Аймак

БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИККЕ КАРШЫ КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ

БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИККЕ КАРШЫ КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ

 822 Бардыгы /

БАТКЕН. Өткөн жылдын 18-ноябрында аткезчилик жолдор менен,кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз жүк ташууга бөгөт коюу максатында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жаныбек Жалаловдун буйругу жарыяланып, артынан жумушчу топ түзүлүп, чек аралаш аймактарда көзөмөл абдан күчөтүлгөн.

Аталган буйруктун аткарылышы көзөмөлдөп, аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш аракеттер боюнча атайын кеңешме өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жаныбек Жалалов тийиштүү бардык органдардын отчет-маалыматын тыңдады.  

         Ошентип, зуган жылдын ичинде Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭКККМКнын) Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча Аймактык башкармалыгы тарабынан, аткезчиликке байланышкан 20 факты боюнча  сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, мамлекеттин пайдасына 4 565 578 сом акча каражаты өндүрүлдү. Ал эми Баткен облустук  Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 148 факты аныкталып, Бажы кызматы тарабынан козголгон сотко чейинки өндүрүш иштерден  мамлекеттин пайдасына 5 750 680 сом акча каражаты өндүрүлдү.

Кеңешме соңунда Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жаныбек Жалаловаткезчиликке каршы күрөшүү  иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди такай жүргүзүү, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү ого бетер күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшөн жарандарды аныктоо менен, алардын арасында мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин  жүргүзүүнү күсөтүүнү тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17