Аймак

ӨКҮЛ ӨЛКӨ БАШЧЫСЫНЫН БАЛДАРГА АРНАЛГАН БЕЛЕКТЕРИН ТАПШЫРДЫ

ӨКҮЛ ӨЛКӨ БАШЧЫСЫНЫН БАЛДАРГА АРНАЛГАН БЕЛЕКТЕРИН ТАПШЫРДЫ

 711 Бардыгы /

Бүгүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районундагы балдарга арналган жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Алардын катарында окуунун алдыңкылары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар. Облус башчысы пандемиялык абалга байланыштуу салтанат чакан форматта өтүп жатканын айтып, балдарга ден соолук  окууларына ийгилик, кең келечек каалап, майрам менен куттуктады.

Бул жылы өлкө башчысынын жаңы жылдык белектери облус боюнча жалпы 58 балага жиберилген. Аны менен катар 100 балага өкүлдүн белектери даярдалган.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17