Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ГАЗ МЕНЕН ЭЛЕКТР КУБАТЫНЫН ТАРТЫШТЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ НААРАЗЫЛЫКТАР КҮЧӨДҮ

ӨЗБЕКСТАНДА ГАЗ МЕНЕН ЭЛЕКТР КУБАТЫНЫН ТАРТЫШТЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ НААРАЗЫЛЫКТАР КҮЧӨДҮ

 633 Бардыгы /

Фергана облусунун Алтыарык районунун тургундары газдын берилбей жатканына байланыштуу негизги жолду торошту. 

13-январь күнү жарыяланган видеодо ондогон киши, анын ичинде аялдар автоунаа жолун бууп, газсыз калышканына нааразылыгын билдиришкен.

Окуя болгон жерге аймактык газ башкармалыгынын жетекчилери келип, чогулгандардын талабын аткарууга убада бергенден кийин тургундар тарап кетишкен.

Ферганалык блогер Зафарбек Солижонов Алтыарык районун жашоочулары буга чейин жергиликтүү администрацияга жана газ башкармалыгына кайрылышканын, бирок жыйынтык болбогонун маалымдады.

Алтыарык райондук акимчилиги көп кабаттуу үйлөрдө газдын басымы төмөндөп кеткенин, маселе 13-январда чечилгенин кабарлады.

Акыркы айларда Өзбекстанда нааразы жашоочулар ушуну менен алтынчы жолу автомобиль жолун торошту. Эки күн мурун эле Жизакта жергиликтүү тургундар газ жана электр кубатын берүүнү талап кылып, трассаны бууп алышкан. Акция Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Жизак облусундагы сапарына туш келген.

11-январда Пахтакор районунда да жол торолгон. Ага чейин Бухара, Каракүл, Музрабат райондорунда, Анжиян менен Кокон шаарларында аялдар газ менен электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап жатышына нааразы болуп, трассаларды буушкан.

Өзбекстанда тынч демонстрацияларга тыюу салынган.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17