Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
700 Бардыгы / ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Ош облусун жана Ош шаарын Аймактык экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кеңешме өз ишин аяктады. Иш-чарага вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик Агенттигинин, Энергетика, өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча Мамлекеттик Комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер […]
701 Бардыгы / ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Ош облусун жана Ош шаарын Аймактык экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кеңешме өз ишин аяктады. Иш-чарага вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик Агенттигинин, Энергетика, өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча Мамлекеттик Комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер […]
УШУЛ ТАПТА КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ УЛУТТУК ПРОГРАММАГА МУКТАЖ!
06.01.2021 / Автор aymak

702 Бардыгы /
ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Ош облусун жана Ош шаарын Аймактык экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кеңешме өз ишин аяктады. Иш-чарага вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик Агенттигинин, Энергетика, өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча Мамлекеттик Комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.
- Мен эмне үчүн Ош келип жатам. Анткени, Ош облусунун жетекчиси
Жарасул Абдураимовду эң мыкты өндүрүшчү жана кашкөй адис сыңары жакындан билемин. Ош облусунун аймагында өндүрүш, кайра иштетүү, курулуш боюнча ишканаларды катарынан ачып, ошол тажрыйбаны бара-бара башка облустарга дагы жайылтууну колго алмакчыбыз! – деп агынан жарылды Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Равшан Сабиров.
Ал эми Ош облусунун жетекчиси башчысы Жарасул Абдураимов: – Сиздер сунуштаган тендер боюнча комиссияга Дүйнөдөгү бараандуу компаниялар катышпайт, алардын биздин сунуштады караганга дагы убактысы жок! Тендер, социалдык мекемелерге жеткирүү үчүн ыңгайлуудур, бирок, өндүрүштүк, кең иштетүү өңдөнгөн көлөмдүү тармакта даяр сунуш менен олуттуу, репутациясы жакшы компанияларга өзүбүз гана түз байланышка чыгып сунуштап өз ара кызматташуубуз абзел! Антпесек, аты-жыты жана дареги жок ишканалар тендерден утуп, жумушун ойдогудай аткарышпай, жылдап соттошкон учурларды көрүп эле жүрбөйбүзбү, – деп кашкайган чындыкты моюндады.
Ара чолодо “Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору” мекемесинин директору Т. Беков: – Ош облусунун аймагында агробизнес тармагына Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынан 60 миллион АКШ доллары ( 30 миллион доллар – агрардык тармакка, 30 миллион доллар – туризмге) көлөмүндө каражат бөлүндү. Биз эми бул каражаттарды максаттуу түрдө гана пайдалануубуз кажет! Анткени, Ош облусу азык-түлүк коопсуздугу боюнча кооптуу, андыктан 40-70 пайыз гана камсыз кылат. Ошондуктан, биз дагы Кокон-Ош-Букара багытында агро класстер түзүп жатабыз, – деп кепке кошулду.
“Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору” Ноокат районунда алманы Орусияга, Араван районунда Кокон гиласти Кытайга экспорттоо үчүн борборлоштурулган логистикалык борборлорду ачуу долбоорун дагы катуу сунуштады. Заманбап фитосанитардык көзөмөлдөөнү ошол жерден бекитип, маркировка менен Өзгөчө Бажы Аймагын уюштуруу зарылчылыгын дагы баса белгиледи. Муну үчүн каражат бар, болгону Өкмөттүн гана түздөн-түз колдоосу керек!
Ош облусун жана Ош шаарын Аймактык экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кеңешменин соңунда Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов Аймактарды өнүктүрүү ар бир облуста өзүнчө эмес, тең алакада комплекстүү түрдө жүргүзүлүшү зарыл экендигин баса белгиледи: – Таш – Көмүрдө кристалл чыгаруучу заводдун базасында тери иштетүү завод ачуу – бүгүнкү күндүн талабы. Анткени, дал ошол жердеги тазалоочу механизмдер ошого гана ылайыктуу. Анан ар бир районго тери кабыл алуу бекеттерин ачуу менен сырье жетиштүү топтолот. Бул Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун эмес, жалпы эле Кыргыз Өкмөтүнүн Улуттук Программасы болууга тийиш! – деп кебин жыйынтыктады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДАГЫ «ВЕСНА» КИНОТЕАТРЫ АКЫРЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КАРАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.