Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,276 Бардыгы / Алматыдагы Казак улуттук медициналык университетинде билим алып жаткан тажикстандык студенттерге январдын ортосуна чейин интернатурадагы окуусу үчүн акы төлөнүшү керектиги, болбосо окуудан чыгарыла турганы эскертилди. Интернатура – медициналык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн дарыгерлик квалификациясын жогорулатуу үчүн болгон клиникалардагы жана ооруканалардагы окуусу. Казак улуттук медициналык университетиндеги тажикстандык 15 студенттин баары тең буга чейинки курстарда Казакстандын […]
1,277 Бардыгы / Алматыдагы Казак улуттук медициналык университетинде билим алып жаткан тажикстандык студенттерге январдын ортосуна чейин интернатурадагы окуусу үчүн акы төлөнүшү керектиги, болбосо окуудан чыгарыла турганы эскертилди. Интернатура – медициналык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн дарыгерлик квалификациясын жогорулатуу үчүн болгон клиникалардагы жана ооруканалардагы окуусу. Казак улуттук медициналык университетиндеги тажикстандык 15 студенттин баары тең буга чейинки курстарда Казакстандын […]
КАЗАКСТАНДАГЫ ТАЖИКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР ИНТЕРНАТУРАДАГЫ ОКУУСУ ҮЧҮН АКЫ ТӨЛӨӨГӨ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ
08.01.2021 / Автор aymak

1,278 Бардыгы /
Алматыдагы Казак улуттук медициналык университетинде билим алып жаткан тажикстандык студенттерге январдын ортосуна чейин интернатурадагы окуусу үчүн акы төлөнүшү керектиги, болбосо окуудан чыгарыла турганы эскертилди.
Интернатура – медициналык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн дарыгерлик квалификациясын жогорулатуу үчүн болгон клиникалардагы жана ооруканалардагы окуусу.
Казак улуттук медициналык университетиндеги тажикстандык 15 студенттин баары тең буга чейинки курстарда Казакстандын мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен бекер окушкан.
«Ректораттан январдын ортосуна чейин интернатурадагы окуу акысын төлөшүбүз керектигин айтышты. Мага белгилүү болгондой, буга чейин университеттин жетекчилиги бул маселени чечүү үчүн Казакстандын Билим берүү министрлигине кайрылган. Бирок алар жоопкерчиликти бири-бирине жүктөн жатышат. Бизде убакыт аз, окуудан чыгып калышыбыз мүмкүн», — деди Мехвар Халилов аттуу студент.
Анын айтымында, алар Казак улуттук медициналык университетине 2015-жылы Тажикстандын Билим берүү министрлигине караштуу Эл аралык программалар борборунун эки тараптуу келишиминин негизинде тапшырышкан.
Тажикстандын Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы бул маселе боюнча казак тарапка кайрылуу жолдонгонун билдирди.
«Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, интернатура менен ординатурада жалаң бешке окуган чет өлкөлүк студенттер гана окуусун уланта алышат. Биз бул маселе боюнча казакстандык кесиптештерге кайрылып, бешке окуган тажик студенттеринин бекер окуусун улантууну уюштуруп берүүнү өтүндүк», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.
Казак улуттук медициналык университетинин ректораты бул маселе боюнча өлкөнүн Билим берүү министрлигине расмий кат менен кайрылган. Министрлик жооп катары мекеменин бюджетинде чет өлкөлүктөрдүн интернатурада окуусу үчүн каражат каралбаганын билдирген. Министрликке караштуу Илим департаментинин маалыматына караганда, Казакстан менен Тажикстан 2000-жылы кол койгон келишимге ылайык, Казакстандагы мамлекеттик билим берүү гранттары бакалавриатта жана магистратурада окуу үчүн гана бөлүнөт.
Тажикстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алып жаткан тажик студенттеринин саны 30 миңге жакын. Алардын көбү Орусияда, Кытайда, Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда окушат.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
21.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНЫН БОРБОРДУК БАЗАРЫ ЭМИ ЖАПАЛАК АЙЫЛЫНА КӨЧҮРҮЛӨТ
-
29.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ЭРТЕҢ КАТУУ ЖААН ЖААП, СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.