Аймак

КАРА-КӨЛДӨГҮ 4 БЕЙТАП ҮЙҮНДӨ ПНЕВМОНИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ

КАРА-КӨЛДӨГҮ 4 БЕЙТАП ҮЙҮНДӨ ПНЕВМОНИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ

 660 Бардыгы /

Кара-Көл шаарында 11 адам үй көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, үй көзөмөлүндөгү бейтаптардын төртөө пневмония, бирөөсү курч респиратордук вирустук инфекциядан дарыланууда. Калганы ушул 5 бейтап менен байланышта болгондор.

Пневмония менен ооругандардын экөө элүү жаштан өткөндөр. Бирөө 30 жашта, дагы бири 73 жашта. Алардын баарына дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп, абалын орто оор деп баалашууда.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17