Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА КОРОНАВИРУСТУН БЕЛГИЛЕРИ МЕНЕН ООРУКАНАДА ЖАТКАН 15 БЕЙТАП КАЗА БОЛДУ

 594 Бардыгы /

11-12-декабрь күндөрү коронавирустун белгилери менен Түркмөнабад шаарындагы ооруканаларда жаткан 15 бейтап каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

«Түркмөнабаддагы шаардык инфекциялык оорукада күн өткөн сайын COVID-19дун белгилери менен жаткырылгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. 12-декабрда бул медициналык жайда сегиз киши көз жумду», — деди шаардагы тез жардам кызматынын дарыгери.

Анын айтымында, 11-декабрда да шаардагы ооруканаларда дарыланып жаткан жети киши каза болгон. «Мындан тышкары коронавирустун белгилери бар 10 киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Аларга да пневмония диагнозу коюлду», — деди дарыгер.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17