мамытовдун кеңешчиси деп жазылган Тынчтык Сулаймановдун ким экенин аныктап чыккан.
«Буга чейин депутат Мамытовго Азамат Эсенжан уулу аттуу адам кеңешчи болуп келген. Ал – Талант Мамытовдун иниси Эсенжан Мамытовдун уулу, тууганы. Сулаймановго ордун бошоткону менен Азамат бажыдан жылуу-жумшак орунду ээлеп, азыр түштүк-батыш бажысында инспектор», – дейт журналист Али Токтакунов.
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар деп айтылган журналисттик иликтөөгө карата комментарий берди.
«Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна ылайык, Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайды иликтөө жана маалыматтарды текшерип чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына бардык парламенттик фракциялардын өкүлдөрү кирген жана аны Талант Мамытов жетектейт деген чечим кабыл алынган. Депутаттык комиссиянын төрагасы катары ал комиссиянын бардык отурумдарына катышууга милдеттүү болчу. Ошондуктан комиссиянын башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу Талант Мамытов анын бир да отурумун калтырган эмес деген сөздөрдү кандайдыр бир чечим кабыл алууда жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болбойт. Журналисттик материалда айтылган анын жардамчысы Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдо 2019-жылдын май айына чейин иштеген. Матраимов менен туугандык байланышы бар экендиги белгилүү болгондон кийин ал кызматынан бошотулган. Башкача айтканда, Саймаити боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишмердүүлүгү учурунда Сулайманов Талант Мамытовдун консультанты болгон эмес жана анын ишинин жүрүшүнө эч кандай таасир эте алган эмес. Кошумчалай кетүүчү нерсе, депутаттык комиссия иштей баштаган учурдан тартып аталган факты боюнча алты кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында, укук коргоо органдарына «Азаттык» жана башка ЖМКлардын журналисттик иликтөөлөрүндө келтирилген фактылар боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү жана анын жыйынтыктары боюнча укуктук баа берүү тапшырылган», – деп белгиледи Галина Байтерек.
49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрагасынын орун басары болгон.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.
Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келет.
Матраимов быйыл 20-октябрда Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин кармалган.
Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч кайда кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.
УКМКнын басма сөз кызматы ошол күнү тараткан кабарда Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталганы жана ал аны төлөп бере турганы белгиленген. Райымбек Матраимов УКМКнын бул билдирүүсүнө комментарий берген эмес.
Кыргызстандын Финансы министрлиги 8-декабрда Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төккөнүн билдирди.
9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовго жана жубайы Уулкан Тургуновага санкция киргизгени белгилүү болду.
Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.
«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлкү менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Мындан тышкары камакка коюлган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.
WWW
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЛАРЫНДА ЖАҢЫ АЭРОПОРТТОР КУРУЛАТ
-
10.05.2023 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯНЫН ЭКИ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН БАШКЫ КОНСУЛДУГУ АЧЫЛАТ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДЫК СОТ “АЗАТТЫКТЫН” САЙТЫ БОЮНЧА ЧЕЧИМДИ ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ КАЛТЫРДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.