Аймак

АКШДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАПИТОЛИЙДИН ИМАРАТЫН БАСЫП АЛУУГА КАТЫШУУГА АЙЫПТАЛУУДА

АКШДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАПИТОЛИЙДИН ИМАРАТЫН БАСЫП АЛУУГА КАТЫШУУГА АЙЫПТАЛУУДА

 726 Бардыгы /

Вашингтондун федералдык соту сууда сүзүү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Клит Келлерди Капитолийге чабуул жасоо ишине байланыштуу үч кылмышка айыптады.

АКШнын курама командасынын мурдагы мүчөсү жабык имаратка кирүүгө, Капитолийдин аймагына чабуул жасоого жана жарандык башаламандык учурунда полицияга каршылык көрсөтүүгө айыпталууда.

Суучул окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдөн таанылган. Мындан соң ал соцтармактардагы аккаунттарын, мобилдик байланышын өчүрүп таштаган. CNN анын кармалып-кармалбаганы белгисиз экенин, бирок сот аны кармоого ордер бергенин билдирди.

Келлер – 2000, 2004 жана 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2004-жылы Афинада өткөн оюнда ал өз командасына алтын утуп берген. Дагы бир алтынды Бээжиндеги эстафета учурунда алган. Ушул тапта ал Колорадодо риелтор болуп иштейт.

6-январда АКШ Конгресси жайгашкан Капитолийдин жанында тынч башталган нааразылык жыйыны зомбулук мүнөзгө өтүп, демонстранттар капысынан парламент имаратын басып алышкан. Полиция менен кагылышууда 5 киши набыт кеткен.

Ал арада АКШнын Адилет министрлигинин Улуттук коопсуздук башкармалыгына караштуу террорчулукка каршы күрөш бөлүмү 6-январдагы тополоңго катышкан айрым кишилердин жоруктарын ички террорчулукка байланыштырып иликтей баштады. Шектелгендердин бири – Техастан Ларри Брок, экинчиси – Теннеси штатынан Эрик Мюнчел. Алар Капитолийде тактикалык кийимдер менен сүрөткө түшкөн.

13-январда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. Трамп козголоңго шыкакчы болууга айыпталууда.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17