Аймак

САДЫР, ӨЗҮҢДҮ ЭР ОЙЛОСОҢ, АТААНДАШТАРЫҢДЫ ШЕР ОЙЛО

САДЫР, ӨЗҮҢДҮ ЭР ОЙЛОСОҢ, АТААНДАШТАРЫҢДЫ ШЕР ОЙЛО

 645 Бардыгы /

Ошентип, Кыргыз Республикасы жаңы Президенттүү болду. Алдын ала маалыматтарга таянсак, Садыр Жапаров мамлекет башчылыгы үчүн таймашта биринчи турда эле жеңишке жетишти. А түгүл аны Орусиянын Президенти Владимир Путин баштаган чет өлкөлүк дөө-шаа мамлекеттердин жетекчилери алдын ала куттуктап дагы жиберишпедиби.         

АВТОМАТТЫК ЭСЕПТЕГИ ДОБУШТАРДЫН 98 ПАЙЫЗЫ САНАЛЫП БҮТТҮ, КОЛ САНАК ДАГЫЛЕ УЛАНТЫЛУУДА

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын соңку  маалыматына таянсак,  10-январда 17 талапкер катышкан мөөнөтүнөн мурдагы Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду шайлоочулардын дээрлик 79,19 пайызы  кубаттады. Ошентип, ага шайлоого катышкандардын 1 116 028и добуш беришти. Экинчи орунда – Адахан Мадумаров баратат. Ага 94 278 шайлоочу ишеним көрсөттү, бул сан шайлоочулардын 6,69 пайызын түзөт. Андан кийинки сапта Бабыржан Төлбаев турат. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39 пайзына татыды.

Мындай жыйынтык 11-январдагы саат 7:00гө карата электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебине ылайык гана чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул акыркы жыйынтык эмес экендигин, бюллетендерди кол менен саноо жараяны дагыле жүрүп жаткандыгын, аймактык шайлоо комиссияларында иш кадимкидей улантылып атканын, натыйжасы 19 күндүн ичинде толук кандуу чыгарылаарын кошумчалады.

КИМ КИМГЕ ҮМҮТ БАЙЛАДЫ?

Мадина САДЫКОВА, шайлоочу, Ош шаарынын тургуну: – Мен башынан эле Садыр Жапаровду катуу колдоп келатам. Анткени, берген убадаларынын бардыгы орундуу. Бирок, кашайып эшеги ылайдан өтүп, шайлоо бүткөндүн кийин эли калкын унутуп койбосо болду… Канча жолу алдандык… Бул сапар жетишет! Эгерде бизди Сапар дагы алдаса, анда соо калбайт. Элдин убалы уктатпайт! Каргышы сөзсүз тийет!

Санабар САЙПИДИНОВА, Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун байкоочусу: – Президенттикке талапкерлердин бири Садыр Жапаровдун  тарапкерлери шайлоо тилкелерине шайлоочуларды автоунаалар менен кадимкидей эле беймарал ташып жүрүштү. А түгүл аларга көз көрүнөө добуштары үчүн акчаларды дагы тизме менен таратып жатышты. Мына ушундай жосунсуз жоруктардын баарын тең карап туруп укук коргоо органдары неге убагында чара көрүшкөн жок! Эгерде Жапаровдукунан башка адамдар ушинтишсе, дароо кармап кетишмек. Чындык кайда, деги??????? Мындан тышкары шайлоо бүттү. Тилекке каршы, Садыр Жапаровдун көрнөк-жарнактары Ош жергесинде дагыле илинип турат. Өзү булар шайлоого чейин алынышы кажет эле…

АЙРЫМ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ШАЙЛОО МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР МЕНЕН КОШТОЛГОНДУГУН ЖАР САЛЫШТЫ

«Эл аралык толеранттуулук Фонду» Кыргызстандын Президентин кезексиз шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга добуш берүүдө Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы он беш аймактык шайлоо комиссиясында дыкаат байкоо жүргүздү.

Аталган фонддун адисташкен байкоочулары 25 олуттуу мыйзам бузуу фактыларын каттап, тиешелүү акт дагы түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жолдоду.

  • Биздин байкоочулар добуш берүү күнү кырдаал абдан туруктуу

болгондугун, тилекке каршы, айрым орой мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилешти. Ызгаардуу суукка карабай, шайлоочулар добуш берүүгө келишти. Бирок, сооциалдык аралыкты кармоо тууралуу талап таптакыр сакталган жок! Айрым шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба алышпай, добуш дагы бере алышпай калышты. Добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы шайлоо тилкесинде шайлоочулардын  көбөйүшүн гана шарттады. Мындан тышкары айрым участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуларга бюллетенди үкөккө таштоодо «жардамдашканы» добуш берүүнүн купуялыгын ачык эле бузду, – деп тызылдады «Эл аралык толеранттуулук фондунун» өкүлү.

Кыргызстандагы 10-январдагы кезексиз шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга Эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардан миңден ашуун байкоочу көз салышты. 1,5 миңден ашуун шайлоо тилкесине байкоочу койгон kloop.kg уюму 10-январдагы шайлоо одоно мыйзам бузуу менен коштолгондугун жашырган жок. Мунун ичинде айрым участкалык шайлоо комиссиялары байкоочулар менен журналисттердин ишине ачык эле бут тосуп, а түгүл айрымдарын добушканадан тышка кууп ийишкен фактылар дагы катталды.

ШАЙЛОО ЖАРАЯНЫНЫН ЖҮРҮШҮНДӨ  МЫЙЗАМ БУЗУЛГАН 112 ФАКТ КАТТАЛДЫ

Бул жөнүндө Ички иштер министринин орунбасары Октябрь Урмамбетов моюндады. Анын айтымында, даттануулардын 78и 10-январга чейин, 34ү 10-январда (шайлоо күнү) катталды. Анын 102си териштирилип, а түгүл чечим дагы чыгарылган. Жети фактынын үстүнөн кылмыш катары, үч фактынын үстүнөн жорук катары сотко чейинки териштирүү башталды.

Баса, кылмыш катары иликтенип жаткан фактылар Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунда эки, Бишкек шаарында, Нарын жана Ош облустарында бирөө катталды. Ал эми жорук катары Чүй, Баткен, Ош облустарында бирден факты дагыле терең териштирилип жатат.  

САДЫР, ӨЗҮҢДҮ ЭР ОЙЛОСОҢ, АТААНДАШТАРЫҢДЫ ШЕР ОЙЛО?!?

         Баса, уюлдук телефондор аркылуу Садыр Жапаровдун тарапташтары видеоролик таратышты. Анда жолборс кейпиндеги Садыр Жапаровду чөөлөр тегеректеп айласын курутушканы сүрөттөлөт. Айбаты түгөнгөн Садырга акыры дагы бир жолборс – Камчыбек Ташиев кошулуп, тигилерди – чөөлөрдү (Садыр Жапаровдун атаандаштарын) туш тарапка куугандыгы таамай баяндалат. Бул эмне деген сандырактык, ыя! Улуттук Мамлекеттик коопсуздук комитетин жетектеген Камчыбек Ташиев бул роликти кол телефондорго агыткандарга неге чара көрбөйт? Атаандаштарын мыскылдаганга Садыр Жапаровго жана анын тарапташтарына ким укук берди????????

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17