Аймак

АКТӨБӨДӨ КЕНЧИЛЕР ИШ ТАШТООНУ ТОКТОТУШТУ

АКТӨБӨДӨ КЕНЧИЛЕР ИШ ТАШТООНУ ТОКТОТУШТУ

 642 Бардыгы /

Актөбө облусунун Мугалжар районундагы «Юбилейное» алтын кениндеги иш таштоодон кийин жумушчулардын айлык маянасы 25% көбөймөй болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына AltynEx компаниясы кабарлады.

“12-январда жумушчулар менен сүйлөшүп, маяналарын январь айынан баштап 25% көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан бөлөк кенчилердин эмгек шартын жакшыртууга байланыштуу бир нече маселе колдоо тапты” деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Алтын өндүргөн “Юбилейное” кенинин жумушчулары да тараптардын бир пикирге келгенин ырасташты. Алардын айтымында, маянага байланыштуу маселени талкуулоо эки саатка созулган.

“Баары жакшы, Шахтага кайра түштүк” деди аты-жөнүн атагысы келбеген кенчилердин бири.

12-январда “Юбилейное”кенинин жумушчулары иш ташташкан. Алар айлык маянаны 50% көбөйтүүнү талап кылышкан. Нааразылыкка жалпысынан жүздөй киши чыккан.

AltynEx компаниясы “Юбилейное” кенининен жылына 400 миң тонна руда өндүрөт.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17