Аймак

НАМАНГАНДА МЕТАН ГАЗЫНЫН ТАРТЫШТЫГЫНА НААРАЗЫ АЙДООЧУЛАР АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

НАМАНГАНДА МЕТАН ГАЗЫНЫН ТАРТЫШТЫГЫНА НААРАЗЫ АЙДООЧУЛАР АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

 768 Бардыгы /

13-январда Наманган шаардык акимчилигинин имаратынан алыс эмес аянтта 50дөй айдоочу чогулуп, газ куюу жайларындагы узун кезекке нааразылыгын билдиришти.

“Бизге метан автозаправкаларында газ таңкы саат 5тен күндүзгү 3кө чейин сатыларын айтышкан. Бирок саат 11де эле газ түгөнүп калууда. Бир жолу куйган газым бир күнгө эле жетет. Түнкүсүн кайра кезекке турам. Башка айдоочуларда деле ушундай көрүнүш. Метан газы үчүн күн сайын беш саат кезекте турабыз”, – деди намангандык айдоочулардын бири.

Маалыматка караганда, 13-январдагы нааразылык башаламан өтүп, чогулгандардын бири да айдоочулардын бардык талабын топтоп, бийликке жеткире алган эмес.

Бул арада «Наманганликлар» Telegram каналына түнкүсүн айдоочулар метан газы үчүн бир чакырымга созулган кезекке турганы тартылган видео жарыяланды.

10-январь күнү 68 жаштагы айдоочу газ куюучу жайлардын биринде «Жигули» унаасын түртүп баратып, жерге кулап түшкөн. Ал алган жаратынан ошол жерде мерт болгон.

«​Худудгаз Наманган» ишканасы магистралдык газ түтүктөрүндө басым төмөн болгондуктан, тартыштык жаралып жатканын мойнуна алды.

Былтыр 16-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев газдын экспортун азайтып, калктын керектөөсүн камсыздоону тапшырган.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17