Аймак

ӨЗБЕКСТАН АСКЕРДИК ТЕХНИКАЛАРДЫ ӨНДҮРҮҮНҮ ПЛАНДООДО

ӨЗБЕКСТАН АСКЕРДИК ТЕХНИКАЛАРДЫ ӨНДҮРҮҮНҮ ПЛАНДООДО

 1,281 Бардыгы /

Ташкент облусунун Нурафшан шаарындагы аскердик жана атайын техникаларды өндүрүү долбоору президент Шавкат Мирзиёевге көрсөтүлдү.

Жергиликтүү бийлик маалымдагандай, долбоор 55 миллион долларга бааланууда.

Өзбекстандын Улуттук банкы 39 миллион доллар, “Nurafshon-Maxsus-Texnika” компаниясы 16 миллион доллар бөлөт. Өндүрүштү Krantas Group менен Туйтепа металлоконструкция заводу колго алат.

Маалыматка караганда, бул жерде биринчи айлампада (2021-жылы) Tarlon жана Shield аталышындагы жеңил түрдө чопкутталган 100 автоунаа чыгарылат. Экинчи айлампада (2022-жылдан баштап) 200 бензовоз, 300 сүйрөөчү трактор, 500 жүк ташуучу унаа, 400 таштанды чыгаруучу унаа, 100 кар тазалоочу унаа жана 20 өрт өчүрүүчү унаа өндүрүлөт.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17